https://sputnik.kg/20261021/1104427640.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, жөлөк пулдар майып... 21.10.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-10-21T15:00+0600
2026-10-21T15:00+0600
2026-10-21T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/15/1104427474_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_74efb2a54ff6d6fa6d4ef1a838270a38.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, жөлөк пулдар майып балдарга жөлөк пул 8 миң сомдон 11 миң сомго; жетим балдарга 6 миң сомдон 8 миң сомго; багуучусунан ажыраган балдарга 3 миң сомдон 5 миң сомго; баатыр энелерге жөлөк пул 3 миң сомдон 5 миң сомго; баатыр энелердин пенсиясына кошумча төлөм 1 миң сомдон 5 миң сомго жогорулайт. Ошондой эле улгайган жарандардын жөлөк пулу 50 пайызга көбөйүп, майыптыгы жана багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсиялар да жогорулатылат. Мындан тышкары, согуш ардагерлерине, чернобылчыларга, афганчыларга жана башка категориядагы жарандарга берилүүчү компенсациялар көбөйтүлөт. Аксы, Баткен жана Ош окуяларында жабыркагандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө төлөнүүчү жөлөк пулдар орточо 20 пайызга жогорулайт.
Бишкек шаарында автобус айдоочуларынын айлык маянасы орточо 70–80 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт ишканасынын башчысы Артур Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.Ал көп саат иштеген айдоочулар айына 210 миң сомго чейин таба алышарын белгиледи. "Айдоочу канчалык көп саат иштесе, маянасы ошончолук көп болот. Бирок ошол эле маалда бригадир анын ишин көзөмөлдөп турат. Айдоочулар орто эсеп менен 70-80 миң сом табат", — деди Өмүрзаков. Буга чейин айдоочулардын бири 15 нөөмөткө чыкканда 80-85 миң сом айлык аларын айткан.
Илимий даражасы бар кызматкерлерге төлөнүүчү ай сайынкы үстөк акыны эки эсе көбөйтүү сунушталды. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги сунуштаган токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.Ага ылайык, илимдин докторлоруна төлөнүүчү үстөк акы 2 700 сомдон 5 400 сомго, ал эми илимдин кандидаттары жана PhD докторлору үчүн 1 350 сомдон 2 700 сомго чейин жогорулатылышы мүмкүн. Документте жаңы өлчөмдөрдү 2027-жылдын 1-январынан тартып колдонуу каралган.Негиздемеде илимий даражасы бар кызматкерлерге үстөк акы төлөө үчүн жылдык чыгымдар 97,3 миллион сомго көбөйөрү айтылат. Натыйжада бул төлөмдөргө болгон жалпы жылдык муктаждык 194,6 миллион сомго жетет.Эсептөөлөр 4 968 илимий кызматкерге негизделген. Анын ичинен 1038и — илимдин докторлору, 3662си — илимдин кандидаттары, 268и — философия докторлору (PhD) жана тармак боюнча докторлор.
Кыргызстандыктар эми Бишкек жана Ош шаарларынан Омандын борбору Маскат аркылуу Сауд Арабиясынын Жидда жана Медина шаарларына уча алышат. "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы билдиргендей, Бишкектен каттамдар жумасына төрт жолу: шейшемби, бейшемби, жума жана ишемби күндөрү аткарылат. Ал эми Ош шаарынан учактар жумасына эки жолу: дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү учат. Эки багытта тең жүргүнчүлөр Маскат аркылуу Жидда же Медина шаарларына учуп, кайра Кыргызстанга кайта алышат.
Франциядагы "Улуттук биригүү" партиясынын парламенттик фракциясынын лидери Марин Ле Пен өлкө президенти Эммануэль Макрон нааразылык акцияларына байланыштуу кырдаалды көзөмөлдөй албай калганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.Ошондой эле ал ишемби күнкү окуялар толугу менен алдын ала белгилүү болгонун жана мындай көрүнүштөр акыркы жылдары дээрлик бардык демонстрацияларда кайталанып жатканын белгиледи.
Кыргызстанда 1-январдан тарта бир катар социалдык төлөмдөр көбөйөт. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, жөлөк пулдар майып балдарга жөлөк пул 8 миң сомдон 11 миң сомго; жетим балдарга 6 миң сомдон 8 миң сомго; багуучусунан ажыраган балдарга 3 миң сомдон 5 миң сомго; баатыр энелерге жөлөк пул 3 миң сомдон 5 миң сомго; баатыр энелердин пенсиясына кошумча төлөм 1 миң сомдон 5 миң сомго жогорулайт. Ошондой эле улгайган жарандардын жөлөк пулу 50 пайызга көбөйүп, майыптыгы жана багуучусунан ажырагандыгы боюнча пенсиялар да жогорулатылат. Мындан тышкары, согуш ардагерлерине, чернобылчыларга, афганчыларга жана башка категориядагы жарандарга берилүүчү компенсациялар көбөйтүлөт. Аксы, Баткен жана Ош окуяларында жабыркагандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө төлөнүүчү жөлөк пулдар орточо 20 пайызга жогорулайт.Бишкек шаарында автобус айдоочуларынын айлык маянасы орточо 70–80 миң сомду түзөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык транспорт ишканасынын башчысы Артур Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосундагы маегинде билдирди.Ал көп саат иштеген айдоочулар айына 210 миң сомго чейин таба алышарын белгиледи. "Айдоочу канчалык көп саат иштесе, маянасы ошончолук көп болот. Бирок ошол эле маалда бригадир анын ишин көзөмөлдөп турат. Айдоочулар орто эсеп менен 70-80 миң сом табат", — деди Өмүрзаков. Буга чейин айдоочулардын бири 15 нөөмөткө чыкканда 80-85 миң сом айлык аларын айткан.Илимий даражасы бар кызматкерлерге төлөнүүчү ай сайынкы үстөк акыны эки эсе көбөйтүү сунушталды. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги сунуштаган токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.Ага ылайык, илимдин докторлоруна төлөнүүчү үстөк акы 2 700 сомдон 5 400 сомго, ал эми илимдин кандидаттары жана PhD докторлору үчүн 1 350 сомдон 2 700 сомго чейин жогорулатылышы мүмкүн. Документте жаңы өлчөмдөрдү 2027-жылдын 1-январынан тартып колдонуу каралган.Негиздемеде илимий даражасы бар кызматкерлерге үстөк акы төлөө үчүн жылдык чыгымдар 97,3 миллион сомго көбөйөрү айтылат. Натыйжада бул төлөмдөргө болгон жалпы жылдык муктаждык 194,6 миллион сомго жетет.Эсептөөлөр 4 968 илимий кызматкерге негизделген. Анын ичинен 1038и — илимдин докторлору, 3662си — илимдин кандидаттары, 268и — философия докторлору (PhD) жана тармак боюнча докторлор.Кыргызстандыктар эми Бишкек жана Ош шаарларынан Омандын борбору Маскат аркылуу Сауд Арабиясынын Жидда жана Медина шаарларына уча алышат. "Кыргызстан аэропорттору" ишканасы билдиргендей, Бишкектен каттамдар жумасына төрт жолу: шейшемби, бейшемби, жума жана ишемби күндөрү аткарылат. Ал эми Ош шаарынан учактар жумасына эки жолу: дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү учат. Эки багытта тең жүргүнчүлөр Маскат аркылуу Жидда же Медина шаарларына учуп, кайра Кыргызстанга кайта алышат.Франциядагы "Улуттук биригүү" партиясынын парламенттик фракциясынын лидери Марин Ле Пен өлкө президенти Эммануэль Макрон нааразылык акцияларына байланыштуу кырдаалды көзөмөлдөй албай калганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик ЖМКларга шилтеме берип РИА Новости жазды.Ошондой эле ал ишемби күнкү окуялар толугу менен алдын ала белгилүү болгонун жана мындай көрүнүштөр акыркы жылдары дээрлик бардык демонстрацияларда кайталанып жатканын белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/0a/15/1104427474_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_52515b619a2d267f20ed84dff6a642c7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио