БИШКЕК, 22-июль — Sputnik. Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев коррупцияга шектелип Башкы прокуратура тарабынан кармалганын мекеменин маалымат кызматы билдирди.
2015-жылдын 15-июлунда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазовго жана башка кызмат адамдарына карата Кылмыш жаза кодексинин "коррупция", "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" жана "пара талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.
Тергөө учурунда аныкталгандай, Коркмазов президенттин аппаратынын жетекчиси Нарымбаев менен сүйлөшүп алып, экс-депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан кылмыш ишин оң жагына чечип берем деп 200 миң доллар талап кылган.
Ошондой эле, 2015-жылдын 7-майында Нарымбаев Коркмазов аркылуу Түлеевдин кызынан 50 миң АКШ долларын алганы аныкталганы Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө айтылат.
Сурак учурунда Коркмазов Түлеевдин кызынан 7-майда параны Нарымбаевдин жеке көрсөтмөсү боюнча алганын жана ошол эле күнү каражатты ага бергенин айткан.
Учурда аталган окуяга тийиштиги бар башка кишилерди аныктоо иштери жүрүүдө.
Нарымбаев буга чейин ээлеген кызматынан кетүү боюнча президентке арыз жазып, аны Атамбаев канааттандырган болчу.