https://sputnik.kg/20261020/1104410288.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Нарында Орус тили жана маданияты борбору ачылдыМишустин ШКУнун дараметин болушунча арттырып, мүмкүнчүлүгүн колдонуу зарыл экенин айттыУКМК менен ИИМ 1,5 миңдей... 20.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-20T17:00+0600
2026-10-20T17:00+0600
2026-10-20T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/14/1104410122_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_6adf26c5f611fc721050ec1fb2477685.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Нарында Орус тили жана маданияты борбору ачылдыМишустин ШКУнун дараметин болушунча арттырып, мүмкүнчүлүгүн колдонуу зарыл экенин айттыУКМК менен ИИМ 1,5 миңдей чет өлкөлүк мигрантка 13 млн. сомдон ашуун айып салды
Кыргызстанда миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоо жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, атайын кызмат ИИМ менен 1-10-октябрь күндөрү "Нелегал" деп аталган рейд өткөрүп, чет өлкөлүк жумушчуларды ишке тартуу эрежелерин бузган тараптарга 75 протокол түзүлүп, 3 миллион сомдой айып салынган. Мындан тышкары, миграциялык мыйзамдарды бузган 1,5 миңдей чет өлкөлүккө 10 миллион 480 миң сом айып жазылганы айтылды.
Нарын шаарында Орус тили жана маданияты борбору ачылды, бул Кыргызстан боюнча экинчи борбор экенин "Евразия" коммерциялык эмес уюму маалымдады. Иш-чарага Россия Мамдумасынын депутаты, "Евразия" уюмунун төрайымы Алена Аршинова жана белгилүү ырчы Пелагея атайын келишти. Жаңы ачылган борбордун бет ачарында Аршинова Кыргызстанда орус тили борборлоруна болгон суроо-талап абдан жогору экенин белгиледи."Биздин эң негизги байлыгыбыз — ата-бабалардан калган каада-салт, тарых жана баалуулуктар. Маданиятыбыз, кыргыз жана орус тилдерибиз бири-бирибизди түшүнүп, достугубузду бекемдөөгө жардам берет", — деди Аршинова. Ал эми бул саамалыктын көркүн ачкан белгилүү ырчы Пелагея Нарындагы борбор жөн гана тил үйрөтүүчү жай эмес деген оюн айтты. "Биз бүгүн жөн гана борбор эмес, улуу маданият менен тааныша турган жай ачып жатабыз. Россия менен Кыргызстанды жалпы көп кылымдык тарых байланыштырат, ал эми орус тили бул байланыштардын өмүр сүрүшүнө көмөктөшөт", — деди Пелагея.
Кыргызстанга баңгизат ташуу багыттары өзгөрүп, өлкөгө синтетикалык каражаттар Россия менен Казакстандан да келе баштады. Ал эми Афганстандан чыккан баңгизат Борбор Азия аркылуу транзит менен ташылууда. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Марсел Дөөталиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн иш-чарада билдирди. Анын айтымында, мурда маңзат ташуудагы негизги коркунуч өлкөнүн түштүк аймактарында болсо, азыр түндүк багыты да маанилүү болуп калды. Дөөталиевдин айтымында, синтетикалык баңгизаттар кир жуучу каражаттардын, май жана курулуш материалдарынын арасына жашырылат. Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн бажы кызматтары менен биргеликте ири партиялар аныкталып, Өзбекстан менен Россияга жеткирүү каналдары бөгөттөлгөн. Афганстан өлкөдөгү наркокырдаалга таасир эткен негизги факторлордун бири бойдон калып, тогуз айда Кыргызстанда 337 килограмм гашиш алынганы кошумчаланды.
РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин көп уюлдуу дүйнө тартибин түптөөгө эбейгесиз салымын кошуп жаткан мамлекеттер аралык түзүм — ШКУнун дараметин болушунча арттыруу зарылдыгын айтты. Бул маселеге ал Тажикстандын борборунда өтүп жаткан КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитинде токтолду. Мишустин улуттук экономиканы бекемдеп жана элдин жашоосун жакшыртуу үчүн өнөктөштүк берген арткычылыктардын мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбай колдонуп калуу керектигин да айтты. "2025-жылы Россиянын ШКУ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 30 триллион рублге жетти. Быйылкы жылдын биринчи жарымында дагы 18 пайызга өстү. Эсептешүүлөрдүн арбыны улуттук валютада жүргүзүлүүдө. Бул экономикалык ишмердикти кеңейтүүгө жана бардык тармактарда пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтөт", — деди Мишустин.
Нарында Орус тили жана маданияты борбору ачылдыМишустин ШКУнун дараметин болушунча арттырып, мүмкүнчүлүгүн колдонуу зарыл экенин айттыУКМК менен ИИМ 1,5 миңдей чет өлкөлүк мигрантка 13 млн. сомдон ашуун айып салдыКыргызстанда миграциялык мыйзамдардын бузулушун аныктоо жана чет өлкөлүк жарандардын мыйзамсыз эмгек ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Ага ылайык, атайын кызмат ИИМ менен 1-10-октябрь күндөрү "Нелегал" деп аталган рейд өткөрүп, чет өлкөлүк жумушчуларды ишке тартуу эрежелерин бузган тараптарга 75 протокол түзүлүп, 3 миллион сомдой айып салынган. Мындан тышкары, миграциялык мыйзамдарды бузган 1,5 миңдей чет өлкөлүккө 10 миллион 480 миң сом айып жазылганы айтылды. Нарын шаарында Орус тили жана маданияты борбору ачылды, бул Кыргызстан боюнча экинчи борбор экенин "Евразия" коммерциялык эмес уюму маалымдады. Иш-чарага Россия Мамдумасынын депутаты, "Евразия" уюмунун төрайымы Алена Аршинова жана белгилүү ырчы Пелагея атайын келишти. Жаңы ачылган борбордун бет ачарында Аршинова Кыргызстанда орус тили борборлоруна болгон суроо-талап абдан жогору экенин белгиледи."Биздин эң негизги байлыгыбыз — ата-бабалардан калган каада-салт, тарых жана баалуулуктар. Маданиятыбыз, кыргыз жана орус тилдерибиз бири-бирибизди түшүнүп, достугубузду бекемдөөгө жардам берет", — деди Аршинова. Ал эми бул саамалыктын көркүн ачкан белгилүү ырчы Пелагея Нарындагы борбор жөн гана тил үйрөтүүчү жай эмес деген оюн айтты. "Биз бүгүн жөн гана борбор эмес, улуу маданият менен тааныша турган жай ачып жатабыз. Россия менен Кыргызстанды жалпы көп кылымдык тарых байланыштырат, ал эми орус тили бул байланыштардын өмүр сүрүшүнө көмөктөшөт", — деди Пелагея. Кыргызстанга баңгизат ташуу багыттары өзгөрүп, өлкөгө синтетикалык каражаттар Россия менен Казакстандан да келе баштады. Ал эми Афганстандан чыккан баңгизат Борбор Азия аркылуу транзит менен ташылууда. Бул тууралуу Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Марсел Дөөталиев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн иш-чарада билдирди. Анын айтымында, мурда маңзат ташуудагы негизги коркунуч өлкөнүн түштүк аймактарында болсо, азыр түндүк багыты да маанилүү болуп калды. Дөөталиевдин айтымында, синтетикалык баңгизаттар кир жуучу каражаттардын, май жана курулуш материалдарынын арасына жашырылат. Кыргызстандын жана башка өлкөлөрдүн бажы кызматтары менен биргеликте ири партиялар аныкталып, Өзбекстан менен Россияга жеткирүү каналдары бөгөттөлгөн. Афганстан өлкөдөгү наркокырдаалга таасир эткен негизги факторлордун бири бойдон калып, тогуз айда Кыргызстанда 337 килограмм гашиш алынганы кошумчаланды.РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин көп уюлдуу дүйнө тартибин түптөөгө эбейгесиз салымын кошуп жаткан мамлекеттер аралык түзүм — ШКУнун дараметин болушунча арттыруу зарылдыгын айтты. Бул маселеге ал Тажикстандын борборунда өтүп жаткан КМШга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын саммитинде токтолду. Мишустин улуттук экономиканы бекемдеп жана элдин жашоосун жакшыртуу үчүн өнөктөштүк берген арткычылыктардын мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбай колдонуп калуу керектигин да айтты. "2025-жылы Россиянын ШКУ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү 30 триллион рублге жетти. Быйылкы жылдын биринчи жарымында дагы 18 пайызга өстү. Эсептешүүлөрдүн арбыны улуттук валютада жүргүзүлүүдө. Бул экономикалык ишмердикти кеңейтүүгө жана бардык тармактарда пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга мүмкүнчүлүк бар экенин көрсөтөт", — деди Мишустин.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/14/1104410122_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_df5a20c75c184170458aca4a47d043f2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио