https://sputnik.kg/20261021/1104421600.html
Жаңы антиинфляциялык программа: тоок ферма курам дегендерге өкмөт жеңилдетилген насыя берет
Жаңы антиинфляциялык программа: тоок ферма курам дегендерге өкмөт жеңилдетилген насыя берет
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2026–2027-жылдарга товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүн турукташтырууга багытталган жаңы чаралар планы иштелип чыкканын Суу... 21.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-21T11:04+0600
2026-10-21T11:04+0600
2026-10-21T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/15/1104421430_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8a7eb11597c4b607806987de97df8c69.jpg
Жаңы антиинфляциялык программа: тоок ферма курам дегендерге өкмөт жеңилдетилген насыя берет
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2026–2027-жылдарга товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүн турукташтырууга багытталган жаңы чаралар планы иштелип чыкканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин бөлүм башчысы Дамира Аскарбекова айтты.
Анын айтымында, өкмөт бул план аркылуу инфляцияны 7 пайыздык максаттуу көрсөткүчтүн чегинде кармоону, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону жана ата мекендик өндүрүштү көбөйтүүнү көздөөдө.
“Өлкөдө баанын өсүшүн турукташтырууга багытталган жаңы план иштелип чыкты. Анын негизги максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо болуп саналат. Өкмөт бул план аркылуу инфляцияны 7 пайыздык максаттуу көрсөткүчтүн чегинде кармоону көздөп, ата мекендик өндүрүштү көбөйтүүнү мерчемдеп жатат. Планга айыл чарбасын колдоо, эт өндүрүшүн көбөйтүү, мамлекеттик резервдерди толуктоо сыяктуу иштер кирген. Аны ишке ашырууга 36,6 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Алсак, дыйкандарды ресурстар менен камсыздоо, өндүрүмдүү малдын санын көбөйтүү, үрөн жана керектүү өлчөмдө минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылууга басым жасалат”, - деди Аскарбекова.
Ошондой эле логистикалык борборлорду куруу, ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү механизмдери иштелип жатканын кошумчалады.
Кыргызстанда 2026–2027-жылдарга товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасынын өсүшүн турукташтырууга багытталган жаңы чаралар планы иштелип чыкканын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин бөлүм башчысы Дамира Аскарбекова айтты.Анын айтымында, өкмөт бул план аркылуу инфляцияны 7 пайыздык максаттуу көрсөткүчтүн чегинде кармоону, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоону жана ата мекендик өндүрүштү көбөйтүүнү көздөөдө.“Өлкөдө баанын өсүшүн турукташтырууга багытталган жаңы план иштелип чыкты. Анын негизги максаты азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо болуп саналат. Өкмөт бул план аркылуу инфляцияны 7 пайыздык максаттуу көрсөткүчтүн чегинде кармоону көздөп, ата мекендик өндүрүштү көбөйтүүнү мерчемдеп жатат. Планга айыл чарбасын колдоо, эт өндүрүшүн көбөйтүү, мамлекеттик резервдерди толуктоо сыяктуу иштер кирген. Аны ишке ашырууга 36,6 миллиард сомдон ашык каражат каралган. Алсак, дыйкандарды ресурстар менен камсыздоо, өндүрүмдүү малдын санын көбөйтүү, үрөн жана керектүү өлчөмдө минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылууга басым жасалат”, - деди Аскарбекова.Ошондой эле логистикалык борборлорду куруу, ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү механизмдери иштелип жатканын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/15/1104421430_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_3917eb52a00d7f07b00cefed82c596b4.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Жаңы антиинфляциялык программа: тоок ферма курам дегендерге өкмөт жеңилдетилген насыя берет
11:04 21.10.2026 (Жаңыртылды: 11:16 21.10.2026) Коноктор
Дамира Аскарбекова, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин бөлүм башчысы