https://sputnik.kg/20260601/1101627364.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мектептерге алты күндүк окууга өтүүгө уруксат берүү сунушталды Учурдагы мыйзамдарда мектептер үчүн беш күндүк окуу жумасы каралган. Агартуу министрлиги бул... 01.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-01T08:59+0600
2026-06-01T08:59+0600
2026-06-01T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/01/1101627198_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3f1e2458cec2f9bd0d64624ca05c0757.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Мектептерге алты күндүк окууга өтүүгө уруксат берүү сунушталды Учурдагы мыйзамдарда мектептер үчүн беш күндүк окуу жумасы каралган. Агартуу министрлиги бул норманы “беш күндүк жана/же алты күндүк окуу жумасы” деп өзгөртүүнү сунуштоодо. Ошол эле учурда кайсы мектептер жаңы тартипке өтөрү, мындай чечимди ким кабыл алары жана анын милдеттүү же ыктыярдуу болору такталган эмес. Минкабдын токтом долбооруна ылайык, мектептердеги окуу сентябрда башталары жазылган. Мурда 1-сентябрдан болчу. Эске салсак, өлкөдө өтө турган эл аралык иш-чараларга байланыштуу 2026-2027-окуу жылы 15-сентябрда башталат.
Окуучулар менен студенттерди баңгизатка милдеттүү текшерүүдөн өткөрүү сунушталууда Жогорку Кеңештин токтом долбоорунда бул демилге өспүрүмдөр жана жаштар арасында баңгизат колдонгондор көбөйүп жаткандыктан көтөрүлгөнү белгиленди. Долбоорго ылайык, 9-11-класстын окуучулары окуу жылында үч жолу баңгизат жана психотроптук затка анализ тапшырууга тийиш болот. Ал эми жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттери окууга тиешелүү маалымкаттарды көрсөтүшү керек. Депутаттар Улан Сариев менен Максат Алымбеков бул системаны 1-сентябрдан тартып этап-этабы менен Бишкек жана Ош шаарларында киргизүүнү сунушташууда.
Бишкекте таксилерге атайын тилке менен жүрүүгө уруксат берүү сунушталды Вице-мэр Жибек Жолу проспекти, Абдрахманов, Курманжан датка жана Ахунбаев көчөлөрүндө коомдук транспортко арткычылык берген тилкелер болорун эске салды. “Чечим көпчүлүккө жакпайт, айдоочуларга ыңгайсыз болорун түшүнөбүз. Бирок коомдук транспорт жылына 220 миллион жүргүнчү ташыйт. Ошону эске алып, ага артыкчылык берүү зарыл”, — деди Рамиз Алиев. Мындан тышкары, аталган тилке менен атайын жана коммуналдык техниканын жүрүшүнө уруксат берүү зарылдыгы кошумчаланды.
1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык майрамына байланыштуу "Ала-Тоо" аянты автоунаалар үчүн жабык болот. Убактылуу тосула турган көчөлөр: Чүй проспектинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик г]лбагына чейинки аралыгы Орозбеков көчөсүнүн Фрунзеден Чүй проспектисине чейинки бөлүгү. Милициянын Кайгуул кызматы элге маршрутун алдын ала пландаштырууну эскертти.
Мектептерге алты күндүк окууга өтүүгө уруксат берүү сунушталды Учурдагы мыйзамдарда мектептер үчүн беш күндүк окуу жумасы каралган. Агартуу министрлиги бул норманы “беш күндүк жана/же алты күндүк окуу жумасы” деп өзгөртүүнү сунуштоодо. Ошол эле учурда кайсы мектептер жаңы тартипке өтөрү, мындай чечимди ким кабыл алары жана анын милдеттүү же ыктыярдуу болору такталган эмес. Минкабдын токтом долбооруна ылайык, мектептердеги окуу сентябрда башталары жазылган. Мурда 1-сентябрдан болчу. Эске салсак, өлкөдө өтө турган эл аралык иш-чараларга байланыштуу 2026-2027-окуу жылы 15-сентябрда башталат.Окуучулар менен студенттерди баңгизатка милдеттүү текшерүүдөн өткөрүү сунушталууда Жогорку Кеңештин токтом долбоорунда бул демилге өспүрүмдөр жана жаштар арасында баңгизат колдонгондор көбөйүп жаткандыктан көтөрүлгөнү белгиленди. Долбоорго ылайык, 9-11-класстын окуучулары окуу жылында үч жолу баңгизат жана психотроптук затка анализ тапшырууга тийиш болот. Ал эми жогорку жана орто кесиптик окуу жайларынын студенттери окууга тиешелүү маалымкаттарды көрсөтүшү керек. Депутаттар Улан Сариев менен Максат Алымбеков бул системаны 1-сентябрдан тартып этап-этабы менен Бишкек жана Ош шаарларында киргизүүнү сунушташууда. Бишкекте таксилерге атайын тилке менен жүрүүгө уруксат берүү сунушталды Вице-мэр Жибек Жолу проспекти, Абдрахманов, Курманжан датка жана Ахунбаев көчөлөрүндө коомдук транспортко арткычылык берген тилкелер болорун эске салды. “Чечим көпчүлүккө жакпайт, айдоочуларга ыңгайсыз болорун түшүнөбүз. Бирок коомдук транспорт жылына 220 миллион жүргүнчү ташыйт. Ошону эске алып, ага артыкчылык берүү зарыл”, — деди Рамиз Алиев. Мындан тышкары, аталган тилке менен атайын жана коммуналдык техниканын жүрүшүнө уруксат берүү зарылдыгы кошумчаланды.1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык майрамына байланыштуу "Ала-Тоо" аянты автоунаалар үчүн жабык болот. Убактылуу тосула турган көчөлөр: Чүй проспектинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик г]лбагына чейинки аралыгы Орозбеков көчөсүнүн Фрунзеден Чүй проспектисине чейинки бөлүгү. Милициянын Кайгуул кызматы элге маршрутун алдын ала пландаштырууну эскертти.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/01/1101627198_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_37599838665a710272184a8fa2fa7a1d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио