https://sputnik.kg/20261020/1104414235.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Улан Маматканов Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү ЕАЭБ өлкөлөрү Армениянын уюмга мүчөлүгүн токтотуп кое алышатЕЭК Кыргызстандын айыл... 20.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-20T19:00+0600
2026-10-20T19:00+0600
2026-10-20T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/14/1104414068_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_55443fa5464c9bfd35458121c61af486.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Улан Маматканов Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү ЕАЭБ өлкөлөрү Армениянын уюмга мүчөлүгүн токтотуп кое алышатЕЭК Кыргызстандын айыл чарба жана өндүрүш демилгелерин колдоого даяр
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча коллегия мүчөсү Гоар Барсегяндын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү багыттында ЕЭК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер сүйлөшүлүп, өзгөчө өнөр жай жана агроөнөр жай тармактарын өнүктүрүү, өндүрүш кооперацияларын чыңдоо маселелери каралды. Эрлист Акунбеков ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн ЕАЭБ алкагында кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Гоар Барсегян өз кезегинде Кыргызстандын өндүрүш секторун жана агрардык экономикасын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин колдоого ЕЭК даяр экенин билдирди.
Евразия экономикалык биримдиги кыймылдаткыч катары иштеп, Россияга да, Кыргызстанга да өнүгүүгө жардам берип жатат. Бул тууралуу "Евразия" коммерциялык эмес уюмунун төрайымы Алена Аршинова билдирди. Ал эки өлкөнүн президенттери стратегиялык өнөктөштүк, анын ичинде ЕАЭБдин алкагында өнүгүш үчүн арбын иштерди жасап жатышканын белгиледи. "Бүгүн дүйнөлүк экономика басаңдап жаткан чакта Россия менен Кыргызстан өнүгүүдө. ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүнүн аркасында Кыргызстан азыркы тапта эң тез өнүгүп жаткан экономикалардын бири болуп саналат", — деди ал Нарын шаарындагы Орус тили жана маданияты боюнча евразиялык борбордун ачылыш аземинен кийин.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, профилдик мекемелердин жетекчилери жана ата мекендик киноиндустриянын ишмерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 9 айында кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, кеңештин мурунку жыйынынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү каралды. Өзгөчө көңүл ата мекендик анимацияны, дубляжды жана улуттук балдар контентин өндүрүүнү мамлекеттик колдоо маселелерине, ошондой эле улуттук кинематографияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого бурулду.
Армения Евробиримдикке кошулуу багытында мыйзам кабыл алганы үчүн ЕАЭБдин башка өлкөлөрү аны биримдиктен убактылуу чыгаруу маселесин карап жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, Россия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандын Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү Армениянын ЕАЭБге мүчөлүгүн убактылуу токтотсо кандай кесепеттер болорун изилдеп чыгып, баяндама сунушташты. Документте айтылгандай, Армениянын Евробиримдикке кошулуу боюнча мыйзам кабыл алышы ЕАЭБдин эрежелерине каршы келет. Ошондуктан эл аралык мыйзамдарга таянып, биримдикке мүчө башка өлкөлөр Армениянын катышуусун убактылуу токтото турууга толук укуктуу. ЕАЭБге учурда Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Армения мүчө. Биримдиктен өз каалоосу менен бир жыл мурун эскертип чыгып кетүүгө болот, ал эми эрежелерди же келишимдерди орой бузган учурда башка өлкөлөр биргелешип мүчөлүктү убактылуу токтото алат.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 98 сом 13 тыйынга юань 13 сом 9 тыйынга рубль 1 сом 5 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылууда
Аба ырайы21-октябрга караган түнү Ысык-Көлдүн, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шаршемби күнү айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл облусунда +12...+17, Нарын регионунда +11...+16, градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +16...+17, Ош шаарында +21...+23 градуска көтөрүлөт.
Улан Маматканов Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү ЕАЭБ өлкөлөрү Армениянын уюмга мүчөлүгүн токтотуп кое алышатЕЭК Кыргызстандын айыл чарба жана өндүрүш демилгелерин колдоого даярМинистрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков менен Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча коллегия мүчөсү Гоар Барсегяндын жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү багыттында ЕЭК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер сүйлөшүлүп, өзгөчө өнөр жай жана агроөнөр жай тармактарын өнүктүрүү, өндүрүш кооперацияларын чыңдоо маселелери каралды. Эрлист Акунбеков ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү үчүн ЕАЭБ алкагында кызматташуунун маанилүүлүгүнө токтолду. Гоар Барсегян өз кезегинде Кыргызстандын өндүрүш секторун жана агрардык экономикасын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерин колдоого ЕЭК даяр экенин билдирди. Евразия экономикалык биримдиги кыймылдаткыч катары иштеп, Россияга да, Кыргызстанга да өнүгүүгө жардам берип жатат. Бул тууралуу "Евразия" коммерциялык эмес уюмунун төрайымы Алена Аршинова билдирди. Ал эки өлкөнүн президенттери стратегиялык өнөктөштүк, анын ичинде ЕАЭБдин алкагында өнүгүш үчүн арбын иштерди жасап жатышканын белгиледи. "Бүгүн дүйнөлүк экономика басаңдап жаткан чакта Россия менен Кыргызстан өнүгүүдө. ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүнүн аркасында Кыргызстан азыркы тапта эң тез өнүгүп жаткан экономикалардын бири болуп саналат", — деди ал Нарын шаарындагы Орус тили жана маданияты боюнча евразиялык борбордун ачылыш аземинен кийин.Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Улуттук кинематография кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйынга мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, профилдик мекемелердин жетекчилери жана ата мекендик киноиндустриянын ишмерлери катышты. Жыйындын жүрүшүндө 2026-жылдын 9 айында кинематография тармагындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жыйынтыктары чыгарылып, кеңештин мурунку жыйынынын чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү каралды. Өзгөчө көңүл ата мекендик анимацияны, дубляжды жана улуттук балдар контентин өндүрүүнү мамлекеттик колдоо маселелерине, ошондой эле улуттук кинематографияны өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого бурулду. Армения Евробиримдикке кошулуу багытында мыйзам кабыл алганы үчүн ЕАЭБдин башка өлкөлөрү аны биримдиктен убактылуу чыгаруу маселесин карап жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Маалыматка караганда, Россия, Беларусь, Казакстан жана Кыргызстандын Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин мүчөлөрү Армениянын ЕАЭБге мүчөлүгүн убактылуу токтотсо кандай кесепеттер болорун изилдеп чыгып, баяндама сунушташты. Документте айтылгандай, Армениянын Евробиримдикке кошулуу боюнча мыйзам кабыл алышы ЕАЭБдин эрежелерине каршы келет. Ошондуктан эл аралык мыйзамдарга таянып, биримдикке мүчө башка өлкөлөр Армениянын катышуусун убактылуу токтото турууга толук укуктуу. ЕАЭБге учурда Россия, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Армения мүчө. Биримдиктен өз каалоосу менен бир жыл мурун эскертип чыгып кетүүгө болот, ал эми эрежелерди же келишимдерди орой бузган учурда башка өлкөлөр биргелешип мүчөлүктү убактылуу токтото алат.ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 98 сом 13 тыйынга юань 13 сом 9 тыйынга рубль 1 сом 5 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 87 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындан сатылуудаАба ырайы21-октябрга караган түнү Ысык-Көлдүн, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Шаршемби күнү айрым жерлерде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө +12...+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл облусунда +12...+17, Нарын регионунда +11...+16, градус ысыйт. Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +16...+17, Ош шаарында +21...+23 градуска көтөрүлөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/14/1104414068_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_583f60269324ced255b8651010cd6976.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио