https://sputnik.kg/20260601/1101632745.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда "Бала ырысы" жөлөк пулу 470 миңден ашуун балага берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрага орун басары Улан Маматканов билдирди. Ал... 01.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-01T13:00+0600
2026-06-01T13:00+0600
2026-06-01T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/01/1101632579_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8aa38a894fe9aba70c1b071530dd54e5.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда "Бала ырысы" жөлөк пулу 470 миңден ашуун балага берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрага орун басары Улан Маматканов билдирди. Ал журналисттерге бала көп төрөлгөн сайын жөлөк пул алуучулардын саны да жогорулай берерин белгилеген. Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки балдардын баарына ай сайын жөлөк пул чегерүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Акча 1-июлдан тарта берилип, бүлөнүн кирешеси эсепке алынбайт. Жөлөк пулдун көлөмү — 1 200 сом. Каражат 2023-жылдын 31-июлунан кийин төрөлгөн балдарга берилет. Арызды "Түндүк" тиркемеси аркылуу берсе болот.
Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу убактылуу ачылды Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу убактылуу пайдаланууга берилгенин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Трасса ноябрь айына чейин ачык болот. Бул туристтик сезондо транспорттук жүктү азайтуу үчүн жасалууда. Сапарга чыккандар жолдон саат 06:00дөн 22:00гө чейин өтсө болот. "Көгарт тоннелинен өтүү үчүн акы төлөш керек, көлүктүн түрүнө жараша 100 сомдон 5 миң сомго чейин алынат. Эми Жалал-Абаддан Балыкчыга 13 эмес, 6 саатта жетүүгө болот. Кышында жол кайра жабылат", — деп айтылат билдирүүдө. Ушу тапта эстакадалык көпүрөлөрдүн, кар көчкүдөн сактай турган тосмолордун курулушу уланууда. Жол толугу менен 2028-жылы ачылмакчы.
Кыргызстандын жеке мектептериндеги окуу акысы мамлекеттик көзөмөлгө алынбайт. Бул тууралуу Монополияга каршы кызмат билдирди. Буга чейин баа боюнча мыйзам долбоору талкууланган. Бизнес өкүлдөрү документ жеке мектептердеги окуу акысына мамлекеттин кийлигишүүсүн шартташы мүмкүн деп кооптонушкан. Мекеме мыйзам долбоору бааны жөнгө салуу механизмин өркүндөтүүгө багытталганын айтып, окуу акысы дароо мамлекеттик көзөмөлгө өтөт деген пикир туура эмес экенин белгиледи. Соцтармакта сентябрдан тарта жеке мектептерде окуу акысы кескин кымбаттайт деген маалымат тараган.
Европа биримдиги Россиянын мунайына коюлган баанын чегин убактылуу өзгөртпөй сактап калууну көздөп жатат. Бул туурасында Bloomberg жазды. "Жакынкы Чыгыштагы согуш төртүнчү айга уланып жаткан маалда Евробиримдик Москванын мунайына карата белгиленген баанын чегин өзгөртпөй туруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат", — деп айтылат маалыматта. Агенттиктин маалыматында Европа өлкөлөрү энергия ресурстарынын эң жогорку баасын азыркы деңгээлде, баррелине 44,10 доллар өлчөмүндө сактап калсак дешет. "Июль айында баанын жогорку чегин кайра карап чыгуу, кыязы, бул деңгээлди кеминде 65 долларга чейин көтөрүүгө алып келет. Бул — "Чоң жетилик" бир ооздон белгилеген буга чейинки 60 долларлык чектен жогору", — деп жазган басылма. Талкууланып жаткан башка маселелердин арасында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды эске алуу менен жылдын аягына чейин баалардын автоматтык түрдө көтөрүлүшүн токтото туруу же мүмкүн болгон өсүштү баррелине 60 долларлык деңгээлдеги чектөө бар. Эскерте кетсек, 2022-жылдын 5-декабрынан тарта Евробиримдик деңиз аркылуу келген россиялык мунайды алууну токтоткон. "Чоң жетилик", Австралия жана ЕБ нефть баасына чек киргизип, баррелин 60 доллар деп бекиткен, мындан жогорку баада сатууга тыюу салынган. Өткөн жылдын 3-сентябрынан тартып Евробиримдик чекти баррелине 47,6 долларга чейин, ал эми 2026-жылдын февралынан баштап 44,1 долларга чейин түшүргөн.
Кыргызстанда "Бала ырысы" жөлөк пулу 470 миңден ашуун балага берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрага орун басары Улан Маматканов билдирди. Ал журналисттерге бала көп төрөлгөн сайын жөлөк пул алуучулардын саны да жогорулай берерин белгилеген. Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров үч жашка чейинки балдардын баарына ай сайын жөлөк пул чегерүү тууралуу мыйзамга кол койгон. Акча 1-июлдан тарта берилип, бүлөнүн кирешеси эсепке алынбайт. Жөлөк пулдун көлөмү — 1 200 сом. Каражат 2023-жылдын 31-июлунан кийин төрөлгөн балдарга берилет. Арызды "Түндүк" тиркемеси аркылуу берсе болот.Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу убактылуу ачылды Түндүк — Түштүк альтернативдик жолу убактылуу пайдаланууга берилгенин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди. Трасса ноябрь айына чейин ачык болот. Бул туристтик сезондо транспорттук жүктү азайтуу үчүн жасалууда. Сапарга чыккандар жолдон саат 06:00дөн 22:00гө чейин өтсө болот. "Көгарт тоннелинен өтүү үчүн акы төлөш керек, көлүктүн түрүнө жараша 100 сомдон 5 миң сомго чейин алынат. Эми Жалал-Абаддан Балыкчыга 13 эмес, 6 саатта жетүүгө болот. Кышында жол кайра жабылат", — деп айтылат билдирүүдө. Ушу тапта эстакадалык көпүрөлөрдүн, кар көчкүдөн сактай турган тосмолордун курулушу уланууда. Жол толугу менен 2028-жылы ачылмакчы.Кыргызстандын жеке мектептериндеги окуу акысы мамлекеттик көзөмөлгө алынбайт. Бул тууралуу Монополияга каршы кызмат билдирди. Буга чейин баа боюнча мыйзам долбоору талкууланган. Бизнес өкүлдөрү документ жеке мектептердеги окуу акысына мамлекеттин кийлигишүүсүн шартташы мүмкүн деп кооптонушкан. Мекеме мыйзам долбоору бааны жөнгө салуу механизмин өркүндөтүүгө багытталганын айтып, окуу акысы дароо мамлекеттик көзөмөлгө өтөт деген пикир туура эмес экенин белгиледи. Соцтармакта сентябрдан тарта жеке мектептерде окуу акысы кескин кымбаттайт деген маалымат тараган. Европа биримдиги Россиянын мунайына коюлган баанын чегин убактылуу өзгөртпөй сактап калууну көздөп жатат. Бул туурасында Bloomberg жазды. "Жакынкы Чыгыштагы согуш төртүнчү айга уланып жаткан маалда Евробиримдик Москванын мунайына карата белгиленген баанын чегин өзгөртпөй туруу мүмкүнчүлүгүн караштырып жатат", — деп айтылат маалыматта. Агенттиктин маалыматында Европа өлкөлөрү энергия ресурстарынын эң жогорку баасын азыркы деңгээлде, баррелине 44,10 доллар өлчөмүндө сактап калсак дешет. "Июль айында баанын жогорку чегин кайра карап чыгуу, кыязы, бул деңгээлди кеминде 65 долларга чейин көтөрүүгө алып келет. Бул — "Чоң жетилик" бир ооздон белгилеген буга чейинки 60 долларлык чектен жогору", — деп жазган басылма. Талкууланып жаткан башка маселелердин арасында Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды эске алуу менен жылдын аягына чейин баалардын автоматтык түрдө көтөрүлүшүн токтото туруу же мүмкүн болгон өсүштү баррелине 60 долларлык деңгээлдеги чектөө бар. Эскерте кетсек, 2022-жылдын 5-декабрынан тарта Евробиримдик деңиз аркылуу келген россиялык мунайды алууну токтоткон. "Чоң жетилик", Австралия жана ЕБ нефть баасына чек киргизип, баррелин 60 доллар деп бекиткен, мындан жогорку баада сатууга тыюу салынган. Өткөн жылдын 3-сентябрынан тартып Евробиримдик чекти баррелине 47,6 долларга чейин, ал эми 2026-жылдын февралынан баштап 44,1 долларга чейин түшүргөн.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/01/1101632579_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_011403300e03465bb9adb5af646fb0e3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио