https://sputnik.kg/20261019/1104388240.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио санкциялык саясат, визалык чектөөлөр жана эки тараптуу экономикалык... 19.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-19T19:00+0600
2026-10-19T19:00+0600
2026-10-19T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/13/1104388074_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_12b1066c5b46352080d21353b7e513d2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио санкциялык саясат, визалык чектөөлөр жана эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулашты.ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар Самарканд шаарында "Борбордук Азия – АКШ" форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында кездешкен.Тараптар саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана Кыргызстанга америкалык инвестиция менен технологияларды тартуу маселелерине көңүл бурушту.Кулубаев тоо-кен казып алуу, энергетика, маалыматтык технологиялар, транспорт жана финансы тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. Жолугушууда АКШнын санкциялык саясаты жана визалык чектөөлөр да талкууланды. Кыргыз тарап санкциялык талаптарды сактоо боюнча америкалык өнөктөштөр менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин билдирип, гуманитардык, билим берүү жана ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө шарт түзгөн чечимдерди табууга кызыкдар экенин белгиледи.Мындан тышкары, Кыргызстан 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары иш алып бара тургандыгына байланыштуу уюмдун алкагындагы кызматташуунун келечеги талкууланды.
Фермерлерге продукциясын ортомчусуз сатууга шарт түзгөн "Агрологистика" долбоору даярдалууда. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Рысгүл Акимжанова билдирди.Анын айтымында, долбоордун алкагында фермерлер продукциясын базарларга жана соода түйүндөрүнө түз жеткирип, ортомчулардан көз карандылыгы азаят.Акимжанова фермерлер менен ишкерлердин унааларды оңой сатып алуусу үчүн каржы механизмдери кирерин белгиледи. Бул боюнча унаа чыгаргандар жана импорттоочулар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө."Максат — ортомчуларды жок кылуу эмес. Фермерлерге продукциясын өздөрү ташып, өздөрү сатууга мүмкүнчүлүк түзүү. Натыйжада алардын кирешеси көбөйүп, керектөөчүлөр үчүн баа жеткиликтүү болот", — деди аткаминер.
Батир, үй, жер тилке жана башка кыймылсыз мүлктү документ таризделген күндөн тартып 30 күндүн ичинде каттоо сунушталууда. Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.Документке ылайык, эгер мөөнөт кечиктирилсе, ар бир күн үчүн туум төлөө каралган. Анын өлчөмүн жана төлөө тартибин өкмөт аныктайт.Долбоордо кыймылсыз мүлк реестрге киргизилгенден кийин гана юридикалык күчкө ээ болору айтылат. Ага чейин мүлккө болгон укук жараксыз.Ошондой эле талаш мүлктү соттун чечими күчүнө киргенге чейин сатууга же башка бүтүм түзүүгө тыюу салуу сунушталууда.
Кыргызстанда чет өлкөлүк инвестиция менен иштеген 6,1 миңден ашуун ишкана бар. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, төрт жылда алардын саны эки эсе өскөн.Мындай компаниялардын 7%ы Түркияга, 11%ы Казакстанга, ал эми 20%ы Кытайга туура келет.Анын ичинде ЕАЭБ мүчөсү Россия лидерлик кылат. Бул өлкөгө ишканалардын үчтөн бир бөлүгү, тактап айтканда, 2 158 ишкана туура келет.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио санкциялык саясат, визалык чектөөлөр жана эки тараптуу экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулашты.ТИМдин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар Самарканд шаарында "Борбордук Азия – АКШ" форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында кездешкен.Тараптар саясий диалогду бекемдөө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана Кыргызстанга америкалык инвестиция менен технологияларды тартуу маселелерине көңүл бурушту.Кулубаев тоо-кен казып алуу, энергетика, маалыматтык технологиялар, транспорт жана финансы тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи. Жолугушууда АКШнын санкциялык саясаты жана визалык чектөөлөр да талкууланды. Кыргыз тарап санкциялык талаптарды сактоо боюнча америкалык өнөктөштөр менен конструктивдүү диалогду улантууга даяр экенин билдирип, гуманитардык, билим берүү жана ишкердик байланыштарды кеңейтүүгө шарт түзгөн чечимдерди табууга кызыкдар экенин белгиледи.Мындан тышкары, Кыргызстан 2027–2028-жылдары БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары иш алып бара тургандыгына байланыштуу уюмдун алкагындагы кызматташуунун келечеги талкууланды.Фермерлерге продукциясын ортомчусуз сатууга шарт түзгөн "Агрологистика" долбоору даярдалууда. Бул тууралуу айыл чарба министринин орун басары Рысгүл Акимжанова билдирди.Анын айтымында, долбоордун алкагында фермерлер продукциясын базарларга жана соода түйүндөрүнө түз жеткирип, ортомчулардан көз карандылыгы азаят.Акимжанова фермерлер менен ишкерлердин унааларды оңой сатып алуусу үчүн каржы механизмдери кирерин белгиледи. Бул боюнча унаа чыгаргандар жана импорттоочулар менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө."Максат — ортомчуларды жок кылуу эмес. Фермерлерге продукциясын өздөрү ташып, өздөрү сатууга мүмкүнчүлүк түзүү. Натыйжада алардын кирешеси көбөйүп, керектөөчүлөр үчүн баа жеткиликтүү болот", — деди аткаминер.Батир, үй, жер тилке жана башка кыймылсыз мүлктү документ таризделген күндөн тартып 30 күндүн ичинде каттоо сунушталууда. Министрлер кабинети демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.Документке ылайык, эгер мөөнөт кечиктирилсе, ар бир күн үчүн туум төлөө каралган. Анын өлчөмүн жана төлөө тартибин өкмөт аныктайт.Долбоордо кыймылсыз мүлк реестрге киргизилгенден кийин гана юридикалык күчкө ээ болору айтылат. Ага чейин мүлккө болгон укук жараксыз.Ошондой эле талаш мүлктү соттун чечими күчүнө киргенге чейин сатууга же башка бүтүм түзүүгө тыюу салуу сунушталууда.Кыргызстанда чет өлкөлүк инвестиция менен иштеген 6,1 миңден ашуун ишкана бар. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, төрт жылда алардын саны эки эсе өскөн.Мындай компаниялардын 7%ы Түркияга, 11%ы Казакстанга, ал эми 20%ы Кытайга туура келет.Анын ичинде ЕАЭБ мүчөсү Россия лидерлик кылат. Бул өлкөгө ишканалардын үчтөн бир бөлүгү, тактап айтканда, 2 158 ишкана туура келет.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/13/1104388074_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8b60f86e4530ec1ffe48d56556298fec.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио