https://sputnik.kg/20261022/1104441976.html
Кыргызстанда юридикалык өкүлдөрдүн реестри түзүлөт: алар адвокаттардан эмнеси менен айырмаланат?

Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда соттордо иш алып баруучу юридикалык өкүлдөрдүн реестри түзүлөт. Бул тууралуу “Sputnikтен сүйлөйбүз” уктуруусунда КРдин Адвокатурасынын төрайымы... 22.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-22T11:04+0600
2026-10-22T11:04+0600
2026-10-22T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/16/1104441806_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7a37b186414911e61364d3e689f5cf3c.jpg
Кыргызстанда юридикалык өкүлдөрдүн реестри түзүлөт: алар адвокаттардан эмнеси менен айырмаланат?
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда соттордо иш алып баруучу юридикалык өкүлдөрдүн реестри түзүлөт. Бул тууралуу “Sputnikтен сүйлөйбүз” уктуруусунда КРдин Адвокатурасынын төрайымы Мейил Бегилерова билдирди.Анын айтымында, юридикалык өкүл болуу үчүн жогорку юридикалык билим, адистиги боюнча кеминде бир жылдык иш тажрыйбасы жана Адвокаттардын окуу борборунда кеминде 80 академиялык сааттык кошумча даярдыктан өтүү талап кылынат.“Кыргызстанда соттордо өкүлчүлүк кылуунун эрежелери өзгөрүүдө. Жаңы мыйзамга ылайык, адвокат макамы жок адамдар да атайын реестрге киргизилгенден кийин жарандардын жана уюмдардын кызыкчылыгын сотто коргой алышат. Окуудан өткөндөн кийин тиешелүү сертификат берилип, Юридикалык өкүлдөрдүн реестрине киргизилет. Реестрди Адвокатура жүргүзсө, ал эми реестр Юстиция министрлигинин сайтына жайгаштырылат. Анда ар бир өкүлдүн учурдагы макамы, анын ичинде ишмердүүлүгүнүн токтотулушу же убактылуу токтотулушу тууралуу маалыматтар көрсөтүлөт. Реестрге кирүү үчүн диплом, соттолбогондугу тууралуу маалымкат, иш тажрыйбасын тастыктаган документ, окуудан өткөндүгү тууралуу сертификат жана кесиптик стандарттарды сактоо боюнча милдеттенме берүү керек. Документтерди электрондук форматта да тапшырууга уруксат берилет”, — деди Бегилерова.Төрайым учурда юридикалык өкүлдөр адвокаттардын бардык ыйгарым укуктарына ээ болбой турганын, негизги чектөө — алар кылмыш иштери боюнча сот өндүрүшүнө катыша алышпай турганын кошумчалады.Ал эми Юстиция министрлигине караштуу Адвокатура, медиация, укуктук жардам жана адам укуктары боюнча координациялык кеңешинин ишин камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги Тамерлан Казыбеков юридикалык өкүл кардардын ишеним катынын негизинде иш алып барарын айтты.“Ишеним катта өкүлдүн реестрдеги каттоо номери жана катталган күнү көрсөтүлүшү керек. Мындай ишеним кат соттордо, мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана уюмдарда кардардын кызыкчылыгын коргоого негиз болот. Мыйзам юридикалык өкүлдөргө кесиптик этика талаптарын да жүктөйт. Алардын аракеттерине байланыштуу даттанууларды Адвокатуранын этика боюнча комиссиясы карай алат. Комиссиянын курамына Адвокатуранын беш өкүлү, эки юридикалык өкүл жана Юстиция министрлигинин эки өкүлү кирет. Кесиптик стандарттарды бузган учурда юридикалык өкүлдүн макамы үч, алты же 12 айга убактылуу токтотулушу мүмкүн. Ал эми соттун айыптоо өкүмү чыкса же этика боюнча комиссия тиешелүү сунуш киргизсе, анын макамы толугу менен токтотулушу мүмкүн”, — деди Казыбеков.Казыбеков юридикалык өкүлдөр мамлекет кепилдеген акысыз юридикалык жардам көрсөтүү системасына да катыша алышарын кошумчалады.Мындай учурда алардын кызматы адвокаттардыкындай эле мамлекеттик бюджеттин эсебинен төлөнөт.

media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/16/1104441806_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_42d34bf95d765036d2c801e6adfa660f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Кыргызстанда юридикалык өкүлдөрдүн реестри түзүлөт: алар адвокаттардан эмнеси менен айырмаланат?
11:04 22.10.2026 (Жаңыртылды: 11:16 22.10.2026) Коноктор
Мейил Бегилерова, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын төрайымыТамерлан Казыбеков, Юстиция министрлигине караштуу Адвокатура, медиация, укуктук жардам жана адам укуктары боюнча координациялык кеңешинин ишин камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги