Өкмөт "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо боюнча сүйлөшүүдөн чыкты

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКумтөр. Архив
Кумтөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз өкмөтү ири долбоордун мурдагыдай эле үзгүлтүксүз иштөөсүнө кызыкдар экенин белгилеп, мындан кийинки иш-аракети ачык-айкын болот деген ишенимин билдирди.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо макулдашуусун ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоткону тууралуу Centerra Gold Inc. компаниясын кабардар кылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аталган маселе 2015-жылдын апрель айынан бери бир ордунда турат.

Өкмөт үстүбүздөгү жылдын март айында Centerra Gold Inc. компаниясы тарабынан биргелешкен ишкананы каттоо жана башкаруу, сот иштеринин чечилиши, жетекчиликтин укугу жана жоопкерчилиги боюнча кыргыз тарап үчүн таптакыр ыңгайсыз шарттарды талап кылган. 

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы жылдан тартып "Кумтөрдүн" иши токтоп калышы мүмкүн
Өз кезегинде Centerra Gold Inc. компаниясы "Кумтөр" кениндеги экологиялык маселелерди комплекстүү чечүүгө байланышкан "АМЕС" компаниясынын сунуштарын ишке ашыруу жага толук эсепке алуу талабын кабыл алган эмес.

Сүйлөшүүнүн токтоткондугу тууралуу арыз менен бирге кыргыз өкмөтү "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруу боюнча учурдагы макулдашуу бүгүнкү күндүн талабына жооп бербей турганын билдирди.

Мындан улам өкмөт долбоорду реструктуризациялоонун жаңы вариантын демилгелейт. Ал кендин иштешинен Кыргызстанга да ири киреше түшүүсүн, жаратылышты коргоону маселелеринин комплекстүү чечилишин, ошондой эле корпоративдүү башкаруунун механизмдерин жакшыртууну шарттайт.

Өкмөт мурдагыдай эле "Кумтөр" кенинин тынымсыз иштөөсүнө кызыкдар экенин билдирүү менен Centerra Gold Inc. компаниясы да мунасага келерине ишеним артат. Бул аталган долбоордун дүйнөлүк тажрыйбанын үлгүсүндө ачык-айкындуулукту камсыз кылган стандарттар менен мындан аркы өнүгүүсүнө өбөлгө болуп берерин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0