https://sputnik.kg/20260602/1101650344.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
2026-жылдын 1-июнунан тарта “Курулуш объекттерин ишке ашырууда жанында жайгашкан аймактарды көрктөндүрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” буйрук кабыл алынды. Курулуш... 02.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-02T11:00+0600
2026-06-02T11:00+0600
2026-06-02T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/02/1101650178_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8561b1e3c1114f74d380f66858db01c1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
2026-жылдын 1-июнунан тарта “Курулуш объекттерин ишке ашырууда жанында жайгашкан аймактарды көрктөндүрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” буйрук кабыл алынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, бул чечим шаардык чөйрөнүн сапатын жогорулатууга, жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле калктуу конуштарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган. Министр Нурдан Орунтаевдин буйругуна ылайык, көп кабаттуу турак жайлар, коомдук, административдик, коммерциялык жана өндүрүштүк объекттерди долбоорлоо жана куруу учурунда курулуш компаниялары курулуш обьектилерине жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү боюнча иш-чаралар комплексин милдеттүү түрдө карашы керек.“Көрктөндүрүү иштери мындан ары курулушка бөлүнгөн жер тилкесинин чегинде гана эмес, зарыл болгон учурларда ага чектеш аймактарда да жүргүзүлүшү керек. Бул шаардык инфраструктураны бирдиктүү, коопсуз жана ыңгайлуу системага айландырууга багытталган”,- деп айтылат маалыматта. Мындан ары Шаар куруу жана архитектура департаменти долбоорлорду кароодо аталган талаптардын толук камтылышын милдеттүү түрдө текшерет. Ошондой эле Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш процессинде көрктөндүрүү иштеринин сапатына жана өз убагында аткарылышына тыкыр көзөмөл жүргүзөт.
Түп районунун Михайловка айыл аймагында логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун, 1-июнда үч тараптуу келишимге кол коюлду. Аталган логистикалык борборду куруу иши Кыргыз- Азербайжан өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылат. Анын кубаттуулугу 500 тонна жемиш сактоого ылайыкталат. Ишкана ушул жылдын сентябрь айында ишке берилери пландалууда.
Борбор калаадагы "Евразия" паркында Балдарды коргоо күнү өзгөчө белгиленип, майрамдоого 25 миңге чукул киши келди. Бул туурасында "Евразия" уюмунан билдиришти.Меймандар үчүн аниматорлор оюн көрсөтүп, мастер-класстар, спектаклдер жана үй-бүлөлүк көңүл ачуу программалары уюштурулду. Иш-чаранын алкагында аквазона ачылып, флешмобдор өткөрүлдү. Көптөрдүн көңүлүн бурдурганы көбүк-шоу деп аталган программа менен аквапарк болду.
Владимир Зеленский УПА* уюмун көкөлөтүп, польшалыктардын ишениминен ажырап, стратегиялык ката кетирип жатат. Бул туурасында Польша ТИМинин башчысы Томаш Семоняк айтканын РИА Новости жазды.Ошол эле учурда ал Варшава үчүн Украина менен мамилени үзүү же аны колдоону токтотуу да пайдасыз экенин баса белгиледи. ИИМ башчысы Зеленскийдин аракеттерин туура эмес, акылга сыйбаган кадам деп баалады.Өткөн жумада Зеленский Киев облусунда ОУНдун* лидерлеринин бири Андрей Мельниктин сөөгүн кайра көмүү боюнча өткөрүлгөн иш-чарага катышкан. Ошондой эле ал Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүгү болгон "Түндүк" атайын операцияларынын өзүнчө борборуна УПАнын* "баатырларынын" атынан түптөшкөн наамды ыйгарган.
2026-жылдын 1-июнунан тарта “Курулуш объекттерин ишке ашырууда жанында жайгашкан аймактарды көрктөндүрүүнү камсыз кылуу жөнүндө” буйрук кабыл алынды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, бул чечим шаардык чөйрөнүн сапатын жогорулатууга, жарандар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, ошондой эле калктуу конуштарды комплекстүү өнүктүрүүгө багытталган. Министр Нурдан Орунтаевдин буйругуна ылайык, көп кабаттуу турак жайлар, коомдук, административдик, коммерциялык жана өндүрүштүк объекттерди долбоорлоо жана куруу учурунда курулуш компаниялары курулуш обьектилерине жанаша жайгашкан аймактарды көрктөндүрүү боюнча иш-чаралар комплексин милдеттүү түрдө карашы керек.“Көрктөндүрүү иштери мындан ары курулушка бөлүнгөн жер тилкесинин чегинде гана эмес, зарыл болгон учурларда ага чектеш аймактарда да жүргүзүлүшү керек. Бул шаардык инфраструктураны бирдиктүү, коопсуз жана ыңгайлуу системага айландырууга багытталган”,- деп айтылат маалыматта. Мындан ары Шаар куруу жана архитектура департаменти долбоорлорду кароодо аталган талаптардын толук камтылышын милдеттүү түрдө текшерет. Ошондой эле Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти курулуш процессинде көрктөндүрүү иштеринин сапатына жана өз убагында аткарылышына тыкыр көзөмөл жүргүзөт.Түп районунун Михайловка айыл аймагында логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун, 1-июнда үч тараптуу келишимге кол коюлду. Аталган логистикалык борборду куруу иши Кыргыз- Азербайжан өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ишке ашырылат. Анын кубаттуулугу 500 тонна жемиш сактоого ылайыкталат. Ишкана ушул жылдын сентябрь айында ишке берилери пландалууда.Борбор калаадагы "Евразия" паркында Балдарды коргоо күнү өзгөчө белгиленип, майрамдоого 25 миңге чукул киши келди. Бул туурасында "Евразия" уюмунан билдиришти.Меймандар үчүн аниматорлор оюн көрсөтүп, мастер-класстар, спектаклдер жана үй-бүлөлүк көңүл ачуу программалары уюштурулду. Иш-чаранын алкагында аквазона ачылып, флешмобдор өткөрүлдү. Көптөрдүн көңүлүн бурдурганы көбүк-шоу деп аталган программа менен аквапарк болду.Владимир Зеленский УПА* уюмун көкөлөтүп, польшалыктардын ишениминен ажырап, стратегиялык ката кетирип жатат. Бул туурасында Польша ТИМинин башчысы Томаш Семоняк айтканын РИА Новости жазды.Ошол эле учурда ал Варшава үчүн Украина менен мамилени үзүү же аны колдоону токтотуу да пайдасыз экенин баса белгиледи. ИИМ башчысы Зеленскийдин аракеттерин туура эмес, акылга сыйбаган кадам деп баалады.Өткөн жумада Зеленский Киев облусунда ОУНдун* лидерлеринин бири Андрей Мельниктин сөөгүн кайра көмүү боюнча өткөрүлгөн иш-чарага катышкан. Ошондой эле ал Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүгү болгон "Түндүк" атайын операцияларынын өзүнчө борборуна УПАнын* "баатырларынын" атынан түптөшкөн наамды ыйгарган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/02/1101650178_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bfca48b16ec2dcbd7789a521c81aea98.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио