https://sputnik.kg/20261022/1104438840.html
Экономист: ЕАЭБде Кыргызстан жаңы экономикалык моделге өтүшү керек

Sputnik Кыргызстан
Евразия экономикалык биримдигинде биздин өлкө импорттоочудан экспорттоочу моделине өтүшү керек. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда КР эмгек сиңирген... 22.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-22T09:04+0600
2026-10-22T09:04+0600
2026-10-22T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/16/1104438670_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9b7412912bc6b3e43f043521069dd752.jpg
Экономист: ЕАЭБде Кыргызстан жаңы экономикалык моделге өтүшү керек
Sputnik Кыргызстан
Евразия экономикалык биримдигинде биздин өлкө импорттоочудан экспорттоочу моделине өтүшү керек. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда КР эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору Роза Акназарова билдирди.
Анын айтымында азыр ЕАЭБ менен соода алакабыз 6,7 миллиард долларды түзсө, 4.5 миллард доллары импорт, калган 1,3 миллард доллары экспортко туура келет.
“ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын соода-экономикалык байланыштары өнүгүп жатат. Берилген маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүгүртүүсү 6,7 миллиард долларды түзөт. Анын ичинен 1,3 миллиард доллары экспортко, ал эми 5,4 миллиард доллары импортко туура келет. Соода жүгүртүүнүн негизги бөлүгү Россия жана Казакстан менен жүргүзүлөт. Тактап айтканда, Россия менен соода жүгүртүү 4 миллиард долларды, ал эми Казакстан менен 2 миллиард долларды түзөт. Экономикалык өсүш жагынан алганда, Кыргызстан ИДПсынын 11,1 пайызга өсүшү менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орундардын бирин ээледи. Эми Кыргызстандын алдында турган негизги милдет импортко көз каранды болгон экономикадан экспортко багытталган өндүрүштүк экономикага өтүү. Бул үчүн өлкөдө чийки затты жөн гана экспорттоо менен чектелбестен, аны кайра иштетип, кошумча наркы жогору даяр продукцияларды чыгарууга басым жасоо зарыл. Башкача айтканда, Кыргызстан чийки зат өндүргөн өлкөдөн аны кайра иштеткен, даяр товар чыгарган жана ошол товарларды тышкы рынокторго экспорттогон өлкөгө айланышы керек. Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин алкагында биргелешкен өндүрүш чынжырларын түзүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана ишканалардын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү багытында иштер жүргүзүлүүдө. Бул мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатууга натыйжалуу пайдалануу маанилүү. Мисалы, Кыргызстан компьютердик техника жана электрондук жабдууларды өндүрүү чынжырларына катышып, айрым тетиктерди жана жабдууларды чыгаруу багытында өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алууда. Ошондой эле машина куруу, жеңил өнөр жай жана башка өндүрүш тармактарында кооперациялык байланыштарды кеңейтүү үчүн шарттар түзүлүүдө”, — деди Акназарова.
Ошондой эле ал ЕАЭБдин алкагында илим тармагына да өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосунда илимий даражалардын жана наамдардын өз ара таанылышы илимий кызматташтыкты өнүктүрүп, тажрыйба алмашып, илимпоздор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын кошумчалады.
Евразия экономикалык биримдигинде биздин өлкө импорттоочудан экспорттоочу моделине өтүшү керек. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда КР эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору Роза Акназарова билдирди.Анын айтымында азыр ЕАЭБ менен соода алакабыз 6,7 миллиард долларды түзсө, 4.5 миллард доллары импорт, калган 1,3 миллард доллары экспортко туура келет.“ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын соода-экономикалык байланыштары өнүгүп жатат. Берилген маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүгүртүүсү 6,7 миллиард долларды түзөт. Анын ичинен 1,3 миллиард доллары экспортко, ал эми 5,4 миллиард доллары импортко туура келет. Соода жүгүртүүнүн негизги бөлүгү Россия жана Казакстан менен жүргүзүлөт. Тактап айтканда, Россия менен соода жүгүртүү 4 миллиард долларды, ал эми Казакстан менен 2 миллиард долларды түзөт. Экономикалык өсүш жагынан алганда, Кыргызстан ИДПсынын 11,1 пайызга өсүшү менен ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында алдыңкы орундардын бирин ээледи. Эми Кыргызстандын алдында турган негизги милдет импортко көз каранды болгон экономикадан экспортко багытталган өндүрүштүк экономикага өтүү. Бул үчүн өлкөдө чийки затты жөн гана экспорттоо менен чектелбестен, аны кайра иштетип, кошумча наркы жогору даяр продукцияларды чыгарууга басым жасоо зарыл. Башкача айтканда, Кыргызстан чийки зат өндүргөн өлкөдөн аны кайра иштеткен, даяр товар чыгарган жана ошол товарларды тышкы рынокторго экспорттогон өлкөгө айланышы керек. Бүгүнкү күндө ЕАЭБдин алкагында биргелешкен өндүрүш чынжырларын түзүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана ишканалардын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү багытында иштер жүргүзүлүүдө. Бул мүмкүнчүлүктөрдү Кыргызстандын экспорттук потенциалын жогорулатууга натыйжалуу пайдалануу маанилүү. Мисалы, Кыргызстан компьютердик техника жана электрондук жабдууларды өндүрүү чынжырларына катышып, айрым тетиктерди жана жабдууларды чыгаруу багытында өнүгүүгө мүмкүнчүлүк алууда. Ошондой эле машина куруу, жеңил өнөр жай жана башка өндүрүш тармактарында кооперациялык байланыштарды кеңейтүү үчүн шарттар түзүлүүдө”, — деди Акназарова.Ошондой эле ал ЕАЭБдин алкагында илим тармагына да өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, биримдикке мүчө мамлекеттердин ортосунда илимий даражалардын жана наамдардын өз ара таанылышы илимий кызматташтыкты өнүктүрүп, тажрыйба алмашып, илимпоздор үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/16/1104438670_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c3bb85bd77d8de629211a00523b24cc7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Экономист: ЕАЭБде Кыргызстан жаңы экономикалык моделге өтүшү керек
09:04 22.10.2026 (Жаңыртылды: 09:16 22.10.2026) Коноктор
Роза Акназарова, КР эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин доктору