https://sputnik.kg/20260602/1101665467.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлер каралып, жактырылды. Мыйзамга ылайык, БШКнын... 02.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-02T19:00+0600
2026-06-02T19:00+0600
2026-06-02T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/02/1101665301_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2768aa3a2aad2dfc22e782d4017dbc66.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлер каралып, жактырылды. Мыйзамга ылайык, БШКнын 8 мүчөсүнүн төртөөнү президент, калганын Жогорку Кеңеш сунуштайт. Президент Алмаз Айбалаевди, Руслан Жакышовду, Бөдөш Мамырованы жана Миргүл Темирбаеваны көрсөткөн. Ал эми депутаттык топтор Тынчтык Шайназаров, Сүйүнбек Касмамбетов, Лейла Лурова жана Тимур Оторбаевди көрсөтүштү. Белгилей кетсек, 2021-жылы беш жылга шайланган Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн мөөнөтү июнь айында аяктайт. Буга чейин БШКнын курамы 12ден сегизге чейин кыскартылган.
Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылын 15-сентябрда баштап, 25-майда аяктоо чечимин кабыл алды. Бирок окуу процессинин сапатын төмөндөтүп жибербөө жана сабактардын толук өздөштүрүлүшүн камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлө тургандыгын баса белгилешти. Программаны толук өздөштүрүү максатында 6–11-класстар үчүн ишемби күндөрү кошумча сегиз окуу күнү уюштурулмакчы. Ар бир мектеп кошумча сабактардын графигин өзүнө ылайыктап түзүп, ата-энелер жана Билим берүү башкармалыгы менен макулдаша тургандыктары айтылды. "Ал эми 1–5-класстардын окуучулары үчүн беш күндүк окуу жумалыгы боюнча учурдагы окуу режими сакталат", — дешти министрликтен. Өзгөртүүлөр Кыргызстанда өтө турган ири иш-чараларга байланыштуу кирип жатканы маалым болду. Алар: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ШКУ саммити жана өлкөнүн эгемендигинин 35 жылдыгын белгилөө.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр бири-бирин негизги азык-түлүк менен камсыздап турат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев билдирди.Чекирбаевдин айтымында, бир өлкөдө жетишпеген продукция экинчисинде өндүрүлүп, соода-өнөктөштүк аркылуу жеткирилет. "Мисалы, Казакстан менен Россияда ун жана өсүмдүк майы ашыкча өндүрүлсө, Кыргызстан бул азыктарды импорттойт. Ал эми бизде жашылча-жемиш көп эгилип, алар ЕАЭБ рыногуна чыгарылат", — деди Чекирбаев.Ал биримдиктин алкагында негизги тамак-аш тартыш болот деген коркунуч жок экенин кошумчалады.
Бишкек мэриясы Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарадагы кемчиликтер үчүн чара көрүлгөнүн билдирди. Маалымдалгандай, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен мэрдин орун басары Виктория Мозгачевага катуу сөгүш, Маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешовага сөгүш берилди. Ал эми башкармалыктын башчысынын орун басары Урмат Белекбаев кызматынан бошотулду. Ошондой эле иш-чарада ди-джей болуп чыккан Дельфи оюндарынын катышуучусу мурда алган сыйлыктарынан ажыратылып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүлөрү айтылды. Музыкалык топтомду даярдоого жооптуу болгон педагогду да кызматтан алуу тапшырмасы берилди. Белгилей кетсек, буга чейин соцтармакта майрамдык иш-чара учурундагы видеолор тараган. Интернет-колдонуучулар анда адепсиз сөздөр камтылган ыр жаңырып жатканын сынга алышкан.
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлер каралып, жактырылды. Мыйзамга ылайык, БШКнын 8 мүчөсүнүн төртөөнү президент, калганын Жогорку Кеңеш сунуштайт. Президент Алмаз Айбалаевди, Руслан Жакышовду, Бөдөш Мамырованы жана Миргүл Темирбаеваны көрсөткөн. Ал эми депутаттык топтор Тынчтык Шайназаров, Сүйүнбек Касмамбетов, Лейла Лурова жана Тимур Оторбаевди көрсөтүштү. Белгилей кетсек, 2021-жылы беш жылга шайланган Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн мөөнөтү июнь айында аяктайт. Буга чейин БШКнын курамы 12ден сегизге чейин кыскартылган.Агартуу министрлиги 2026–2027-окуу жылын 15-сентябрда баштап, 25-майда аяктоо чечимин кабыл алды. Бирок окуу процессинин сапатын төмөндөтүп жибербөө жана сабактардын толук өздөштүрүлүшүн камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлө тургандыгын баса белгилешти. Программаны толук өздөштүрүү максатында 6–11-класстар үчүн ишемби күндөрү кошумча сегиз окуу күнү уюштурулмакчы. Ар бир мектеп кошумча сабактардын графигин өзүнө ылайыктап түзүп, ата-энелер жана Билим берүү башкармалыгы менен макулдаша тургандыктары айтылды. "Ал эми 1–5-класстардын окуучулары үчүн беш күндүк окуу жумалыгы боюнча учурдагы окуу режими сакталат", — дешти министрликтен. Өзгөртүүлөр Кыргызстанда өтө турган ири иш-чараларга байланыштуу кирип жатканы маалым болду. Алар: Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, ШКУ саммити жана өлкөнүн эгемендигинин 35 жылдыгын белгилөө.Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөр бири-бирин негизги азык-түлүк менен камсыздап турат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев билдирди.Чекирбаевдин айтымында, бир өлкөдө жетишпеген продукция экинчисинде өндүрүлүп, соода-өнөктөштүк аркылуу жеткирилет. "Мисалы, Казакстан менен Россияда ун жана өсүмдүк майы ашыкча өндүрүлсө, Кыргызстан бул азыктарды импорттойт. Ал эми бизде жашылча-жемиш көп эгилип, алар ЕАЭБ рыногуна чыгарылат", — деди Чекирбаев.Ал биримдиктин алкагында негизги тамак-аш тартыш болот деген коркунуч жок экенин кошумчалады.Бишкек мэриясы Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чарадагы кемчиликтер үчүн чара көрүлгөнүн билдирди. Маалымдалгандай, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен мэрдин орун басары Виктория Мозгачевага катуу сөгүш, Маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешовага сөгүш берилди. Ал эми башкармалыктын башчысынын орун басары Урмат Белекбаев кызматынан бошотулду. Ошондой эле иш-чарада ди-джей болуп чыккан Дельфи оюндарынын катышуучусу мурда алган сыйлыктарынан ажыратылып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүлөрү айтылды. Музыкалык топтомду даярдоого жооптуу болгон педагогду да кызматтан алуу тапшырмасы берилди. Белгилей кетсек, буга чейин соцтармакта майрамдык иш-чара учурундагы видеолор тараган. Интернет-колдонуучулар анда адепсиз сөздөр камтылган ыр жаңырып жатканын сынга алышкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/02/1101665301_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_70e69705c2ca506753ee0e048e69029f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио