https://sputnik.kg/20261022/1104456847.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБдин транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун түзүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү ченемдик базаны өркүндөтүү планы жакында бекитилет. Бул тууралуу... 22.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-22T19:00+0600
2026-10-22T19:00+0600
2026-10-22T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/16/1104456681_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4d1fcddc3051797411f6125e2bfe2fc1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБдин транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун түзүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү ченемдик базаны өркүндөтүү планы жакында бекитилет. Бул тууралуу ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу министри Александр Субботин билдирди. "Кыргызстан документти толуктап, жакшыртуу боюнча сунуштарын киргизди. Өлкөлөр муну талкуулап, айрымдарын кабыл алды, кээ бирин четке какты. Жыйынтыгында унааларга электрондук паспорт берүүнү жеңилдеткен жаңы эрежелер кабыл алынат", — деди Субботин. Ал эске салгандай, Евразиялык экономикалык биримдик түзүлүп жатканда эле трактордон тартып жеңил автоунаага чейинки бардык транспорт каражаттары биримдиктин аймагында эркин жүрүүгө тийиш деген чечим кабыл алынган.
Кант шаарындагы №5 мектепке оорук ардагери жана эмгек баатыры Токтогон Алтыбасарованын аты берилди. Салтанаттуу азем 21-октябрда болду. Ага Россиянын элчилигинин жана "Россотрудничествонун" кызматкерлери, "Кант" биргелешкен россиялык аскер базасынын, жергиликтүү бийликтин, ардагерлер уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Токтогон Алтыбасарованын туугандары катышты. Мектептин мугалимдер жамааты жана окуучулары блокада менен Улуу Жеңиш темасына арналган чыгармачылык номерлерин көрсөтүштү.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн 25 мектебине Starlink спутниктик интернет-жабдууларын тапшырды. Өкмөттүн маалымат кызматы терминалдар компания тарабынан акысыз берилгенин билдирди. Эми алар жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернетке туташтырылат. "Өкмөт алыскы жана жетүүгө кыйын айылдарга артыкчылык берүү менен мектептерди, медициналык мекемелерди жана башка социалдык объектилерди заманбап байланыш кызматтарына туташтыруу иштерин улантат", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, өлкөдө спутниктик интернетти киргизүү боюнча сынамык долбоор 2025-жылы башталган.
Ысык-Атада “Москва үчүн салгылашка” арналган жүрүш болдуИш-чара Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Москваны коргоонун 85 жылдыгына арналды.Катышуучулар 5 чакырым аралыкты чуркап, жөө басып өтүштү. Ошондой эле кол күрөш боюнча мелдеш болуп, келгендер талаа ашканасынан даам сызышты. Иш-чарага Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урпактары, мектеп окуучулары, жаштар жана район тургундары катышты.
Европада күйүүчү май кризиси күчөй берери айтылды Бул тууралуу Россия президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев билдирди. Анын айтымында, Европада энергия ресурстары өтө кымбат болгондуктан, ишкерлер жабыр тартып жатышат. "Бул — Россиянын энергетикасынан баш тартуунун кесепети. Катардагы ар бир европалык ишкер Евробиримдиктин саясатынан жабыр тартууда", — деди ал Верона Евразия экономикалык форумунда.
ЕАЭБдин транспорт каражаттарынын электрондук паспортторун түзүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү ченемдик базаны өркүндөтүү планы жакында бекитилет. Бул тууралуу ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу министри Александр Субботин билдирди. "Кыргызстан документти толуктап, жакшыртуу боюнча сунуштарын киргизди. Өлкөлөр муну талкуулап, айрымдарын кабыл алды, кээ бирин четке какты. Жыйынтыгында унааларга электрондук паспорт берүүнү жеңилдеткен жаңы эрежелер кабыл алынат", — деди Субботин. Ал эске салгандай, Евразиялык экономикалык биримдик түзүлүп жатканда эле трактордон тартып жеңил автоунаага чейинки бардык транспорт каражаттары биримдиктин аймагында эркин жүрүүгө тийиш деген чечим кабыл алынган. Кант шаарындагы №5 мектепке оорук ардагери жана эмгек баатыры Токтогон Алтыбасарованын аты берилди. Салтанаттуу азем 21-октябрда болду. Ага Россиянын элчилигинин жана "Россотрудничествонун" кызматкерлери, "Кант" биргелешкен россиялык аскер базасынын, жергиликтүү бийликтин, ардагерлер уюмдарынын өкүлдөрү, ошондой эле Токтогон Алтыбасарованын туугандары катышты. Мектептин мугалимдер жамааты жана окуучулары блокада менен Улуу Жеңиш темасына арналган чыгармачылык номерлерин көрсөтүштү. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов өлкөнүн 25 мектебине Starlink спутниктик интернет-жабдууларын тапшырды. Өкмөттүн маалымат кызматы терминалдар компания тарабынан акысыз берилгенин билдирди. Эми алар жогорку ылдамдыктагы спутниктик интернетке туташтырылат. "Өкмөт алыскы жана жетүүгө кыйын айылдарга артыкчылык берүү менен мектептерди, медициналык мекемелерди жана башка социалдык объектилерди заманбап байланыш кызматтарына туташтыруу иштерин улантат", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, өлкөдө спутниктик интернетти киргизүү боюнча сынамык долбоор 2025-жылы башталган. Ысык-Атада “Москва үчүн салгылашка” арналган жүрүш болдуИш-чара Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы Москваны коргоонун 85 жылдыгына арналды.Катышуучулар 5 чакырым аралыкты чуркап, жөө басып өтүштү. Ошондой эле кол күрөш боюнча мелдеш болуп, келгендер талаа ашканасынан даам сызышты. Иш-чарага Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларынын урпактары, мектеп окуучулары, жаштар жана район тургундары катышты.Европада күйүүчү май кризиси күчөй берери айтылды Бул тууралуу Россия президентинин атайын өкүлү Кирилл Дмитриев билдирди. Анын айтымында, Европада энергия ресурстары өтө кымбат болгондуктан, ишкерлер жабыр тартып жатышат. "Бул — Россиянын энергетикасынан баш тартуунун кесепети. Катардагы ар бир европалык ишкер Евробиримдиктин саясатынан жабыр тартууда", — деди ал Верона Евразия экономикалык форумунда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/16/1104456681_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_226b20d50c5c231fa88028f46cd74036.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио