https://sputnik.kg/20261022/1104453523.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-Россия Славян университетинде (КРСУ) “Россия жана Кыргызстан чоң Евразияда: өтмүш — бүгүн — келечек” аттуу эл аралык эксперттик-аналитикалык форум... 22.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-22T17:00+0600
2026-10-22T17:00+0600
2026-10-22T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/16/1104453357_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a245a629a3ce098649667e012a1e5e88.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-Россия Славян университетинде (КРСУ) “Россия жана Кыргызстан чоң Евразияда: өтмүш — бүгүн — келечек” аттуу эл аралык эксперттик-аналитикалык форум ачылды. Кыргызстан, Россия, Өзбекстан жана Казакстандын окумуштуулары менен эксперттери Евразия өлкөлөрүнүн алдында турган негизги чакырыктарга биргелешип чечим табуу үчүн чогулушту. Талкуу суу ресурстарынын тартыштыгынан тартып, жасалма интеллектинин тарыхты кабылдоого тийгизген таасирине чейинки маселелерди камтыйт. Иш-чарага алдыңкы аналитикалык борборлордун жана ЖОЖдордун жаш адистери катышууда. Форумду КРСУ, КР Улуттук илимдер академиясынын Стратегиялык жана академиялык изилдөөлөр институту, “Аксон” маалыматтык-маданий борбору, Евразия тарыхчылар гильдиясы, “Новая эра” гуманитардык технологияларды өнүктүрүү борбору жана “Россиянын цивилизациялык келечеги” философиялык клубу уюштурган. Иш-чаранын ачылышында КРСУнун ректору Сергей Волков евразиялык кызматташтыктын келечеги билим берүүнүн сапатына түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи.
Көмүрдүн баасын мамлекет 90 күнгө чейин карап, көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу Монополияны жөнгө салуу кызматынын өкүлү Sputnik радиосунун эфиринде билдирди. Маалымдалгандай, мындай чечим калкты отун менен камсыздоо жана алып сатарлар бааны көтөрүп ийбеши үчүн кабыл алынды. Көмүрдүн эң жогорку баасы кийинчерээк айтылат. Рыноктогу кырдаалга көз салып туруу мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Эске салсак, былтыр көмүрдүн бир тоннасына 5 800 сомдон ашпаган чек коюлган.
Бишкек мэриясы "Алтын күз" айыл чарба жарманкесин өткөрүүгө тыюу салынганы тууралуу маалыматты четке кактыБуга чейин соцтармактарда жарманкеден кийин таштанды көп каларын жүйө келтирип, муниципалитет аны өткөрүүгө каршы болгону тууралуу кеп тараган. Ошондой эле бул видеолор президентке жетип, ал жарманке өткөрүүнү тапшырганы айтылган.Мэрия сентябрдын ортосунда Айыл чарба министрлигинен 25-26-октябрда эски аянтта "Алтын күздү" өткөрүүгө көмөк сураганын билдирди. Учурда ага даярдык көрүлүүдө.Шаар бийлиги мындай иш-чараларга тыюу салынбаганын жана ноябрда муниципалдык айыл чарба жарманкелери жанданарын кошумчалады.
Кыргызстанда энелердин өлүмү 34,4 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлды. “Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча, 2026-жылдын тогуз айында кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде жалпысынан 23 аял каза болгон. Бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кыйла азайганын тастыктайт”, — деп айтылат маалыматта. Энелердин өлүмүн алдын алуу жана үй-бүлөнү туура пландоо максатында мамлекет заманбап контрацепция каражаттарын сатып алууга 12,5 миллион сом бөлүүнү пландоодо. Бул каражаттар социалдык жактан аялуу катмардагы аялдарга дагы толук жеткиликтүү болот. Мындан тышкары, камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдарга жана төрөттөн кийинки мезгилдеги жарандарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси акысыз берилет. Бул жеңилдиктер аялдарга квалификациялуу медициналык кызматтардан толук кандуу пайдаланууга жана дары-дармекти жеңилдетилген баада же акысыз алууга шарт түзөт.
Кыргыз-Россия Славян университетинде (КРСУ) “Россия жана Кыргызстан чоң Евразияда: өтмүш — бүгүн — келечек” аттуу эл аралык эксперттик-аналитикалык форум ачылды. Кыргызстан, Россия, Өзбекстан жана Казакстандын окумуштуулары менен эксперттери Евразия өлкөлөрүнүн алдында турган негизги чакырыктарга биргелешип чечим табуу үчүн чогулушту. Талкуу суу ресурстарынын тартыштыгынан тартып, жасалма интеллектинин тарыхты кабылдоого тийгизген таасирине чейинки маселелерди камтыйт. Иш-чарага алдыңкы аналитикалык борборлордун жана ЖОЖдордун жаш адистери катышууда. Форумду КРСУ, КР Улуттук илимдер академиясынын Стратегиялык жана академиялык изилдөөлөр институту, “Аксон” маалыматтык-маданий борбору, Евразия тарыхчылар гильдиясы, “Новая эра” гуманитардык технологияларды өнүктүрүү борбору жана “Россиянын цивилизациялык келечеги” философиялык клубу уюштурган. Иш-чаранын ачылышында КРСУнун ректору Сергей Волков евразиялык кызматташтыктын келечеги билим берүүнүн сапатына түздөн-түз байланыштуу экенин белгиледи. Көмүрдүн баасын мамлекет 90 күнгө чейин карап, көзөмөлдөп турат. Бул тууралуу Монополияны жөнгө салуу кызматынын өкүлү Sputnik радиосунун эфиринде билдирди. Маалымдалгандай, мындай чечим калкты отун менен камсыздоо жана алып сатарлар бааны көтөрүп ийбеши үчүн кабыл алынды. Көмүрдүн эң жогорку баасы кийинчерээк айтылат. Рыноктогу кырдаалга көз салып туруу мөөнөтү узартылышы мүмкүн. Эске салсак, былтыр көмүрдүн бир тоннасына 5 800 сомдон ашпаган чек коюлган.Бишкек мэриясы "Алтын күз" айыл чарба жарманкесин өткөрүүгө тыюу салынганы тууралуу маалыматты четке кактыБуга чейин соцтармактарда жарманкеден кийин таштанды көп каларын жүйө келтирип, муниципалитет аны өткөрүүгө каршы болгону тууралуу кеп тараган. Ошондой эле бул видеолор президентке жетип, ал жарманке өткөрүүнү тапшырганы айтылган.Мэрия сентябрдын ортосунда Айыл чарба министрлигинен 25-26-октябрда эски аянтта "Алтын күздү" өткөрүүгө көмөк сураганын билдирди. Учурда ага даярдык көрүлүүдө.Шаар бийлиги мындай иш-чараларга тыюу салынбаганын жана ноябрда муниципалдык айыл чарба жарманкелери жанданарын кошумчалады.Кыргызстанда энелердин өлүмү 34,4 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлды. “Үстүбүздөгү жылдын жыйынтыгы боюнча, 2026-жылдын тогуз айында кош бойлуулук, төрөт жана төрөттөн кийинки мезгилде жалпысынан 23 аял каза болгон. Бул көрсөткүч өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу кыйла азайганын тастыктайт”, — деп айтылат маалыматта. Энелердин өлүмүн алдын алуу жана үй-бүлөнү туура пландоо максатында мамлекет заманбап контрацепция каражаттарын сатып алууга 12,5 миллион сом бөлүүнү пландоодо. Бул каражаттар социалдык жактан аялуу катмардагы аялдарга дагы толук жеткиликтүү болот. Мындан тышкары, камсыздандырылбаган кош бойлуу аялдарга жана төрөттөн кийинки мезгилдеги жарандарга милдеттүү медициналык камсыздандыруу полиси акысыз берилет. Бул жеңилдиктер аялдарга квалификациялуу медициналык кызматтардан толук кандуу пайдаланууга жана дары-дармекти жеңилдетилген баада же акысыз алууга шарт түзөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/16/1104453357_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_aace39253ce9baad27209e889e29d466.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио