https://sputnik.kg/20211119/kyrgyzstan-mikrokredit-alandardyn-sany-azajdy-1054648097.html
Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны азайды
Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны азайды
Sputnik Кыргызстан
Мурда чакан кредиттер көбүнесе айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү үчүн алынса, азыр көбүнчө керектөөчүлүк багытында алына баштады. 19.11.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-11-19T08:53+0600
2021-11-19T08:53+0600
2021-12-15T23:00+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
статистика
кредит
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/17/1050869591_0:32:3068:1758_1920x0_80_0_0_67dd4d82a5079e130906e0d03fab7d45.jpg
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жыл башынан бери Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 10 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.Микрокредиттердин эң көп көлөмү Ош (берилген чакан насыялардын жалпы көлөмүнүн 22,4 пайызы) шаарынын тургундарына берилди. Андан кийинки орундарда Бишкек шаары (17,8 пайыз), Чүй (14,2 пайыз) жана Жалал-Абад (14 пайыз) облустары турат.Ал эми кайсы багыттарга жумшалганына токтолсок, биринчи орунда 36 пайыз менен керектөөчүлүк насыясы чыккан. Экинчи орунга мурда лидер болуп келген айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү үчүн алынган кредиттер илинди (30 пайыз). Үчүнчү орунда 10 пайыз менен соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсү турат.
https://sputnik.kg/20211111/rossiyalyk-borbor-kyrgyz-ishkerlerine-kredit-beruunu-karap-zhatat-1054558614.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0c/17/1050869591_168:0:2899:2048_1920x0_80_0_0_d6c5c3651147a64374a9ab3dfaec50f7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, статистика, кредит
жаңылыктар, коом, кыргызстан, статистика, кредит
Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны азайды
08:53 19.11.2021 (Жаңыртылды: 23:00 15.12.2021) Мурда чакан кредиттер көбүнесе айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү үчүн алынса, азыр көбүнчө керектөөчүлүк багытында алына баштады.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Жыл башынан бери Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны 10 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
"2021-жылдын январь-сентябрь айларында микрокредит берүүчү уюмдар тарабынан дээрлик 490 миң адамга 27,4 миллиард сом насыя берилген. Бул мурдагы жылдын ушул учуруна салыштырмалуу алгандардын саны 10 пайызга кыскарып, бирок берилген каражаттын көлөмү 17 пайызга көбөйдү дегенди түшүндүрөт", — деп айтылат маалыматта.
11 Жетинин айы 2021, 13:54
Микрокредиттердин эң көп көлөмү Ош (берилген чакан насыялардын жалпы көлөмүнүн 22,4 пайызы) шаарынын тургундарына берилди. Андан кийинки орундарда Бишкек шаары (17,8 пайыз), Чүй (14,2 пайыз) жана Жалал-Абад (14 пайыз) облустары турат.
Ал эми кайсы багыттарга жумшалганына токтолсок, биринчи орунда 36 пайыз менен керектөөчүлүк насыясы чыккан. Экинчи орунга мурда лидер болуп келген айыл чарбадагы ишмердикти өнүктүрүү үчүн алынган кредиттер илинди (30 пайыз). Үчүнчү орунда 10 пайыз менен соода жана коомдук тамак-аш чөйрөсү турат.