00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
12:58
0 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
От саков и согдийцев до СССР: как складывалась общая история народов Центральной Азии
14:08
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Студенттердин ротациясы жана кыргыз университеттериндеги жаңы окуу жылында кандай өзгөчөлүктөр болот?
15:09
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Кыргызстанда кыймылсыз мүлккө байланыштуу нотариалдык бүтүмдөр үчүн мамлекеттик алымдар төмөндөтүлдү. Бул тууралуу Юстиция министрлиги билдирди. Ага ылайык, накталай эмес төлөм жүргүзүлгөн учурда жакын туугандар ортосундагы бүтүмдөр үчүн алым 1 000 сомдон 300 сомго, башка жеке жактар үчүн 2 000 сомдон 500 сомго, ал эми тараптардын бири юридикалык жак болгон учурда 5 000 сомдон 1 000 сомго чейин азайтылды. Накталай төлөмдөрдө жакын туугандар үчүн алым 10 000 сомдон 3 000 сомго, башка жеке жактар үчүн 20 000 сомдон 5 000 сомго, юридикалык жак катышкан бүтүмдөр үчүн 50 000 сомдон 10 000 сомго төмөндөдү. Министрлик бул өзгөртүүлөрдүн максаты мамлекеттик алымдардын өлчөмүн "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин тарифтерине шайкеш келтирүү экенин белгиледи.
87 жаш курагында Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү композитор, хормейстер жана педагог Турганбай Молдогазиев дүйнөдөн кайтты. Ал өмүрүн улуттук музыкалык өнөрдү өркүндөтүүгө, элдик каада-салтты сактоого жана жаш муунду тарбиялоого арнаган. Анын кыргыз маданиятына кошкон салымы өлкөнүн музыкалык мурасынын маанилүү бөлүгү бойдон калат. Турганбай Молдогазиев бала кезинен эле элдик чыгармаларга кызыгып, залкар Муса Баетовдун чыгармачылыгын үлгү тутунган. 1965-жылы аскерде кызмат өтөп жүргөн кезинде Москвада өткөн бүткүл союздук фестивалда комуз чертип, өнөрүн тартуулаган. Көрүүчүлөрдүн арасында туңгуч космонавт Юрий Гагарин да болуп, ал жаш өнөрпоздун чеберчилигине суктанган жана өзү басып келип таанышкан. Молдогазиев аны кыргыздын улуттук аспабы менен жакындан тааныштырган.
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан аттестатын ала албай жүргөн жаран Акыйкатчы институтунун кийлигишүүсүнөн кийин өздүк документин колуна алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институту кабарлады. Маалым болгондой, окуу жай мамлекет адисти даярдоого сарптаган 70 353 сом көлөмүндөгү чыгымды төлөмөйүн жарандын орто билим тууралуу аттестатын бербей келген. Арыз ээси 2023-жылдан бери созулуп келген маселе ушул жылдын 7-октябрында оң жагына чечилгенин билдирип, акыйкатчыга ыраазычылык катын жолдогон. Акыйкатчы институту буга чейин да Ош мамлекеттик университетинен (ОшМУ) өздүк документтерин кайтарып ала албай жаткан эки бүтүрүүчү кайрылганын эске салды. Акыйкатчы Жамиля Жаманбаеванын кийлигишүүсүнөн кийин алар да тиешелүү документтерине ээ болушкан. Акыйкатчы өздүк документтерди, анын ичинде орто билим жөнүндө аттестатты жана жогорку кесиптик билим тууралуу дипломду "Күрөө жөнүндө" мыйзамдын 4-беренесине ылайык күрөө катары кармоого мыйзам тарабынан жол берилбей турганын эскертти.
АКШ президенти Дональд Трамп Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу кадамдарына мурдагыдан да жакындап калышканын билдирди. "Менимче, биз тынчтыкка мурда болуп көрбөгөндөй жакындадык. Сүйлөшүүлөр өтө кылдат жүрдү", — деди ал. Кечээ Санкт-Петербургда Россиянын президенти Владимир Путин менен жолуккан АКШ лидеринин атайын чабарманы Стив Уиткофф сүйлөшүүлөр "жемиштүү өткөнүн" белгиледи. Москва тараптан бул жолугушууга РФ президентинин жардамчысы Юрий Ушаков менен атайын өкүл Кирилл Дмитриев да катышты. Сүйлөшүү аяктаган соң Ушаков "согушту токтотуу багытында алдыга жылыш бар экендигин" билдирген. Кийинки диалог Бириккен Араб Эмирликтеринин борбору Абу-Дабиде өтүшү ыктымалдыгы айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0