https://sputnik.kg/20261021/1104416569.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Беларустун жарандары эки өлкөнүн аймагына келген күндөн тартып 30 календардык күнгө чейин милдеттүү каттоодон бошотулушу мүмкүн. Бул тартипти... 21.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-21T08:59+0600
2026-10-21T08:59+0600
2026-10-21T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/15/1104416403_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1054a9cea98647d7b125a680b532fe1b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Беларустун жарандары эки өлкөнүн аймагына келген күндөн тартып 30 календардык күнгө чейин милдеттүү каттоодон бошотулушу мүмкүн. Бул тартипти караган макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети экинчи окууда жактырды. Комитет жыйынында президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Жунушов баяндама жасап, мыйзам долбоору 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Беларустун өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо максатында иштелип чыкканын билдирди. Анын айтымында, макулдашууга ылайык, бир мамлекеттин жарандары экинчи мамлекеттин аймагына убактылуу келген учурда келген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кабыл алуучу мамлекеттин компетенттүү органдарында каттоодон өтүү милдетинен бошотулат. Документ эки өлкөнүн жарандары үчүн өз ара каттоосуз жүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп, Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода-экономикалык жана туристтик байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.
Бишкек мэриясы ири парк комплексин куруу боюнча макулдашууга кол койгонун кабарлады.Көп функционалдуу объект Чокан Валиханов жана Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине түшөт. Калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин айтымында, келечекте бул комплекс Бишкектин визиттик картасы болуп калышы керек. Долбоор шаар тургундары менен меймандарынын ыңгайлуулугун арттырууга багытталган. Курулуш инфраструктураны, тейлөөнүн сапатын жакшыртып, ордо калааны туристтерди кызыктырган шаарга айлантууга мүмкүнчүлүк түзмөкчү. Инвестициялык келишимге "Иллюзион.кг" компаниясынын башкы директору кол койду.
Ысык-Көлдө балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү иштери башталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда көлдүн жилиңгиринен (форель) икра алынып, жасалма уруктандыруу жана атайын инкубациялык аппараттарга жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.
АКШнын бийлиги Киевге үчүнчү бир башка мамлекеттердин Patriot системаларына ракета беришин колдогон жок. Бул туурасында Washington Post басылмасы жазды. "АКШнын администрациясы Украинага ракеталарды берүүнү колдогон жок", — айтылат маалыматта. Ушул эле маалыматта үчүнчү бир өлкөнүн Украинага Patriot комплекстери үчүн ракеталарды беришине Пентагон тиешелүү уруксат бербегени да айтылган. Басылманын ырасташынча, мекеме жетекчиси Пит Хегсет "ракеталарды өткөрүп берүүдөн расмий түрдө баш тарткан эмес, бирок аны берүү боюнча керектүү кадамдарды да жасаган эмес". Axios порталы кабарлагандай, Владимир Зеленский дүйшөмбүдө америкалык сенаторлор менен сүйлөшүп жатып, Украинада абадан коргонуучу Patriot тутумдарынын ок-дарысы дээрлик түгөнгөнүн айтып даттанган. Ал мындай кырдаалдын жаралышына Хегсеттин кооптуулук жараткан куралдарды тосуп калуучу ракеталарды жөнөтүүгө уруксат бербей жатканы себеп болгон деген.
Кыргызстан менен Беларустун жарандары эки өлкөнүн аймагына келген күндөн тартып 30 календардык күнгө чейин милдеттүү каттоодон бошотулушу мүмкүн. Бул тартипти караган макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети экинчи окууда жактырды. Комитет жыйынында президенттин Иш башкармалыгынын башчысынын орун басары Талантбек Жунушов баяндама жасап, мыйзам долбоору 2025-жылдын 29-сентябрында Минск шаарында кол коюлган Кыргызстандын министрлер кабинети менен Беларустун өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо максатында иштелип чыкканын билдирди. Анын айтымында, макулдашууга ылайык, бир мамлекеттин жарандары экинчи мамлекеттин аймагына убактылуу келген учурда келген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кабыл алуучу мамлекеттин компетенттүү органдарында каттоодон өтүү милдетинен бошотулат. Документ эки өлкөнүн жарандары үчүн өз ара каттоосуз жүрүүгө ыңгайлуу шарттарды түзүп, Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы соода-экономикалык жана туристтик байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөт. Бишкек мэриясы ири парк комплексин куруу боюнча макулдашууга кол койгонун кабарлады.Көп функционалдуу объект Чокан Валиханов жана Иса Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине түшөт. Калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин айтымында, келечекте бул комплекс Бишкектин визиттик картасы болуп калышы керек. Долбоор шаар тургундары менен меймандарынын ыңгайлуулугун арттырууга багытталган. Курулуш инфраструктураны, тейлөөнүн сапатын жакшыртып, ордо калааны туристтерди кызыктырган шаарга айлантууга мүмкүнчүлүк түзмөкчү. Инвестициялык келишимге "Иллюзион.кг" компаниясынын башкы директору кол койду.Ысык-Көлдө балык запастарын жасалма жол менен көбөйтүү иштери башталды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, учурда көлдүн жилиңгиринен (форель) икра алынып, жасалма уруктандыруу жана атайын инкубациялык аппараттарга жайгаштыруу иштери жүргүзүлүүдө.АКШнын бийлиги Киевге үчүнчү бир башка мамлекеттердин Patriot системаларына ракета беришин колдогон жок. Бул туурасында Washington Post басылмасы жазды. "АКШнын администрациясы Украинага ракеталарды берүүнү колдогон жок", — айтылат маалыматта. Ушул эле маалыматта үчүнчү бир өлкөнүн Украинага Patriot комплекстери үчүн ракеталарды беришине Пентагон тиешелүү уруксат бербегени да айтылган. Басылманын ырасташынча, мекеме жетекчиси Пит Хегсет "ракеталарды өткөрүп берүүдөн расмий түрдө баш тарткан эмес, бирок аны берүү боюнча керектүү кадамдарды да жасаган эмес". Axios порталы кабарлагандай, Владимир Зеленский дүйшөмбүдө америкалык сенаторлор менен сүйлөшүп жатып, Украинада абадан коргонуучу Patriot тутумдарынын ок-дарысы дээрлик түгөнгөнүн айтып даттанган. Ал мындай кырдаалдын жаралышына Хегсеттин кооптуулук жараткан куралдарды тосуп калуучу ракеталарды жөнөтүүгө уруксат бербей жатканы себеп болгон деген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/15/1104416403_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_a8b4168db73dde3555d295220e3a6818.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио