00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Элди түйшүккө салган сел кырсыктары: кесепеттерди жоюу жана кенемте маселеси кандай болуп жатат?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
51 мин
Особый акцент
On air
14:52
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров кичинекей кыргызстандыктарды Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, кеп-кеңешин берди. Кайрылууну "Ынтымак ордо" жарыялады. Өлкө башчысы балалык адам өмүрүндөгү эң аруу, эң таза жана эң бактылуу мезгил экенине токтолуп, дал ошол кезде бала дүйнөнү таза жүрөк, чексиз ишеним жана чоң кыялдар менен кабылдай турганын белгилеген. "Бүгүнкү күндө жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн заманында өсүп келе жатасыңар. Билимге умтулган, дүйнө таанымы кенен, Ата Мекенин сүйгөн жаш муун – Кыргызстандын эң чоң байлыгы жана келечеги. Ошондуктан ар бириңер терең билим алып, адептүү, эмгекчил, мекенчил инсан болуп өсүшүңөр абдан маанилүү", — деди Жапаров. Өлкө башчы ошондой эле ата-энелерге кайрылып, балага татыктуу тарбия, терең билим берүү улуттун келечегине салынган инвестиция экенин белгиледи.
Билим берүү министрлигинен баланы 1-класска киргизүү үчүн электрондук каттоодон кантип өтүү керектигин айтып беришти. Бул этапта ата-энелер же мыйзамдуу өкүлдөр жашаган жерине карабастан бош орундар бар мектептерге балдарын каттай алышарын дагы бир ирет эске салышты. Катталыш үчүн төмөнкүлөрдү жасоо керек: 1. 1mektep.edu.gov.kg порталына кириңиз; 2. ата-эне же мыйзамдуу өкүл катары катталыңыз; 3. жеке кабинетке кирип "Өтүнмө берүү" баскычын басыңыз; 4. мектепти жана окутуу тилин тандаңыз; 5. арызыңызды ырастаңыз. Бул окуу жылында биринчи класска 2019-2020-жылдары төрөлгөн бөбөктөр барат.
Жакында ири ГЭС жана күн станциялары ишке киретЭнергетика министринин орун басары Салават Садыракунов өлкөдөгү ири энергетикалык долбоорлордун курулушунун жүрүшүн текшерди.Министрлик билдиргендей, жакынкы айларда бир катар стратегиялык объектилер пайдаланууга берилет. Анын ичинде кубаттуулугу 150 МВт болгон «РЭЦА» күн электр станциясынын биринчи фазасы июнь айынын ортосунда аяктайт. 21 МВттык Орто-Токой ГЭСи июль айына чейин ишке киргизүүгө даяр болот. Ал эми 100 МВт кубаттуулуктагы «Бишкек Солар» күн электр станциясынын биринчи этабы август айында пайдаланууга берилет. Жетекчилик курулуш иштеринин сапатын көзөмөлдөөнү күчөтүп, долбоорлорду белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү тапшырды.
Россиянын президенти Владимир Путин Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерден алардын өлкөсүнө товар импорттоонун жөнөкөйлөтүлгөн тартибин узартты. РФ башчысынын жарлыгына ылайык, эми бул эреже ушул жылдын 31-августуна чейин иштейт. Буга чейин аталган мөөнөт 31-майга чейин деп белгиленген болчу. Жөнөкөйлөтүлгөн эрежелердин аркасында ишкерлер менен россиялык компаниялар товарларды өлкөгө алгач алып кирип, андан кийин гана алардын кайдан келгенин далилдеп, тиешелүү белгилерин (маркалоо иши) баса алышат. Мындай жеңилдик жеке ишкерлер менен россиялык ишканалар үчүн апрель айынын аягында киргизилген болчу. Тагыраагы, товарды чек арадан тез өткөрүп, дароо кампага киргизип, же соодага сала алышат. Документтерди толтуруу жана маркалоону кийинчерээк деле кылса болот. Бул чечим ЕАЭБ өлкөлөрүнөн, анын ичинде Кыргызстандан Россияга товар экспорттогон ишкерлер үчүн соода процессин жеңилдетмекчи.
Жаңылыктар түрмөгү
0