00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Если разобраться...
Прожиточный минимум +17 сомов, туристический интерес +501%: что за цифрами?
12:09
141 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кандагы коргошундун деңгээлин аныктоочу алгачкы лаборатория ачылат

Кандагы коргошундун деңгээлин аныктоочу алгачкы лаборатория ачылат
Жазылуу
Коноктор
Кубанычбек Алмереков, “ЭКОИС Бишкек” коомдук уюмунун адиси, Коргошундун таасирин азайтуу үчүн Саламатттыкты сактоо системаларын бекемдөө долбоордун улуттук координатору
Кыргызстанда медицина кызматкерлери үчүн коргошундан уулануу боюнча клиникалык колдонмо даярдалды. Бул тууралуу “ЭКОИС Бишкек” коомдук уюмунун адиси, Коргошундун таасирин азайтуу үчүн Саламатттыкты сактоо системаларын бекемдөө долбоордун улуттук координатору Кубанычбек Алмереков билдирди.Анын айтымында, кийинки жылы Кыргызстанда балдардын канындагы коргошундун деңгээлин аныктоо боюнча экинчи ири изилдөө жүргүзүлөт.“2025-жылы Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору мектепке чейинки курактагы балдардын канындагы коргошундун деңгээлин изилдөө жүргүзүлгөн. Кыргызстандагы ар бир бешинчи баланын (21%) канында коргошундун деңгээли жогору, тактап айтканда, 5 мкг/длден ашат. Бул Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштарына ылайык чара көрүүнү талап кылат. Маселе биз кооптонгондой кеңири жайылбаганы кубандырат. Бирок, ошого карап тынчып калууга болбойт. Калк арасында эски, ачык түстөгү боёктор, түркүн түстүү керамика, чопо идиштер жана сапатсыз оюнчуктар кеңири колдонулат. Күнүмдүк турмушта коргошундан жасалган түтүктөр жана башка буюмдар да кездешет. Адамдар бул металлдын коркунучу тууралуу жетиштүү маалыматка ээ болбогондуктан, мындай буюмдарды колдоно беришет. Коргошундун коопсуз деп эсептелген минималдуу дозасы жок. Ал ар кандай концентрацияда коркунучтуу, айрыкча балдар үчүн. Ал балдардын өнүгүүсүнүн артта калышына, акыл-эс жөндөмүнүн төмөндөшүнө, жүрүм-турумундагы өзгөрүүлөргө жана өнөкөт оорулардын пайда болушуна алып келиши мүмкүн. Уулануунун алдын алуу үчүн бир катар чаралар каралган. Алардын катарына колду таза жуу, туура тамактанууну жакшыртуу кирет. Эң маанилүүсү — бала организмине коргошун кайдан түшүп жатканын аныктоо. Анын булагы сөзсүз эле үйдө болбошу мүмкүн. Ал бала бакчада, мектепте же башка жерде болушу ыктымал. Атүгүл көчөдөгү чаң да коргошундун канга өтүшүнө себеп болот. Биз коргошундун деңгээли өтө жогору болгон учурда баланы ооруканага жаткыруу зарылдыгын аныктоого жардам берген модулдарды жана атайын сунуштарды иштеп чыктык”, — деди Алмереков.Адис жыл аягына чейин Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунда кандагы коргошундун деңгээлин аныктоочу алгачкы лаборатория ачыларын кошумчалады.Белгилей кетсек, 18–24-октябрь күндөрү коргошундан уулануунун алдын алуу боюнча эл аралык жумалык өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0