https://sputnik.kg/20260601/1101638995.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров ата-энесинин камкордугунан ажыраган, интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнөн кабар алып, жашоо шартын көрдү. Бул... 01.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-01T17:00+0600
2026-06-01T17:00+0600
2026-06-01T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/01/1101638829_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_46fbc1331b5a2d337239736eb4b64427.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров ата-энесинин камкордугунан ажыраган, интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнөн кабар алып, жашоо шартын көрдү. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады. Жатак-мектептерди жана кесиптик лицейлерди аяктагандан кийин окуу жайлардын жатаканаларынан чыгууга аргасыз болгон көптөгөн бүтүрүүчүлөр өз алдынча жашоо баскычында турак жайдын жоктугу көйгөйүнө туш болушкан. Жаштардын бул категориясын социалдык колдоо максатында МИК жаштар үчүн атайын социалдык конок үйүн бөлгөн, ал жерде бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларында окуу мезгилинде же жумушка орношуу учурунда жашай алышат. Батирлер балдарга жана кыздарга арналган эки блоктон турат. Учурда бул жайда 16 жаштан 18 жашка чейинки 25 бүтүрүүчү жашайт. Алар — Бишкектеги, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы мектеп-интернаттардын жана кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү. Жапаров турак жайларды көрүп чыгып, жаштардын жашоо-тиричилик шарттары менен таанышып, алар менен баарлашты. Келечекте алар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай программаларына кезексиз катышуу укугуна ээ болушат. Мындан тышкары, өз үйүн сатып алуу үчүн мамлекеттик "Келечекке салым" программасынын алкагында берилүүчү 500 миң сом өлчөмүндөгү топтомо депозиттин каражаттарын пайдалана алышат.
Кыргызстандын демилгеси менен ЕАЭБ өлкөлөрү агроөнөр жай тармагындагы долбоорлорду биргелешип каржылай баштайт. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Султан Ахматов билдирди. Анын айтымында, программанын алкагында кайра иштетүү үчүн чийки зат импорттолмокчу. Долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу Кыргызстандан программага "Кыргызэлектроника" компаниясы катышып жатканын билдирди. Ал ноутбук жана компьютерлер үчүн корпустарды чыгарып, Россияга ташыйт.
Өкмөт өкүлү дарыгерлерди айлык көбөйгөндөн кийин иштин сапатын жогорулатууга чакырды Минкаб төрагасынын орун басары Ош шаардык клиникалык ооруканасына барып, жамаат менен жолукту. Ал урологдон айлыгы канчага көтөрүлгөнүн сураган. Дарыгер азыр 58 миң сом аларын айткан. “Урматтуу дарыгерлер, президенттин чечими менен сиздердин айлыгыңыздар 100% өстү, муну өзүңүздөр да тастыктап жатасыздар. Ошондуктан калкка кызматты дагы сапаттуу көрсөтүңүздөр”, — деди Улан Маматканов.
Владимир Зеленскийдин өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аталышын Украинанын көтөрүлүшчүлөр армиясынын (УКА, УПА)* урматына өзгөртүү чечими Киев менен Варшаваны катуу араздаштырды. Бул тууралуу Telegraph жазды. Зеленскийдин бул кадамын Польша президенти Кароль Навроцкий, премьер-министри Дональд Туск жана мурунку башчысы Лех Валенса кескин сынга алган. Өткөн жумада Киев режиминин башчысы Украин улутчулдарынын уюмун жетектегендердин бири Андрей Мельниктин сөөгүн кайра көмүү иш-чарасына катышып, атайын операциялардын "Север" борборуна УКА баатырларынын урматына жаңы аталыш ыйгарган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Украинанын аталган топтору гитлерчилердин катарында советтик жоокерлерге каршы согушкан. 1943-жылы Волында поляктарды жапырт кыргандар да ушулар болгон. Улутчулдар менен кызматташуудан баш тарткан миңдеген украиналык дал ушул уюмдардын баш кесерлери тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Президент Садыр Жапаров ата-энесинин камкордугунан ажыраган, интернат тибиндеги балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнөн кабар алып, жашоо шартын көрдү. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" кабарлады. Жатак-мектептерди жана кесиптик лицейлерди аяктагандан кийин окуу жайлардын жатаканаларынан чыгууга аргасыз болгон көптөгөн бүтүрүүчүлөр өз алдынча жашоо баскычында турак жайдын жоктугу көйгөйүнө туш болушкан. Жаштардын бул категориясын социалдык колдоо максатында МИК жаштар үчүн атайын социалдык конок үйүн бөлгөн, ал жерде бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларында окуу мезгилинде же жумушка орношуу учурунда жашай алышат. Батирлер балдарга жана кыздарга арналган эки блоктон турат. Учурда бул жайда 16 жаштан 18 жашка чейинки 25 бүтүрүүчү жашайт. Алар — Бишкектеги, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы мектеп-интернаттардын жана кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү. Жапаров турак жайларды көрүп чыгып, жаштардын жашоо-тиричилик шарттары менен таанышып, алар менен баарлашты. Келечекте алар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай программаларына кезексиз катышуу укугуна ээ болушат. Мындан тышкары, өз үйүн сатып алуу үчүн мамлекеттик "Келечекке салым" программасынын алкагында берилүүчү 500 миң сом өлчөмүндөгү топтомо депозиттин каражаттарын пайдалана алышат. Кыргызстандын демилгеси менен ЕАЭБ өлкөлөрү агроөнөр жай тармагындагы долбоорлорду биргелешип каржылай баштайт. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Султан Ахматов билдирди. Анын айтымында, программанын алкагында кайра иштетүү үчүн чийки зат импорттолмокчу. Долбоорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ал эми ЕАЭБди координациялоо башкармалыгынын башчысы Элимбек Каныбек уулу Кыргызстандан программага "Кыргызэлектроника" компаниясы катышып жатканын билдирди. Ал ноутбук жана компьютерлер үчүн корпустарды чыгарып, Россияга ташыйт.Өкмөт өкүлү дарыгерлерди айлык көбөйгөндөн кийин иштин сапатын жогорулатууга чакырды Минкаб төрагасынын орун басары Ош шаардык клиникалык ооруканасына барып, жамаат менен жолукту. Ал урологдон айлыгы канчага көтөрүлгөнүн сураган. Дарыгер азыр 58 миң сом аларын айткан. “Урматтуу дарыгерлер, президенттин чечими менен сиздердин айлыгыңыздар 100% өстү, муну өзүңүздөр да тастыктап жатасыздар. Ошондуктан калкка кызматты дагы сапаттуу көрсөтүңүздөр”, — деди Улан Маматканов.Владимир Зеленскийдин өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн аталышын Украинанын көтөрүлүшчүлөр армиясынын (УКА, УПА)* урматына өзгөртүү чечими Киев менен Варшаваны катуу араздаштырды. Бул тууралуу Telegraph жазды. Зеленскийдин бул кадамын Польша президенти Кароль Навроцкий, премьер-министри Дональд Туск жана мурунку башчысы Лех Валенса кескин сынга алган. Өткөн жумада Киев режиминин башчысы Украин улутчулдарынын уюмун жетектегендердин бири Андрей Мельниктин сөөгүн кайра көмүү иш-чарасына катышып, атайын операциялардын "Север" борборуна УКА баатырларынын урматына жаңы аталыш ыйгарган. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Украинанын аталган топтору гитлерчилердин катарында советтик жоокерлерге каршы согушкан. 1943-жылы Волында поляктарды жапырт кыргандар да ушулар болгон. Улутчулдар менен кызматташуудан баш тарткан миңдеген украиналык дал ушул уюмдардын баш кесерлери тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/01/1101638829_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_08567fa6325d88d26c54688b8ef3e8d5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио