https://sputnik.kg/20261021/1104425396.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүктүн өсүшүнө байланыштуу электр энергиясын керектөө көлөмү жылына 7-8 пайызга жогорулап жатат. Бул тууралуу парламент... 21.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-21T13:00+0600
2026-10-21T13:00+0600
2026-10-21T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/15/1104425229_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_9e90a05e7b91ef7b651a70c4e694af46.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүктүн өсүшүнө байланыштуу электр энергиясын керектөө көлөмү жылына 7-8 пайызга жогорулап жатат. Бул тууралуу парламент жыйынында энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.Анын айтымында, учурда негизги көйгөй — электр энергиясын өндүрүү керектөөнүн өсүү темпин кууп жете албай жатканында. Учурда электр таңсыктыгын жоюу үчүн бир нече багыт каралып жатат."Биринчиси — кыска мөөнөттүү долбоорлор, тагыраагы, күндөн жана шамалдан электр энергиясын иштеп чыгуучу станцияларды куруу, буга эки-үч жыл убакыт кетет. Экинчиси — ири ГЭСтерди куруу", — деди министр.Ошондой эле ал электр энергиясынын таңсыктыгы 2029-2030-жылдары Кара-Кече жылуулук электр станциясынын курулушу менен толук чечилерин айтты.
Улуттук онкология жана гематология борборуна 2,5 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев билдирди.Ал буга чейин медициналык мекеменин жылдык бюджети 200 миллион сомдун тегерегинде болгонун белгиледи. Бул каражат Жогорку технологиялар фондунун линиясы аркылуу химиотерапия үчүн кымбат дары-дармек сатып алууга бөлүнүп келген."Дүйнөдө көптөгөн таргеттик препараттар иштелип чыгууда, алардын баасы да жогору. Бейтаптарыбызды камсыздоого 200 миллион сом деңиздеги тамчыдай эле. Бардык бейтаптарды дары-дармек менен камсыз кылуу үчүн орто эсеп менен 7-7,5 миллиард сом керек. 2025-жылы бул максатка мамлекеттик бюджеттен 800 миллион сом бөлүнгөн. Быйыл Онкология борборунун бюджети бир миллиард сомдун тегерегинде болду. Президенттин чечими менен биринчи жолу 2,5 миллиард сом бөлүнөт", — деди Букуев.
Өлкөдө кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн компанияларга 1 миллион сомго чейин айып пул салуу, айрым учурларда лицензиясын жокко чыгаруу жана ишкананы жоюу сунушталууда. Финансы министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, айып пулдун өлчөмү компаниянын акыркы 12 айдагы кирешесине жараша аныкталат. Мындан тышкары, мыйзам талаптарын бузган жетекчилер да юридикалык жактар менен катар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Мыйзам долбоорунда айып пул укук бузуунун түрүнө жана компаниянын кирешесине жараша белгиленген. Мисалы, кардарды текшерүү талаптарын бузган юридикалык жактарга 50 миңден 120 миң сомго чейин, ал эми санкциялык тизмедеги адамдарга каражат берүү же алардын активдерин тоңдуруу талаптарын бузган компанияларга 80 миңден 300 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталууда. Ал эми кылмыштуу кирешелерди адалдоого же кылмыштуу ишти каржылоого катышкан юридикалык жактарга 1 миллион сом айып пул салуу жана айрым учурларда ишкананы жабуу каралган.
АКШ президенти Дональд Трамп Европа өлкөлөрүн мыйзамсыз жүргөн мигранттардан тез арада тазаланууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Америка лидеринин айтымында, учурда Европада мыйзамсыз мигранттар менен сүйлөшүү мүмкүн болбой калды."Мындай адамдардан тезирээк арылуу керек. Болбосо жакын арада Европадан эч нерсе калбай калат", — деп эскертти АКШ президенти. Буга чейин Трамп эгер Европа аймактагы миграциялык саясатын чукул арада өзгөртпөсө, келечекте толугу менен жоголуп кетүү коркунучунда турганын билдирген болчу.
Кыргызстанда экономикалык ишмердүүлүктүн өсүшүнө байланыштуу электр энергиясын керектөө көлөмү жылына 7-8 пайызга жогорулап жатат. Бул тууралуу парламент жыйынында энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.Анын айтымында, учурда негизги көйгөй — электр энергиясын өндүрүү керектөөнүн өсүү темпин кууп жете албай жатканында. Учурда электр таңсыктыгын жоюу үчүн бир нече багыт каралып жатат."Биринчиси — кыска мөөнөттүү долбоорлор, тагыраагы, күндөн жана шамалдан электр энергиясын иштеп чыгуучу станцияларды куруу, буга эки-үч жыл убакыт кетет. Экинчиси — ири ГЭСтерди куруу", — деди министр.Ошондой эле ал электр энергиясынын таңсыктыгы 2029-2030-жылдары Кара-Кече жылуулук электр станциясынын курулушу менен толук чечилерин айтты.Улуттук онкология жана гематология борборуна 2,5 миллиард сом бөлүнөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурбек Букуев билдирди.Ал буга чейин медициналык мекеменин жылдык бюджети 200 миллион сомдун тегерегинде болгонун белгиледи. Бул каражат Жогорку технологиялар фондунун линиясы аркылуу химиотерапия үчүн кымбат дары-дармек сатып алууга бөлүнүп келген."Дүйнөдө көптөгөн таргеттик препараттар иштелип чыгууда, алардын баасы да жогору. Бейтаптарыбызды камсыздоого 200 миллион сом деңиздеги тамчыдай эле. Бардык бейтаптарды дары-дармек менен камсыз кылуу үчүн орто эсеп менен 7-7,5 миллиард сом керек. 2025-жылы бул максатка мамлекеттик бюджеттен 800 миллион сом бөлүнгөн. Быйыл Онкология борборунун бюджети бир миллиард сомдун тегерегинде болду. Президенттин чечими менен биринчи жолу 2,5 миллиард сом бөлүнөт", — деди Букуев.Өлкөдө кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана кылмыштуу ишти каржылоого байланыштуу мыйзам бузуулар үчүн компанияларга 1 миллион сомго чейин айып пул салуу, айрым учурларда лицензиясын жокко чыгаруу жана ишкананы жоюу сунушталууда. Финансы министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, айып пулдун өлчөмү компаниянын акыркы 12 айдагы кирешесине жараша аныкталат. Мындан тышкары, мыйзам талаптарын бузган жетекчилер да юридикалык жактар менен катар жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн. Мыйзам долбоорунда айып пул укук бузуунун түрүнө жана компаниянын кирешесине жараша белгиленген. Мисалы, кардарды текшерүү талаптарын бузган юридикалык жактарга 50 миңден 120 миң сомго чейин, ал эми санкциялык тизмедеги адамдарга каражат берүү же алардын активдерин тоңдуруу талаптарын бузган компанияларга 80 миңден 300 миң сомго чейин айып пул салуу сунушталууда. Ал эми кылмыштуу кирешелерди адалдоого же кылмыштуу ишти каржылоого катышкан юридикалык жактарга 1 миллион сом айып пул салуу жана айрым учурларда ишкананы жабуу каралган.АКШ президенти Дональд Трамп Европа өлкөлөрүн мыйзамсыз жүргөн мигранттардан тез арада тазаланууга чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Америка лидеринин айтымында, учурда Европада мыйзамсыз мигранттар менен сүйлөшүү мүмкүн болбой калды."Мындай адамдардан тезирээк арылуу керек. Болбосо жакын арада Европадан эч нерсе калбай калат", — деп эскертти АКШ президенти. Буга чейин Трамп эгер Европа аймактагы миграциялык саясатын чукул арада өзгөртпөсө, келечекте толугу менен жоголуп кетүү коркунучунда турганын билдирген болчу.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/15/1104425229_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_27eda5c437af37cb6ebafc1e50d3cc6c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио