https://sputnik.kg/20261021/1104435554.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде министрлер кабинетине жана мамлекеттик органдарга ИДПнын реалдуу өсүшүн жылына орточо 8 пайыздан кем эмес... 21.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-21T19:00+0600
2026-10-21T19:00+0600
2026-10-21T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/15/1104435387_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5d129c0276fe9efb4c7d45b455c1223f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде министрлер кабинетине жана мамлекеттик органдарга ИДПнын реалдуу өсүшүн жылына орточо 8 пайыздан кем эмес деңгээлде кармоо жана чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүн жыл сайын 20 пайызга чейин көбөйтүү тапшырмасын берди. Ошондой эле жеке менчикти коргоо жана ишкерлерди колдоо боюнча сот органдары менен биргеликте концепция иштеп чыгуу тапшырылды. Мындан тышкары, экспортко багытталган өнөр жай моделин иштеп чыгуу, ата мекендик товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү үчүн соода жана бажы саясатын жаңылоо милдеттери коюлду. Инвесторлор үчүн уруксат берүүчү документтерди алуу, инвестициялык макулдашууларды түзүү жана аларды коштоп жүрүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү иштери улантылмакчы. Ошондой эле коомдун социалдык жактан аяр катмарын колдоо чараларын улантуу тапшырылды.
ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков Sputnik агенттигиндеги видеокөпүрөдө Борбор Азияга коркунуч туудурган негизги жагдайларды тизмектеди. Анын айтымында, бул кооптуулуктар аймакка гана эмес, бүткүл дүйнөгө тиешелүү. "Террорчулук, баңгизаттардын мыйзамсыз сатылышы, климаттын өзгөрүшү, киберкылмыштуулук жана мыйзамсыз миграция регион үчүн коркунуч туудурат. Былтыр келишимдерге кол коюлгандан кийин ЖККУ бул багытта ШКУ жана КМШ менен тыгыз иштешип жатат. Келечекте суу жана энергетика маселеси да чоң көйгөйгө айланышы мүмкүн", — деди Масадыков. Баш катчы суу менен энергетика ЖККУнун милдетине кирбесе да, уюмда каралып жаткан маселелердин катарына кирерин белгиледи. Ал көйгөй жаралса Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери акылмандык кылып, маселени тынч жол менен жана бат эле чечип аларына ишеним артты.
Москва шаарында Андрей Стенин атындагы XII эл аралык фотожурналистика сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сыйлык тапшыруу аземи шаршемби күнү, 21-октябрда, Москва музейинде өттү. Сынактын баш байгесин ливандык фотограф Абдул Кадер Аль-Бай жеңип алды. Эл аралык калыстар тобу жогорку сыйлыкты ага "Башкы жаңылыктар. Фототоптом" номинациясы боюнча "Ливан, 2024-2025: авиасоккулардын арасындагы өмүр" аттуу сүрөттөр сериясы үчүн бир добуштан ыйгарды. "2024-жылдын сентябрында Ливан оор согушка тартылды. Өлкө бүтүндөй Израилдин аба чабуулдарына кабылып, көпчүлүк үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду. Бул сүрөттөр Ливандын ар кайсы аймактарында тартылган. Аларда сокку урулган алгачкы ирмемдер жана куткаруу операцияларынын жүрүшү чагылдырылды. Ошондой эле жөнөкөй адамдар согуш маалында кантип жан сактап жатканы көрсөтүлгөн", — деди Абдул Кадер Аль-Бай. Москвадагы салтанаттуу азем лауреаттардын эмгектеринин эл аралык көргөзмө турнесине старт берди. Жеңүүчүлөрдүн сүрөттөрү Москва музейинде 10-ноябрга чейин көрсөтүлөт.
24-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, анда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер уюштурулат. Мелдеште 22 спортчу Кыргызстандын намысын коргойт.
Президент Садыр Жапаров республикалык кеңешмеде министрлер кабинетине жана мамлекеттик органдарга ИДПнын реалдуу өсүшүн жылына орточо 8 пайыздан кем эмес деңгээлде кармоо жана чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмүн жыл сайын 20 пайызга чейин көбөйтүү тапшырмасын берди. Ошондой эле жеке менчикти коргоо жана ишкерлерди колдоо боюнча сот органдары менен биргеликте концепция иштеп чыгуу тапшырылды. Мындан тышкары, экспортко багытталган өнөр жай моделин иштеп чыгуу, ата мекендик товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү илгерилетүү үчүн соода жана бажы саясатын жаңылоо милдеттери коюлду. Инвесторлор үчүн уруксат берүүчү документтерди алуу, инвестициялык макулдашууларды түзүү жана аларды коштоп жүрүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү иштери улантылмакчы. Ошондой эле коомдун социалдык жактан аяр катмарын колдоо чараларын улантуу тапшырылды.ЖККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков Sputnik агенттигиндеги видеокөпүрөдө Борбор Азияга коркунуч туудурган негизги жагдайларды тизмектеди. Анын айтымында, бул кооптуулуктар аймакка гана эмес, бүткүл дүйнөгө тиешелүү. "Террорчулук, баңгизаттардын мыйзамсыз сатылышы, климаттын өзгөрүшү, киберкылмыштуулук жана мыйзамсыз миграция регион үчүн коркунуч туудурат. Былтыр келишимдерге кол коюлгандан кийин ЖККУ бул багытта ШКУ жана КМШ менен тыгыз иштешип жатат. Келечекте суу жана энергетика маселеси да чоң көйгөйгө айланышы мүмкүн", — деди Масадыков. Баш катчы суу менен энергетика ЖККУнун милдетине кирбесе да, уюмда каралып жаткан маселелердин катарына кирерин белгиледи. Ал көйгөй жаралса Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери акылмандык кылып, маселени тынч жол менен жана бат эле чечип аларына ишеним артты.Москва шаарында Андрей Стенин атындагы XII эл аралык фотожурналистика сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Сыйлык тапшыруу аземи шаршемби күнү, 21-октябрда, Москва музейинде өттү. Сынактын баш байгесин ливандык фотограф Абдул Кадер Аль-Бай жеңип алды. Эл аралык калыстар тобу жогорку сыйлыкты ага "Башкы жаңылыктар. Фототоптом" номинациясы боюнча "Ливан, 2024-2025: авиасоккулардын арасындагы өмүр" аттуу сүрөттөр сериясы үчүн бир добуштан ыйгарды. "2024-жылдын сентябрында Ливан оор согушка тартылды. Өлкө бүтүндөй Израилдин аба чабуулдарына кабылып, көпчүлүк үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду. Бул сүрөттөр Ливандын ар кайсы аймактарында тартылган. Аларда сокку урулган алгачкы ирмемдер жана куткаруу операцияларынын жүрүшү чагылдырылды. Ошондой эле жөнөкөй адамдар согуш маалында кантип жан сактап жатканы көрсөтүлгөн", — деди Абдул Кадер Аль-Бай. Москвадагы салтанаттуу азем лауреаттардын эмгектеринин эл аралык көргөзмө турнесине старт берди. Жеңүүчүлөрдүн сүрөттөрү Москва музейинде 10-ноябрга чейин көрсөтүлөт.24-октябрдан 1-ноябрга чейин Казакстандын Астана шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, анда грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер уюштурулат. Мелдеште 22 спортчу Кыргызстандын намысын коргойт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/15/1104435387_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f52d8ebc89ffeb96eecc6c9c0abdf457.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио