https://sputnik.kg/20261020/1104397031.html
Эндокринолог: туура тамактануу үй-бүлөдөн башталат
Эндокринолог: туура тамактануу үй-бүлөдөн башталат
Sputnik Кыргызстан
Врач -эндокринолог Айсулуу Стамкулова туура тамактануу — ден соолукту сактоонун негизги шарттарынын бири экенин айтты. Адамдын күнүмдүк рациону кандай болушу... 20.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-20T11:04+0600
2026-10-20T11:04+0600
2026-10-20T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/14/1104396861_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_b50a58ed18ba8fc0ed833a176661e383.jpg
Эндокринолог: туура тамактануу үй-бүлөдөн башталат
Sputnik Кыргызстан
Врач -эндокринолог Айсулуу Стамкулова туура тамактануу — ден соолукту сактоонун негизги шарттарынын бири экенин айтты. Адамдын күнүмдүк рациону кандай болушу керек, организмге канча өлчөмдө белок керектелет жана туура эмес тамактануу кандай кесепеттерге алып келери тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында маектештик.
Анын айтымында, белок организмдеги клеткалардын түзүлүшү, булчуңдардын өсүшү жана калыбына келиши үчүн маанилүү. Анын суткалык керектелүүчү өлчөмү адамдын жашына, дене салмагына, физикалык активдүүлүгүнө жана ден соолугунун абалына жараша өзгөрөт.
“Туура тамактануу үй-бүлөдөн башталат. Бала кичинесинен туура эмес тамактанууга көнө турган болсо, кийин туура тамактанууга өтүүдө организм кадимкидей стресс алып, кабыл албай кыйналат. Демек организмдин табити да ошого көнүп калат. Ошондуктан балдарды кичинесинен жер-жемишке, кайнатылган же бууда бышкан азыктарга көндүрүп, тез татымдардан алыс тамактандыруу зарыл. Негизи тамактанууда рационду белок, клетчаткалар менен толуктоо керек. Туура эмес тамактануунун кесепеттери, кантты жана майлуу азыктарды ашыкча колдонуунун организмге тийгизген таасири, витаминдер менен минералдардын жетишсиздиги бир катар ооруларды шартташы мүмкүн. Ошол эле учурда туура тамактанууда ар бир адам өзүнүн ден соолугуна карашы керек. Айрымдар өнөкөт ооруларына каршы келген азыктарды жебей, дарыгер менен кеңешип да алганы жакшы. Туура эмес тамактануу ашыкча салмакка, зат алмашуунун бузулушуна жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучунун жогорулашына алып келет”, — деди Стамкулова.
Ал өтө кыска убакыттын ичинде арыктоо ден соолукка зыян экенин белгилеп, арыктоодо булчуң массасын сактап, негизинен организмдеги ашыкча майды азайтууга көңүл буруу керектигин кошумчалады.
Врач -эндокринолог Айсулуу Стамкулова туура тамактануу — ден соолукту сактоонун негизги шарттарынын бири экенин айтты. Адамдын күнүмдүк рациону кандай болушу керек, организмге канча өлчөмдө белок керектелет жана туура эмес тамактануу кандай кесепеттерге алып келери тууралуу “Спутниктен сүйлөйбүз” программасында маектештик.Анын айтымында, белок организмдеги клеткалардын түзүлүшү, булчуңдардын өсүшү жана калыбына келиши үчүн маанилүү. Анын суткалык керектелүүчү өлчөмү адамдын жашына, дене салмагына, физикалык активдүүлүгүнө жана ден соолугунун абалына жараша өзгөрөт.“Туура тамактануу үй-бүлөдөн башталат. Бала кичинесинен туура эмес тамактанууга көнө турган болсо, кийин туура тамактанууга өтүүдө организм кадимкидей стресс алып, кабыл албай кыйналат. Демек организмдин табити да ошого көнүп калат. Ошондуктан балдарды кичинесинен жер-жемишке, кайнатылган же бууда бышкан азыктарга көндүрүп, тез татымдардан алыс тамактандыруу зарыл. Негизи тамактанууда рационду белок, клетчаткалар менен толуктоо керек. Туура эмес тамактануунун кесепеттери, кантты жана майлуу азыктарды ашыкча колдонуунун организмге тийгизген таасири, витаминдер менен минералдардын жетишсиздиги бир катар ооруларды шартташы мүмкүн. Ошол эле учурда туура тамактанууда ар бир адам өзүнүн ден соолугуна карашы керек. Айрымдар өнөкөт ооруларына каршы келген азыктарды жебей, дарыгер менен кеңешип да алганы жакшы. Туура эмес тамактануу ашыкча салмакка, зат алмашуунун бузулушуна жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучунун жогорулашына алып келет”, — деди Стамкулова.Ал өтө кыска убакыттын ичинде арыктоо ден соолукка зыян экенин белгилеп, арыктоодо булчуң массасын сактап, негизинен организмдеги ашыкча майды азайтууга көңүл буруу керектигин кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/14/1104396861_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_1ccfe962bbf38858c09dfe5d727f9424.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Эндокринолог: туура тамактануу үй-бүлөдөн башталат
11:04 20.10.2026 (Жаңыртылды: 11:16 20.10.2026) Коноктор
Айсулуу Стамкулова, врач-эндокринолог