https://sputnik.kg/20260601/1101642355.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кутман кеч ардактуу угармандар. Жаңылыктар түрмөгү менен таанышып алыңыздар. Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардан кыскача...Мектептерде мамлекеттик... 01.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-01T19:00+0600
2026-06-01T19:00+0600
2026-06-01T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/01/1101642189_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c43d2ec0c21e32be4f3b6127632d6bc2.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Кутман кеч ардактуу угармандар. Жаңылыктар түрмөгү менен таанышып алыңыздар. Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардан кыскача...Мектептерде мамлекеттик экзамендер 2-июндан тарта башталатЫсык-Көлдө жаныбарлар үчүн "Ак барс" деп аталган атайын борбор курулат Бекешев көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын кымбаттаганынан нааразы болду. Алдыда кененирээк токтолобуз. Бекешев көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын кымбаттаганынан нааразы болду. Депутат экономика министринин орун басары Чоро Сейитовго кайрылып, Калкты тейлөө борборлоруна барып, кызматтардын көрсөтүүнүн баасын көрүүнү сунуштады. “Мамлекеттик кызматтар бизнеске айланып калды. Үй-бүлөлүк абал тууралуу маалымкат мурда 100 сом болсо, азыр 500 сом. Айрым документтердин баасы 1 100 сомго жетти. Автоунаа номерлерин каттоо мурда 1 миң сом болсо, азыр 4 миң сом. Баары бир нече эсе кымбаттады, бирок эмне үчүн экени түшүнүксүз”, — деди депутат. Бекешев мыйзам боюнча мамлекеттик кызматтардын баасы өздүк наркына жараша эсептелиши керек экенин белгиледи. “Анда эмне үчүн айрым мамлекеттик ишканалар бул талапка баш ийбейт? Ооба, алар президенттин иш башкармалыгына карайт. Бирок бул мыйзамдан тышкары иштөөгө укук бербейт. Алар мыйзамдын негизинде иштеши керек. Өзүн-өзү каржылоого өткөнүн түшүнөм. Бирок бул бардык документтердин баасын автоматтык түрдө 10 эсе көтөрүү керек дегенди билдирбейт”, — деди ал.
Кыргызстанда 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялар 2-июндан 13-июнга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, 2025–2026-окуу жылына карата экзамендерди уюшкандыкта өткөрүү үчүн өлкө боюнча бардык мектептерде даярдыктар көрүлүп, атайын комиссиялар түзүлгөн. Мамлекеттик аттестация бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин баалоого багытталган.
Ошто Ак-Буура дарыясына агып кеткен эки бала куткарылдыОкуя 31-май күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Тоок базарынын жанында болгон. Кара-Кулжа райондук сот аткаруучулар кызматында иштеген Бакыт Шайбеков элдин дүрбөлөңүн угуп, окуя болгон жерге жетип барган. Сот аткаруучу сууга түшө калып, агып бара жаткан эки баланы аман алып чыккан. Алар Ош шаарынын 13 жана 11 жаштагы жашоочулары экени аныкталып, ата-энелерине өткөрүп берилди.
Ысык-Көлдө жаныбарлар үчүн "Ак барс" илим-изилдөө жана реабилитациялык борбору курулууда. Бул туурасында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев татарстандык кесиптеши Азат Зиганшин менен жолукканда айтты. Бул Борбор Азиядагы атайын салынган биринчи комплекс болмокчу. Анын аянты — болжол менен 1 600 чарчы метр. Комплекстин курамына илимий лаборатория, ветеринардык жана административдик блоктор, ошондой эле жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борбору кирет. Курулуш иштерин август айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Жаратылыш министрлигинин маалыматына ылайык, "Ак барс" Борбор Азиядагы илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, ветеринардык жардам көрсөтүлүп жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар реабилитациялануучу алгачкы адистештирилген комплекс болот.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 95 тыйынга юань 12 сом 93 тыйынга рубль 1 сом 22 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 78 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 84 сом 40 тыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 41 сом 80 тыйындан сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ 2-июнга караган түнү өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Шейшембиде өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Таласта +27...+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көлдө +22...+27, Нарын регионунда +22...+24 градуска жетет. Бишкекте жана Ошто өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Термометрдин көрсөткүчү эки калаада +29...+31 градусту көрсөтөт.
Кутман кеч ардактуу угармандар. Жаңылыктар түрмөгү менен таанышып алыңыздар. Микрофондо Элдияр Асылбеков. Алгач кабарлардан кыскача...Мектептерде мамлекеттик экзамендер 2-июндан тарта башталатЫсык-Көлдө жаныбарлар үчүн "Ак барс" деп аталган атайын борбор курулат Бекешев көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын кымбаттаганынан нааразы болду. Алдыда кененирээк токтолобуз. Бекешев көрсөтүлгөн мамлекеттик кызматтардын кымбаттаганынан нааразы болду. Депутат экономика министринин орун басары Чоро Сейитовго кайрылып, Калкты тейлөө борборлоруна барып, кызматтардын көрсөтүүнүн баасын көрүүнү сунуштады. “Мамлекеттик кызматтар бизнеске айланып калды. Үй-бүлөлүк абал тууралуу маалымкат мурда 100 сом болсо, азыр 500 сом. Айрым документтердин баасы 1 100 сомго жетти. Автоунаа номерлерин каттоо мурда 1 миң сом болсо, азыр 4 миң сом. Баары бир нече эсе кымбаттады, бирок эмне үчүн экени түшүнүксүз”, — деди депутат. Бекешев мыйзам боюнча мамлекеттик кызматтардын баасы өздүк наркына жараша эсептелиши керек экенин белгиледи. “Анда эмне үчүн айрым мамлекеттик ишканалар бул талапка баш ийбейт? Ооба, алар президенттин иш башкармалыгына карайт. Бирок бул мыйзамдан тышкары иштөөгө укук бербейт. Алар мыйзамдын негизинде иштеши керек. Өзүн-өзү каржылоого өткөнүн түшүнөм. Бирок бул бардык документтердин баасын автоматтык түрдө 10 эсе көтөрүү керек дегенди билдирбейт”, — деди ал.Кыргызстанда 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрү үчүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялар 2-июндан 13-июнга чейин өткөрүлөт. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Министрликтин маалыматына ылайык, 2025–2026-окуу жылына карата экзамендерди уюшкандыкта өткөрүү үчүн өлкө боюнча бардык мектептерде даярдыктар көрүлүп, атайын комиссиялар түзүлгөн. Мамлекеттик аттестация бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин баалоого багытталган. Ошто Ак-Буура дарыясына агып кеткен эки бала куткарылдыОкуя 31-май күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Тоок базарынын жанында болгон. Кара-Кулжа райондук сот аткаруучулар кызматында иштеген Бакыт Шайбеков элдин дүрбөлөңүн угуп, окуя болгон жерге жетип барган. Сот аткаруучу сууга түшө калып, агып бара жаткан эки баланы аман алып чыккан. Алар Ош шаарынын 13 жана 11 жаштагы жашоочулары экени аныкталып, ата-энелерине өткөрүп берилди. Ысык-Көлдө жаныбарлар үчүн "Ак барс" илим-изилдөө жана реабилитациялык борбору курулууда. Бул туурасында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев татарстандык кесиптеши Азат Зиганшин менен жолукканда айтты. Бул Борбор Азиядагы атайын салынган биринчи комплекс болмокчу. Анын аянты — болжол менен 1 600 чарчы метр. Комплекстин курамына илимий лаборатория, ветеринардык жана административдик блоктор, ошондой эле жапайы жаныбарларды реабилитациялоо борбору кирет. Курулуш иштерин август айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. Жаратылыш министрлигинин маалыматына ылайык, "Ак барс" Борбор Азиядагы илимий изилдөөлөр жүргүзүлүп, ветеринардык жардам көрсөтүлүп жана сейрек кездешүүчү жаныбарлар реабилитациялануучу алгачкы адистештирилген комплекс болот. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 95 тыйынга юань 12 сом 93 тыйынга рубль 1 сом 22 тыйынга Казак тенгеси 18 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 78 сом 40 тыйындан баштап сатылууда. Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү майдын литри 84 сом 40 тыйындан жогору, дизель майы литрине 90 сом 80 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 41 сом 80 тыйындан сатылууда.АБА ЫРАЙЫ 2-июнга караган түнү өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Шейшембиде өлкө аймагында жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Таласта +27...+29, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көлдө +22...+27, Нарын регионунда +22...+24 градуска жетет. Бишкекте жана Ошто өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Термометрдин көрсөткүчү эки калаада +29...+31 градусту көрсөтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/01/1101642189_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7c18cd83c4dee2412d1f9cf6024ee59b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио