Сизге-бизге мейманга
Узак убакыттан бери Кыргызстандын башчысы биринчи жолу ЕБ лидерлери менен жолугушуу үчүн европалык турнеге чыкты. Австрияда, Швейцарияда, Бельгияда, Францияда жана Германияда президент Алмазбек Атамбаевди жакшы тосуп алышты. Өлкө башчы ал жакка мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулоо үчүн барган эле. Ал Европа үчүн азыр өтө маанилүү болуп турган геосаясий маселелер менен ресурстарды жөнгө салууда медиаторлукту сунуштай ала турган жаңы геосаясий оюнчунун ролун өзүнө алуу аракетин көргөн дейт серепчилер. КР менен ЕБдин ортосундагы мамилелердин бекемделишине европалык лидерлердин жооп иретинде республикага келиши далил болмокчу.
КРге келген дүйнөлүк саясатчылардын быйыл саны жыш болду. БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун, Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ (Индиянын премьер-министри Нарендра Моди, АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Азиянын эң табышмактуу лидерлеринин бири Гурбангулы Бердымухамедовдун келиши Кыргызстан чет элдик мамлекеттер үчүн өтө кызыктуу өнөктөш экендигинен кабар берет. Эгер Индия аскердик кызматташтыкты кеңейтүүгө ниет кылса, Япония энергетика жаатында стратегиялык өнөктөштөрдү, ал эми АКШ, эксперттердин пикиринде, Орто Азияда өз таасирин сактап калуу аракетинде саясий өнөктөштөрдү издөөдө. Ошону менен катар Борбор Азиянын лидерлери ички саясатын өз көз караштарына ылайык жүргүзүү укугун сактап калууда Керринин келиши июль айында АКШнын Мамлекеттик департаменти Аскаровго "Адам укуктарын коргоочу" наамын ыйгарганы үчүн Америка КРдин алдында өз күнөөсүн жууганга жасаган аракети менен да түшүндүрүлөт деп эсептейт саясат таануучулар. Аталган окуя Кыргызстан бийлигинин чоң нааразычылыгын жараткан эле. Мамдепартаменттин жасаганына КР менен АКШ өкмөттөрүнүн ортосундагы кызмат көрсөтүүдөгү жеңилдиктер туурасында келишимдин жоюлушу жооп болгон.
Алтынчы жана эч өзгөрүүсүз
Парламенттик шайлоо алдындагы жарыш Жогорку Кеңешке шайлоо күнү расмий жарыялангандан бир топ мурун башталган. Ири каржы ресурстарына, саясий амбицияга ээ жана элге таанымал, бирок анча популярдуу эмес партиялардан депутаттар башкалардын желеги алдында өз бактысын сынап көрүүнү чечип, көбү ийгиликке жете алды. Жаңы түзүлгөн жана өтө түрдүү жарандардын башын бириктирген "Кыргызстан" партиясы ЖКнын жаңы чакырылышында үчүнчү орунду ээледи. Дагы бир таң каларлык ачылыш, бийликтин таламдашы КСДП парламенттик шайлоодо эң алдыга озуп чыкканына карабай, парламентте абсолюттук көп орунга жете алган жок. Экинчи орунга чыккан оппозициялык "Республика — Ата-Журт" партиясы КСДПны такымдап келди. КСДПнын жалгыз жеңүүчү болбой калышын мамлекет башчысы шайлоонун биометриянын жардамы аркасында таза жана ачык өтүшү менен түшүндүрдү.
Шайлоо салыштырмалуу тынч жана митингсиз өткөнүн Атамбаев менен министрлер кабинети азыркыга чейин айтат.
Кумтөр, омбудсмен жана башка майда-бараттар
Саясий жашоо жыл аягында тынчый түшөт. Бирок бул жолу андай болбой калды. Парламенттин депутаттары өкмөт менен анча каршылыксыз эле келерки жылдын бюджетин кабыл алууга жетишти. Эл өкүлдөрү министрлер менен директорлорго сөөмөй кезегени менен, алардын сунуштаган киреше-чыгым планын колдоп беришти.
Ал эми акыйкатчыны шайлоого байланышкан окуяны алар батыраак унутсак дешет. Дегинкиси, өлкөнүн башкы коргоочусунун жок болушу депутаттардын анча тынчын албайт. Алар акыйкатчыны тандоого аракет жасап көрүштү, бирок шайлоонун финалына чыккан жалгыз талапкер Атыр Абдрахматова адам укуктарын коргоо жаатындагы көп жылдык тажрыйбасына карабай, эл өкүлдөрүнүн купулуна толгон жок. Депутаттар жаңы жылга жаңы акыйкатчы менен барууну чечишти окшойт, кечээ 63 добуш менен журналист, буга чейин Коомдук телерадикорпорацияны жетектеп келип, ЖК депутаттыгына "Кыргызстан" партиясынан ат салышып күчүн сынап көргөн Кубат Оторбаевди шайлап, антын алууга үлгүрүштү.
Апрелден бери чечилбей, күзгө калтырылган "Кумтөр" маселеси 5-декабрда кайра козголуп, болгондо да күтүүсүз чечимге ээ болду — өкмөт Centerra Gold Inc. менен сүйлөшүүлөрдөн чыгып, эми долбоорду толук кайра түзүү, ал үчүн жаңы инвесторлорду издөө маселесин кароодо. Себеби Кыргызстан алтын кен жайын өз алдынча иштете албайт. Мамлекет башчысынын Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө барышы мүмкүн ушундай чечимге себеп болгон чыгар. Араб дүйнөсүнүн акча менен алтынга бай өлкөлөрү, балким, алтын кен жайына кызыгып калгандыр. Бирок бул туурасында өкмөт Centerra Gold Inc. менен талаш-тартышынын чечилиши жөнүндө билдиргенден кийин кеп кылууга болот. Саясий турмуштагы дагы бир чоң толкун президент Алмазбек Атамбаевдин ЖМК менен ар жылкы ири маалымат жыйындагы ачык айткандары болду. Анда ал эки айдан бери жүрүп жаткан Түркия менен Россиянын ортосундагы дипломатиялык кыйынчылыктарга карата Кыргызстандын көз карашын айкын билдирди. Республика үчүн бирдей өнөктөш болуп эсептелген бул эки өлкөнүн кимисине тартуу жөнүндө чечим мамлекет башчысы үчүн оңойго турган жок көрүнөт. Анын үстүнө, Атамбаевдин өзүн Путин менен да, Эрдоган менен да узактан берки жылуу мамилелер байланыштырып турат. Дагы бир күтүүсүз нерсе, Россия Нарын ГЭСинин жогорку каскады менен Камбар-Атаны куруу боюнча долбоорду ишке ашырууга кудурети жетпей турганы жөнүндө билдирүү болду "Эмне үчүн РФ долбоорду азырынча ишке ашыра албастыгын түшүнөбүз жана башка инвесторлорду табууга даярбыз", — деди президент.
Бештиктин бирдиги
Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия өлкөлөрүнүн ЕАЭБ деп аталган экономикалык жана саясий биримдиги акыры 2015-жылдын августунда ишке ашты. Ага чейин узакка созулган жана айрым учурда татаал сүйлөшүү процесстери жүрдү. Май айында документтерге кол коюуда мамлекет башчысы өлкө үчүн мындай маанилүү кадам алдында үч түн бою уктабаганын мойнуна алды Кыргызстан ошентип, дал ошол абалкы өнөктөштөрү менен стратегиялык жактан кызматташа тургандыгын, бирок өлкө түрдүү сунуштарга ачык экендигин жар салды. Чыгыш саясатчыларынын келиши андай сунуштар дагы алдыда экенинен кабар берет.
Дүйнөлүк каргаша КРде
Жай күндөрү өлкөдө өзүн ачык көрсөткөн терроризмге каршы күрөш кыргызстандыктар үчүн таптакыр күтүүсүз болду. Андан ары түрмөдөн качкандар, аларды жок кылуу жана Кыргызстандагы радикалдуу ислам топторун кескин сынга алган теолог Кадыр Маликовго кол салуу катталды. Бул жагдай Кыргызстан тышкы коркунучтарга толук даяр эместигин көрсөттү. Дин жаатындагы мүчүлүштүктөрдү президент да, өкмөт да моюнга алды. Азыр президент менен премьер радикалдык исламга каршы катуу ыкмалар менен, анын ичинде, эгер мыйзам жол берсе, өлүм жазасына тартуу аркылуу да күрөшүүгө чакырууда
Кадрлар арасындагы башаламан
Май айында киребиз деген убада дагы үч айга созулуп кетти. Бирок Оторбаев үчүн мунун анча мааниси жок эле. Ал саясат айдыңында "Ата Мекен" партиясынан парламентке талапкер катары жупуну бир жылдыздай дагы бир жолу чыгып, партия депутаттык орунга жеткен соң дароо жок болуп кетет.
Мамлекет башчысынын принципиалдуулугу президенттик аппараттын жетекчиси Данияр Нарымбаевге байланышкан чуулгандуу окуяда дагы бир жолу көрүндү. Нарымбаев пара доолап, кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кесилип кетти. Депутаттарга, экс-мэр Нариман Тюлеевге байланышкан бул окуя адилет соттун алы баарына, ал тургай, бийик даражалуу атка минерлерге да жете ала турганын, демек коррупция өз күчүн жоготуп бара жатканын көрсөттү.
Келерки жыл Кыргызстан үчүн бекемдиктин анык сынагы болот. ЕАЭБге кошулуу жөнүндө чечим канчалдык пайдалуу же зыяндуу болгонун өлкө анык көрүп-сезет, себеби республика азырынча кирешеге караганда, чыгашасын көбүрөөк саноо менен алек. 2016-жыл президенттик шайлоого карата жарыштын башталышы болуп, ал жарыш 2017-жылы аягына чыгат. Кимдер катыша турганы аныкталып, КРдин бешинчи президенти болууга тиги же бул талапкер татыктуу экенин далилдөөгө аз гана убакыт калат. Анын үстүнө, Атамбаев өзүнүн маалымат жыйынында президент же премьер-министр болгондон көрө, мышыктарды тегерете курчатып алып, китеп окуганды же пианинодо ойноону үйрөнгөндү артык көрө турганын дагы бир жолу айтты.