Оторбаев Кубатбек Табылдиевич. Өмүр баяны

© пресс-служба Жогорку Кенеша КРКубат Оторбаев. Архив
Кубат Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубатбек Оторбаев 1972-жылы Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган.

Билими жогорку.1995-жылы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган. Журналисттик кесиби боюнча Чехия, Россия жана АКШда стажировка өткөн.

Эмгек жолу:

  • 1994-2000 – “Асаба” гезитинин корреспонденти, башкы редактордун орун басары;
  • 2000-жылы — “Кыргыз Руху” гезитинин башкы редактору;
  • 2000-2002 — Тынчтык жана согушту чагылдыруу боюнча IWPR Британ институтунда стрингер;
  • 2002-2005 — "Азаттык" радиосу менен Интернет-сайттын корреспонденти жана редактору;
  • 2005- жылы — "Азаттык медиасынын" директору;
  • 2010-жылы — Коомдук телерадио корпорациясынын убактылуу башкы директору;
  • 2010 —2014 — Коомдук телерадио корпорациясынын башкы директору болуп дайындалган;
  • 2015-жылдын 30-декабрында Жогорку Кеңеш депутаттарынын көпчүлүк добушу менен акыйкатчысы болуп шайланды.

"Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын автору.

Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0