https://sputnik.kg/20261022/1104438571.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан жакынкы мезгилде энергетикалык тартыштыкты жоюуга жетишет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди... 22.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-22T08:59+0600
2026-10-22T08:59+0600
2026-10-22T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/16/1104438405_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1df180d9819fc6290ace76a028882d45.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан жакынкы мезгилде энергетикалык тартыштыкты жоюуга жетишет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн электр тармактары жана инфратүзүм модернизацияланып, генерациялоочу кубаттуулуктар көбөйтүлөт. Бул багытта Камбар-Ата-1 ГЭСи, "Кара-Кече" ЖЭСи, чакан жана орто ГЭСтерди куруу сыяктуу долбоорлор ишке ашырылат. "Ошондой эле мунайзат импортунун туруктуулугун камсыз кылуу жана өлкөдө күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүүнү жолго коюу боюнча иштер жүргүзүлөт", - деди өлкө башчысы. Президенттин белгилешинче, негизги максат — тышкы тобокелдиктерге көз карандылыкты азайтып, өлкөнү электр энергиясы жана отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу.
Географиялык жактан обочо жайгашкан аймактарыбызда жол каттамы барган сайын жакшырууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө" республикалык кеңешмеде айтты. Мамлекет башчысы аймактар арасында адамдардын каттоосун, жүктөрдүн ташылуусун камсыз кыла турган өлкөнүн экономикалык жана аймактык бүтүндүгүнүн негизги шарты бирдиктүү транспорттук аймак болуп саналарын белгиледи."Транспорт тармагыбыз эл аралык коридорлор жана башка мамлекеттердин рыноктору менен интеграцияланып, өлкөбүздү толук кандуу региондук хабга айлантат. Бул максатта Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу боюнча долбоорлор толук ишке ашырылат. Балыкчы шаары "Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата" жана "Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал" багыттарынын темир жол түйүнүнө айланат", - деди президент.
Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, жөлөк пулдармайып балдарга жөлөк пул 8 миң сомдон 11 миң сомго; жетим балдарга 6 миң сомдон 8 миң сомго; багуучусунан ажыраган балдарга 3 миң сомдон 5 миң сомго; баатыр энелерге жөлөк пул 3 миң сомдон 5 миң сомго; баатыр энелердин пенсиясына кошумча төлөм 1 миң сомдон 5 миң сомго жогорулайт.Ошондой эле улгайган жарандардын жөлөк пулу 50 пайызга көбөйүп, майыптыгы жана багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсиялар да жогорулатылат.Мындан тышкары, согуш ардагерлерине, чернобылчыларга, афганчыларга жана башка категориядагы жарандарга берилүүчү компенсациялар көбөйтүлөт. Аксы, Баткен жана Ош окуяларында жабыркагандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө төлөнүүчү жөлөк пулдар орточо 20 пайызга жогорулайт.
Кыргызстандыктар эми Бишкек жана Ош шаарларынан Омандын борбору Маскат аркылуу Сауд Арабиясынын Жидда жана Медина шаарларына уча алышат."Кыргызстан аэропорттору" ишканасы билдиргендей, Бишкектен каттамдар жумасына төрт жолу: шейшемби, бейшемби, жума жана ишемби күндөрү аткарылат. Ал эми Ош шаарынан учактар жумасына эки жолу: дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү учат.Эки багытта тең жүргүнчүлөр Маскат аркылуу Жидда же Медина шаарларына учуп, кайра Кыргызстанга кайта алышат.
Кыргызстан жакынкы мезгилде энергетикалык тартыштыкты жоюуга жетишет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкекте өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу үчүн электр тармактары жана инфратүзүм модернизацияланып, генерациялоочу кубаттуулуктар көбөйтүлөт. Бул багытта Камбар-Ата-1 ГЭСи, "Кара-Кече" ЖЭСи, чакан жана орто ГЭСтерди куруу сыяктуу долбоорлор ишке ашырылат. "Ошондой эле мунайзат импортунун туруктуулугун камсыз кылуу жана өлкөдө күйүүчү-майлоочу материалдарды өндүрүүнү жолго коюу боюнча иштер жүргүзүлөт", - деди өлкө башчысы. Президенттин белгилешинче, негизги максат — тышкы тобокелдиктерге көз карандылыкты азайтып, өлкөнү электр энергиясы жана отун менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу.Географиялык жактан обочо жайгашкан аймактарыбызда жол каттамы барган сайын жакшырууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө" республикалык кеңешмеде айтты. Мамлекет башчысы аймактар арасында адамдардын каттоосун, жүктөрдүн ташылуусун камсыз кыла турган өлкөнүн экономикалык жана аймактык бүтүндүгүнүн негизги шарты бирдиктүү транспорттук аймак болуп саналарын белгиледи."Транспорт тармагыбыз эл аралык коридорлор жана башка мамлекеттердин рыноктору менен интеграцияланып, өлкөбүздү толук кандуу региондук хабга айлантат. Бул максатта Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу боюнча долбоорлор толук ишке ашырылат. Балыкчы шаары "Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата" жана "Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал" багыттарынын темир жол түйүнүнө айланат", - деди президент.Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, жөлөк пулдармайып балдарга жөлөк пул 8 миң сомдон 11 миң сомго; жетим балдарга 6 миң сомдон 8 миң сомго; багуучусунан ажыраган балдарга 3 миң сомдон 5 миң сомго; баатыр энелерге жөлөк пул 3 миң сомдон 5 миң сомго; баатыр энелердин пенсиясына кошумча төлөм 1 миң сомдон 5 миң сомго жогорулайт.Ошондой эле улгайган жарандардын жөлөк пулу 50 пайызга көбөйүп, майыптыгы жана багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсиялар да жогорулатылат.Мындан тышкары, согуш ардагерлерине, чернобылчыларга, афганчыларга жана башка категориядагы жарандарга берилүүчү компенсациялар көбөйтүлөт. Аксы, Баткен жана Ош окуяларында жабыркагандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө төлөнүүчү жөлөк пулдар орточо 20 пайызга жогорулайт.Кыргызстандыктар эми Бишкек жана Ош шаарларынан Омандын борбору Маскат аркылуу Сауд Арабиясынын Жидда жана Медина шаарларына уча алышат."Кыргызстан аэропорттору" ишканасы билдиргендей, Бишкектен каттамдар жумасына төрт жолу: шейшемби, бейшемби, жума жана ишемби күндөрү аткарылат. Ал эми Ош шаарынан учактар жумасына эки жолу: дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү учат.Эки багытта тең жүргүнчүлөр Маскат аркылуу Жидда же Медина шаарларына учуп, кайра Кыргызстанга кайта алышат.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/16/1104438405_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7a7a0f2395ecb0b3a6e099ec10963458.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио