Кыргызстанда кызыл китеп жоюлду. Жерге болгон менчик укугу эми кантип тастыкталат?
15:04 20.10.2026 (Жаңыртылды: 11:21 21.10.2026)

© Sputnik / Асел Сыдыкова
Жазылуу
Жерге болгон менчик укугун тастыктаган кызыл китептин ордуна QR-коду бар кадастрдык план берилет. Анын ичинде абдан көп маалыматтар жайгаштырылат. Бул тууралуу “Ачык кеп” программасында министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек филиалынын директорунун орун басары Белек Кутманов билдирди.
Анын айтымында, кадастрдык план — жер тилкесине же башка кыймылсыз мүлккө берилүүчү негизги документ. Башкача айтканда, ал жердин паспорту болуп эсептелет.
Кыргызстанда кызыл китеп жоюлду. Жерге болгон менчик укугу эми кантип тастыкталат?
“2025-жылы жаңы Жер кодекси кабыл алынгандан кийин “кызыл китеп” же “жашыл китеп” деген түшүнүктөр мыйзамдарда каралбай калды. Эми анын ордуна кадастрдык план колдонулат. Бул өзгөрүү жеке менчик укугун бузбайт жана жер тилкесине болгон менчик укугу анын ээсинде сакталып кала берет. Кадастрдык план жеке жана юридикалык жактардын баарына берилет. Ал аркылуу жер тилкесинин номери, жердин категориясы, максаттуу багыты, аянты, жайгашкан жери, жер тилкесинин картасы жана координаттары, жер тилкесине байланыштуу укуктар жана чектөөлөр, менчик ээси жана буга чейин жүргүзүлгөн бүтүмдөр тууралуу толук маалымат алууга болот. Документти алуу үчүн жеке жана юридикалык жактар Жер агенттигинин жергиликтүү каттоо органдарына арыз менен кайрылышы керек. Кадастрдык план даярдалып, электрондук базага киргизилгенден кийин аны “Түндүк” тиркемесинен да көрүүгө болот ”, — деди Кутманов.
Адис эски үлгүдөгү укукту күбөлөндүрүүчү документтери бар жер ээлерине аларды атайын барып алмаштыруунун кереги жок экенин кошумчалады.