https://sputnik.kg/20261019/1104371781.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов унааны эвакуациялоо жана аны айып короодо кармоо эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса... 19.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-19T08:59+0600
2026-10-19T08:59+0600
2026-10-19T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/13/1104371615_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6828ed8bc3f66f46508429a483aa6d72.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов унааны эвакуациялоо жана аны айып короодо кармоо эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, айдоочулар үчүн бир катар жеңилдиктер пайда болот. Эл өкүлү автоунааны белгилүү бир эреже бузуу үчүн эвакуациялап кетишсе "мурда төлөнбөгөн башка айыптары бар" деген негиз менен бербей коюуга тыюу салууну сунуштоодо. Башкача айтканда, эски айыптарды төлөө милдети сакталат, бирок аларды төлөтүү максатында гана унааны айып короодо кармап туруу мыйзамсыз деп табылышы мүмкүн. Мыйзам долбоору кабыл алынса, айдоочулар унаа качан кандай негизде эвакуацияланганы жана кайсы айып короодо турганы тууралуу толук маалымат алуу; мажбурлап эвакуациялоо учуру тартылган сүрөт жана видеоматериалдарды талап кылуу; эгер эвакуациялоо же унааны кармоо учурунда зыян келтирилгени байкалса, унааны айып короодон чыгарып жатканда аны милдеттүү түрдө кароодон өткөрүүнү талап кылуу укугуна ээ болот. Бул демилге айдоочулардын укугун коргоп, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга жана убакытты үнөмдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленген.
Ош калаасындагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон транспорттук түйүндүн курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор С. Жусуев, Курманжан датка, Т. Касымбеков жана Б. Осмонов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Достук" айлампасында ишке ашырылат. Курулуштун алкагында жол түйүнү, төрт пандус, сегиз тепкич, жер алдындагы өтмөк жана айланма жолдор курулат. Жалпы аянты 6 603 чарчы метрди түзүп, жергиликтүү бюджеттен каржыланат. "Бул эң мыкты долбоорлорубуздун бири болот. 1-майга бүтүрүү талабын коюп жатам, бирок шашып, сапатсыз куруп салбашыбыз керек", — деди иш-чарага катышкан Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев./
Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер акы төлөп медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн Check-up медициналык текшерүүсү боюнча пилоттук долбоор башталды. Текшерүүнүн баасы 2 029 сомдон 3 886 сомго чейин. Кызматкерлер текшерүү пакетин өздөрү тандап, акысын төлөшөт. Долбоор 2026-жылдын 31-декабрына чейин уланат. Анын максаты — өнөкөт ооруларды эрте аныктоо жана аларды алдын алуу. Текшерүүдөн өтүү үчүн Бишкектеги №6 Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылуу керек.
Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов унааны эвакуациялоо жана аны айып короодо кармоо эрежелерин өзгөртүүнү сунуштады. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, айдоочулар үчүн бир катар жеңилдиктер пайда болот. Эл өкүлү автоунааны белгилүү бир эреже бузуу үчүн эвакуациялап кетишсе "мурда төлөнбөгөн башка айыптары бар" деген негиз менен бербей коюуга тыюу салууну сунуштоодо. Башкача айтканда, эски айыптарды төлөө милдети сакталат, бирок аларды төлөтүү максатында гана унааны айып короодо кармап туруу мыйзамсыз деп табылышы мүмкүн. Мыйзам долбоору кабыл алынса, айдоочулар унаа качан кандай негизде эвакуацияланганы жана кайсы айып короодо турганы тууралуу толук маалымат алуу; мажбурлап эвакуациялоо учуру тартылган сүрөт жана видеоматериалдарды талап кылуу; эгер эвакуациялоо же унааны кармоо учурунда зыян келтирилгени байкалса, унааны айып короодон чыгарып жатканда аны милдеттүү түрдө кароодон өткөрүүнү талап кылуу укугуна ээ болот. Бул демилге айдоочулардын укугун коргоп, бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга жана убакытты үнөмдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленген.Ош калаасындагы ири инфраструктуралык долбоорлордун бири болгон транспорттук түйүндүн курулушу башталды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, долбоор С. Жусуев, Курманжан датка, Т. Касымбеков жана Б. Осмонов көчөлөрүнүн кесилишиндеги "Достук" айлампасында ишке ашырылат. Курулуштун алкагында жол түйүнү, төрт пандус, сегиз тепкич, жер алдындагы өтмөк жана айланма жолдор курулат. Жалпы аянты 6 603 чарчы метрди түзүп, жергиликтүү бюджеттен каржыланат. "Бул эң мыкты долбоорлорубуздун бири болот. 1-майга бүтүрүү талабын коюп жатам, бирок шашып, сапатсыз куруп салбашыбыз керек", — деди иш-чарага катышкан Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев./Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер акы төлөп медициналык текшерүүдөн өтүшөт. Бишкекте мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн Check-up медициналык текшерүүсү боюнча пилоттук долбоор башталды. Текшерүүнүн баасы 2 029 сомдон 3 886 сомго чейин. Кызматкерлер текшерүү пакетин өздөрү тандап, акысын төлөшөт. Долбоор 2026-жылдын 31-декабрына чейин уланат. Анын максаты — өнөкөт ооруларды эрте аныктоо жана аларды алдын алуу. Текшерүүдөн өтүү үчүн Бишкектеги №6 Үй-бүлөлүк медицина борборуна кайрылуу керек.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/13/1104371615_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7a5aaedb7407f897349f396caafdb3bb.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио