00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Если разобраться...
Рынок без аренды, электростанция за $300 млн и стратегическая бумага
12:05
158 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
8 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргызстанда чет өлкөлүк капиталы бар компанияларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.Маалыматка ылайык, бул өлкө боюнча орточо көрсөткүчтөн 1,5 эсе жогору.Эң жогорку маяна финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу тармагында катталган. Бул тармакта орточо айлык 105,3 миң сомду түзгөн.Экинчи орунда маалымат жана байланыш тармагы турат. Анда кызматкерлердин орточо эмгек акысы 104,9 миң сомго жеткен. Ал эми кен казуу тармагында бул көрсөткүч 92,2 миң сомдун тегерегинде экени анык болду.Учурда Кыргызстанда чет өлкөлүк инвестиция тартылган 6,1 миң ишкана иштейт. Алардын айрымдары жергиликтүү ишкерлер менен биргеликте түзүлгөн. Ишканалардын дээрлик жарымында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн капиталы бар.
Бишкектеги "Мадина" базарынын ордуна заманбап шаарча курулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров базардын соодагерлери менен жолугушуу учурунда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, жаңы базарда бардык ишкерлер үчүн жетиштүү орун бөлүнүп берилет. Эске салсак, 30-августта эртең менен Бишкектеги ири базарлардын бири болгон "Мадинада" өрт чыгып, ал түндө гана өчүрүлгөн. ӨКМ өрт соода жайынын 1 500 чарчы метрге чукул аянтын жалмап кеткенин билдирген.Базарды көчүрүү маселеси ага чейин көтөрүлгөн. Мэрия мурдараак "Мадина" базары 1-августтан тарта реконструкцияланарын, андан улам жабыла турганын кабарлаган. Бирок соодагерлер шаардык бийлик сунуштаган башка базарга барууга макул эместигин, жаңы жердеги ижара акысы кымбат экендигин айтышкан. Мындан улам мэр Айбек Жунушалиев базарга барып, сатуучулар менен жолуккан . Анын жыйынтыгы менен "Мадина" 1-августтан тарта жабылбай, соодагерлерге жаңы базарга этап-этабы менен көчүп жайгашуусу үчүн кошумча убакыт жана үч айлык жеңилдетилген мөөнөт берилмей болгон.
Коргоо министрлигине караштуу Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүнүн биринин командири кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.Маалыматка караганда, аны Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Аскер прокуратурасы менен биргеликте колго түшүргөн. "Аталган аскер бөлүгүнүн командири И.А. кол алдындагы келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокерлерди үйүнүн курулушуна такай иштетип жүргөнү аныкталды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, курулуш иштерине тартылгандардын арасында аскер бөлүгүндө суткалык нөөмөттө турушу керек болгон жоокерлер да болгон", — деди атайын кызмат. Текшерүүнүн жыйынтыгында топтолгон материалдар Аскер прокуратурасына өткөрүлүп, факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси менен кылмыш иши козголду.Тергөө амалдарынын алкагында шектүү кармалып, Жазык-процесстик кодексинин 96-97-беренелерине ылайык, Бишкек шаардык ИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Вашингтон Украина президенти Владимир Зеленскийден жаңжалды жөнгө салуу боюнча келишимге кол коюшун гана каалайт. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп билдиргенин америкалык ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.Мындан тышкары, Трамп АКШнын Киевге жардамы кайгы-муң, өлүм гана алып келгенин белгилеген. Америка лидери Россиянын аскердик ийгиликтерин моюнга алып, аны алга карай умтулган кубаттуу машинага салыштырды. Ошондой эле Москва да чыр-чатактын бүтүшүн каалай турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0