https://sputnik.kg/20261021/1104431144.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө"... 21.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-21T17:00+0600
2026-10-21T17:00+0600
2026-10-21T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/15/1104430977_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0ac3703ef8a3f070feb35a34d1079e05.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө" республикалык кеңешмесинде билдирди. Мындан тышкары, президент жаштарга билим берүү тармагынын келечегине токтолуп, университеттерди фундаменталдык, кибернетикалык жана инженердик-техникалык адистерди даярдоого багыттап, ал эми мектептерде STEM багытындагы сабактарга өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты. Ошондой эле дүйнөгө таанымал алдыңкы университеттер менен кош диплом программаларын өнүктүрүүгө жана алардын филиалдарын өлкөдө ачууга шарт түзүлөрү белгиленди. Муну менен катар кесиптик билим берүүдө реалдуу рыноктун талаптары эске алынып, окуу программалары ошого жараша түзүлөрү маалымдалды.
Жогорку Кеңеш Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жылдык компенсацияны 70 миллион сомдон 358 миллион сомго чейин көбөйтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Демилгечилердин бири депутат Болотбек Борбиевдин айтымында, учурдагы кенемтенин өлчөмү 2016-жылы белгиленип, азыркы экономикалык шартка, калктын муктаждыгына жооп бербей калды. "Токтогул ГЭСи менен суу сактагычын куруунун натыйжасында 33 миң гектар айыл чарба жери суу алдында калып, 18 миңден ашык адам башка жакка көчүрүлгөн. Мындан улам аймактарда бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр жаралган", — деди ал. Борбиев кошумчалагандай, каржылоону "Электр станциялары" ААКсынын ар жылдык чегерүүлөрүнүн эсебинен камсыз кылуу сунушталууда. Тагыраагы, республикалык бюджеттен акча бөлүнбөйт. Министрлер кабинети азыркы 70 миллион сомго кошумча 49 миллион сом бөлүүгө даяр экенин билдирди. Маселе мыйзам долбоору экинчи окууга киргенге чейин такталат.
Манас шаары өлкөнүн экинчи экономикалык борбору болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билдирди. Өлкө башчы калаага өзгөчө макам берилерин айтты. "Шаар түштүктөгү негизги логистикалык-транспорттук хабга жана ишкердик борборго айланат", — деди ал. Жапаров ошондой эле мамлекеттик саясаттын беш принциби бар экенин, анын бирине ылайык, аймактарда, ар бир райондо жумуш орундарын түзүү керектигин айтты. Президент айтымындамамлекет социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн стратеги жана архитектору катары иш алып барышы керек; ишкерлик менен алектенген жарандардын мамлекетке ишенимин арттыруу үчүн жеке менчикти коргоо башкы эреже болушу шарт; социалдык саясаттын көңүл чордонунда ар дайым үй-бүлө жана бала турушу зарыл; ачык-айкын, жоопкерчилик менен салык төлөгөн ишкерлер ар тараптан коргоого алынышы кажет.
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “КР Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып, концепциясы колдоо тапты. Парламенттен билдиришкендей, депутаттар Мирлан Жеенчороев, Марлен Маматалиев жана Алтынбек Кудайбердиев тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору горизанталдык жана вертикалдык адилеттик принциптерин сактоо менен салык төлөөчүлөрдүн ар кандай категорияларынын ортосунда киреше салыгы боюнча салыктык жүктү адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылууга багытталган. Тактап айтканда, кирешелери ар кандай болгон салык төлөөчүлөрдүн төлөгөн салыктары адилетүү болушу керек.
Жакында студенттерге насыя берүү ыкмасы ишке кирет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Алдыдагы беш жылдыкка карата стратегиялык милдеттер жөнүндө" республикалык кеңешмесинде билдирди. Мындан тышкары, президент жаштарга билим берүү тармагынын келечегине токтолуп, университеттерди фундаменталдык, кибернетикалык жана инженердик-техникалык адистерди даярдоого багыттап, ал эми мектептерде STEM багытындагы сабактарга өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты. Ошондой эле дүйнөгө таанымал алдыңкы университеттер менен кош диплом программаларын өнүктүрүүгө жана алардын филиалдарын өлкөдө ачууга шарт түзүлөрү белгиленди. Муну менен катар кесиптик билим берүүдө реалдуу рыноктун талаптары эске алынып, окуу программалары ошого жараша түзүлөрү маалымдалды.Жогорку Кеңеш Токтогул ГЭСин жана суу сактагычын курууда келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн жылдык компенсацияны 70 миллион сомдон 358 миллион сомго чейин көбөйтүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Демилгечилердин бири депутат Болотбек Борбиевдин айтымында, учурдагы кенемтенин өлчөмү 2016-жылы белгиленип, азыркы экономикалык шартка, калктын муктаждыгына жооп бербей калды. "Токтогул ГЭСи менен суу сактагычын куруунун натыйжасында 33 миң гектар айыл чарба жери суу алдында калып, 18 миңден ашык адам башка жакка көчүрүлгөн. Мындан улам аймактарда бир катар социалдык-экономикалык көйгөйлөр жаралган", — деди ал. Борбиев кошумчалагандай, каржылоону "Электр станциялары" ААКсынын ар жылдык чегерүүлөрүнүн эсебинен камсыз кылуу сунушталууда. Тагыраагы, республикалык бюджеттен акча бөлүнбөйт. Министрлер кабинети азыркы 70 миллион сомго кошумча 49 миллион сом бөлүүгө даяр экенин билдирди. Маселе мыйзам долбоору экинчи окууга киргенге чейин такталат.Манас шаары өлкөнүн экинчи экономикалык борбору болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн өтүп жаткан республикалык кеңешмеде билдирди. Өлкө башчы калаага өзгөчө макам берилерин айтты. "Шаар түштүктөгү негизги логистикалык-транспорттук хабга жана ишкердик борборго айланат", — деди ал. Жапаров ошондой эле мамлекеттик саясаттын беш принциби бар экенин, анын бирине ылайык, аймактарда, ар бир райондо жумуш орундарын түзүү керектигин айтты. Президент айтымындамамлекет социалдык-экономикалык өзгөрүүлөрдүн стратеги жана архитектору катары иш алып барышы керек; ишкерлик менен алектенген жарандардын мамлекетке ишенимин арттыруу үчүн жеке менчикти коргоо башкы эреже болушу шарт; социалдык саясаттын көңүл чордонунда ар дайым үй-бүлө жана бала турушу зарыл; ачык-айкын, жоопкерчилик менен салык төлөгөн ишкерлер ар тараптан коргоого алынышы кажет.Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “КР Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралып, концепциясы колдоо тапты. Парламенттен билдиришкендей, депутаттар Мирлан Жеенчороев, Марлен Маматалиев жана Алтынбек Кудайбердиев тарабынан демилгеленген бул мыйзам долбоору горизанталдык жана вертикалдык адилеттик принциптерин сактоо менен салык төлөөчүлөрдүн ар кандай категорияларынын ортосунда киреше салыгы боюнча салыктык жүктү адилет бөлүштүрүүнү камсыз кылууга багытталган. Тактап айтканда, кирешелери ар кандай болгон салык төлөөчүлөрдүн төлөгөн салыктары адилетүү болушу керек.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/15/1104430977_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_efa3e60b14bcc32bfb55627ab22a6b5c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио