https://sputnik.kg/20260602/1101646216.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ишке ашырылган эки реформанын жыйынтыгын чыгарды. Биринчи... 02.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-02T08:59+0600
2026-06-02T08:59+0600
2026-06-02T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/02/1101646050_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_81f507da0f61b178cd9ef32dbb8ce7d5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ишке ашырылган эки реформанын жыйынтыгын чыгарды. Биринчи реформа бажы каттоосундагы уруксат берүүчү документтерди алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталды. Натыйжада арыздарды кароо мөөнөтү 14 жумушчу күндөн 3 күнгө чейин кыскартылып, ишкерлер документтерди бирдиктүү санариптик система аркылуу тапшыра баштады. Экинчи реформа аскерге чакырылуучулардын медициналык кароосун санариптештирүүгө байланыштуу болду. Sanarip Clinic системасынын негизинде жүргүзүлгөн пилоттук долбоордун алкагында 788 жаран электрондук медициналык текшерүүдөн өттү. Өкмөттүн маалыматына ылайык, реформалар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ылдамдыгын арттырып, бюрократияны азайтууга жана процедуралардын ачыктыгын жогорулатууга шарт түздү.
Финансы министрлиги коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү маселелерине арналган кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө министр Руслан Сүйналиев мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук жана ак ниеттүүлүк мамлекеттик органдардын ишиндеги негизги принциптер экенин белгиледи. Кеңешмеде коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу механизмдерин өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун күчөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Башкы прокуратуранын өкүлү Нурсултан Ташыбек уулу коррупцияга каршы иштерди күчөтүүнүн жана жамаатта мындай көрүнүштөргө карата чыдамсыз мамилени калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйынтыгында кызматкерлерге коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чараларга активдүү катышуу жана тиешелүү адистер менен тыгыз кызматташуу сунушталды.
Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча масштабдуу окутуу иштери аяктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги маалымдады. Министрликтин маалыматына ылайык, 2025–2026-окуу жылында өлкө боюнча жалпы 40 миң 420 мугалим атайын окуу курстарынан өттү. Алардын 28 миң 913ү жаңы билим берүү системасына ылайык даярдоого катышкан. Анын ичинде 10 миң 334 башталгыч класстын мугалими, 7 миң 651 табигый илимдер багытынын окутуучусу, 5 миң 727 англис тили мугалими жана 5 миң 352 математика мугалими билим деңгээлин жогорулаткан. Мугалимдерди сапаттуу даярдоо максатында Сингапур мамлекетинен тогуз эл аралык тренер тартылып, кыргызстандык педагогдор үчүн 36 онлайн сессия өткөрүлгөн. Мындан тышкары, жаңы окуу программаларына ылайык 105 окуу курсу жаңыланып, жайгаштырылды. Учурда бул платформада 10 миңден ашык мугалим билим алууда.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ишке ашырылган эки реформанын жыйынтыгын чыгарды. Биринчи реформа бажы каттоосундагы уруксат берүүчү документтерди алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталды. Натыйжада арыздарды кароо мөөнөтү 14 жумушчу күндөн 3 күнгө чейин кыскартылып, ишкерлер документтерди бирдиктүү санариптик система аркылуу тапшыра баштады. Экинчи реформа аскерге чакырылуучулардын медициналык кароосун санариптештирүүгө байланыштуу болду. Sanarip Clinic системасынын негизинде жүргүзүлгөн пилоттук долбоордун алкагында 788 жаран электрондук медициналык текшерүүдөн өттү. Өкмөттүн маалыматына ылайык, реформалар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ылдамдыгын арттырып, бюрократияны азайтууга жана процедуралардын ачыктыгын жогорулатууга шарт түздү. Финансы министрлиги коррупциянын алдын алуу жана ага каршы аракеттенүү маселелерине арналган кеңешме өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө министр Руслан Сүйналиев мыйзамдуулук, ачык-айкындуулук жана ак ниеттүүлүк мамлекеттик органдардын ишиндеги негизги принциптер экенин белгиледи. Кеңешмеде коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу механизмдерин өркүндөтүү жана мамлекеттик органдардын өз ара кызматташуусун күчөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Башкы прокуратуранын өкүлү Нурсултан Ташыбек уулу коррупцияга каршы иштерди күчөтүүнүн жана жамаатта мындай көрүнүштөргө карата чыдамсыз мамилени калыптандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйынтыгында кызматкерлерге коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чараларга активдүү катышуу жана тиешелүү адистер менен тыгыз кызматташуу сунушталды. Кыргызстанда 12 жылдык билим берүү системасына өтүүнүн алкагында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча масштабдуу окутуу иштери аяктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги маалымдады. Министрликтин маалыматына ылайык, 2025–2026-окуу жылында өлкө боюнча жалпы 40 миң 420 мугалим атайын окуу курстарынан өттү. Алардын 28 миң 913ү жаңы билим берүү системасына ылайык даярдоого катышкан. Анын ичинде 10 миң 334 башталгыч класстын мугалими, 7 миң 651 табигый илимдер багытынын окутуучусу, 5 миң 727 англис тили мугалими жана 5 миң 352 математика мугалими билим деңгээлин жогорулаткан. Мугалимдерди сапаттуу даярдоо максатында Сингапур мамлекетинен тогуз эл аралык тренер тартылып, кыргызстандык педагогдор үчүн 36 онлайн сессия өткөрүлгөн. Мындан тышкары, жаңы окуу программаларына ылайык 105 окуу курсу жаңыланып, жайгаштырылды. Учурда бул платформада 10 миңден ашык мугалим билим алууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/02/1101646050_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_dd22c2c1b4c3d51e26fd605a9465f96a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
08:59 02.06.2026 (Жаңыртылды: 09:16 02.06.2026) Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында ишке ашырылган эки реформанын жыйынтыгын чыгарды. Биринчи реформа бажы каттоосундагы уруксат берүүчү документтерди алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталды. Натыйжада арыздарды кароо мөөнөтү 14 жумушчу күндөн 3 күнгө чейин кыскартылып, ишкерлер документтерди бирдиктүү санариптик система аркылуу тапшыра баштады. Экинчи реформа аскерге чакырылуучулардын медициналык кароосун санариптештирүүгө байланыштуу болду. Sanarip Clinic системасынын негизинде жүргүзүлгөн пилоттук долбоордун алкагында 788 жаран электрондук медициналык текшерүүдөн өттү. Өкмөттүн маалыматына ылайык, реформалар мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ылдамдыгын арттырып, бюрократияны азайтууга жана процедуралардын ачыктыгын жогорулатууга шарт түздү.