https://sputnik.kg/20261022/1104441707.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров бүгүн иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат. Мамлекет башчы райондордун тургундары менен жолугуп, жергиликтүү бийлик жетекчилеринин облустун... 22.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-22T11:00+0600
2026-10-22T11:00+0600
2026-10-22T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/16/1104441540_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f8ca406693da21d5ed7e0df7fdcde0f7.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров бүгүн иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат. Мамлекет башчы райондордун тургундары менен жолугуп, жергиликтүү бийлик жетекчилеринин облустун социалдык-экономикалык абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу маалыматтарын угат.
Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Таалатбек Масадыков заманбап согушттун өңүтү өзгөрүп, дрондордун ролу күчөп жатканын айтты. Бул маселеге ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөдө токтолду. Баш катчы белгилегендей, чалгындоо, чабуул жана бутага алуу үчүн колдонулган дрондор согуштарда алдыңкы орунга чыгууда. Алар сентябрдын аягында Казакстанда өткөн "Рубеж-2026" машыгуусунда мурдагы жылдарга салыштырмалуу активдүү колдонулган. Ошондой эле ЖККУ өлкөлөрүнүн аскерлери россиялык кесиптештеринин атайын операция учурунда топтогон тажрыйбасын үйрөнүп жатат. Дрондордун ар кандай түрлөрү Челябинск облусунда өткөн "Взаимодействие-2026" машыгуусунда да көрсөтүлгөн. Белгилей кетсек, былтыр Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылып турганда Ысык-Көлдө киберкоопсуздук боюнча алгачкы эл аралык конференция өткөн.
Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода боюнча өнөктөштүгүн кеңейтүү кыргыз продукциясынын экспортун көбөйтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул маселе Бишкекке иш сапары менен келген Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) соода боюнча министри Андрей Слепневдин ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунда талкууланды. Сапардын алкагында Слепнев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, ЕЭК кеңешинин мүчөсү Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов, ошондой эле президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн ЕАЭБ иштери боюнча секторунун башчысы Элдар Алишеров менен жолугушту. Анда Евразия экономикалык биримдигинин тышкы соода күн тартибиндеги актуалдуу маселелер каралды. Мындан тышкары, Слепнев ишкерлерге кыргыз продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жолдору тууралуу маалымат берди.
Европа мамлекеттери Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Россиянын президенти Владимир Путин менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган өкүлдүн талапкерлигин талкуулап жатышат. Бул тууралуу Politico басылмасы Евробиримдиктин атын атагысы келбеген дипломаттарына таянуу менен жазды. “Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тынчтык келишими боюнча түз сүйлөшүүлөрдүн алкагында жакын арада Россиянын лидери Владимир Путин менен жолуга турган адамды тандоого туура келерин түшүнө башташты”, — деп айтылат макалада. Басылманын маалыматына караганда, бирикменин ичинде ылайыктуу талапкер боюнча азырынча бирдиктүү пикир жок. Бирок бул маселе АКШ президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткоффтун Санкт-Петербургга болгон сапарынан кийин өзгөчө курчуду. Мүмкүн болгон варианттардын бири катары Финляндиянын президенти Александр Стубб каралууда. Буга Хельсинки менен Москванын ортосундагы дипломатиялык алаканын тарыхый тажрыйбасы жана анын америкалык лидер менен жакшы мамиледе экени негиз болгон.
Садыр Жапаров бүгүн иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат. Мамлекет башчы райондордун тургундары менен жолугуп, жергиликтүү бийлик жетекчилеринин облустун социалдык-экономикалык абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу маалыматтарын угат.Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш катчысы Таалатбек Масадыков заманбап согушттун өңүтү өзгөрүп, дрондордун ролу күчөп жатканын айтты. Бул маселеге ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн видеокөпүрөдө токтолду. Баш катчы белгилегендей, чалгындоо, чабуул жана бутага алуу үчүн колдонулган дрондор согуштарда алдыңкы орунга чыгууда. Алар сентябрдын аягында Казакстанда өткөн "Рубеж-2026" машыгуусунда мурдагы жылдарга салыштырмалуу активдүү колдонулган. Ошондой эле ЖККУ өлкөлөрүнүн аскерлери россиялык кесиптештеринин атайын операция учурунда топтогон тажрыйбасын үйрөнүп жатат. Дрондордун ар кандай түрлөрү Челябинск облусунда өткөн "Взаимодействие-2026" машыгуусунда да көрсөтүлгөн. Белгилей кетсек, былтыр Кыргызстан ЖККУга төрагалык кылып турганда Ысык-Көлдө киберкоопсуздук боюнча алгачкы эл аралык конференция өткөн.Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) үчүнчү өлкөлөр менен эркин соода боюнча өнөктөштүгүн кеңейтүү кыргыз продукциясынын экспортун көбөйтүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул маселе Бишкекке иш сапары менен келген Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) соода боюнча министри Андрей Слепневдин ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуусунда талкууланды. Сапардын алкагында Слепнев министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, ЕЭК кеңешинин мүчөсү Данияр Амангелдиев, экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов, ошондой эле президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн ЕАЭБ иштери боюнча секторунун башчысы Элдар Алишеров менен жолугушту. Анда Евразия экономикалык биримдигинин тышкы соода күн тартибиндеги актуалдуу маселелер каралды. Мындан тышкары, Слепнев ишкерлерге кыргыз продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жолдору тууралуу маалымат берди.Европа мамлекеттери Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Россиянын президенти Владимир Путин менен түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган өкүлдүн талапкерлигин талкуулап жатышат. Бул тууралуу Politico басылмасы Евробиримдиктин атын атагысы келбеген дипломаттарына таянуу менен жазды. “Европа өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тынчтык келишими боюнча түз сүйлөшүүлөрдүн алкагында жакын арада Россиянын лидери Владимир Путин менен жолуга турган адамды тандоого туура келерин түшүнө башташты”, — деп айтылат макалада. Басылманын маалыматына караганда, бирикменин ичинде ылайыктуу талапкер боюнча азырынча бирдиктүү пикир жок. Бирок бул маселе АКШ президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткоффтун Санкт-Петербургга болгон сапарынан кийин өзгөчө курчуду. Мүмкүн болгон варианттардын бири катары Финляндиянын президенти Александр Стубб каралууда. Буга Хельсинки менен Москванын ортосундагы дипломатиялык алаканын тарыхый тажрыйбасы жана анын америкалык лидер менен жакшы мамиледе экени негиз болгон.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/16/1104441540_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_2c587c95655e2c809438f89594bcba56.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:00 22.10.2026 (Жаңыртылды: 11:16 22.10.2026) Садыр Жапаров бүгүн иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат. Мамлекет башчы райондордун тургундары менен жолугуп, жергиликтүү бийлик жетекчилеринин облустун социалдык-экономикалык абалы жана өнүгүү келечеги тууралуу маалыматтарын угат.