00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Туяк
Кадыржан Кыдыралиев: кыргыз киносунун алтын муунунун өкүлү
19:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
ИИ как геополитика, вода как этика и железная дорога как шанс - большой разговор о будущем Центральной Азии
20:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
10 мин
Ачык кеп
Ala-Too Trade & Industry Expo — өнөр жайдагы жаңы мүмкүнчүлүктөр
21:11
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө сунушталган талапкерлер каралып, жактырылды. Мыйзамга ылайык, БШКнын 8 мүчөсүнүн төртөөнү президент, калганын Жогорку Кеңеш сунуштайт. Президент Алмаз Айбалаевди, Руслан Жакышовду, Бөдөш Мамырованы жана Миргүл Темирбаеваны көрсөткөн. Ал эми депутаттык топтор Тынчтык Шайназаров, Сүйүнбек Касмамбетов, Лейла Лурова жана Тимур Оторбаевди көрсөтүштү. Белгилей кетсек, 2021-жылы беш жылга шайланган Боршайкомдун 12 мүчөсүнүн мөөнөтү июнь айында аяктайт. Буга чейин БШКнын курамы 12ден сегизге чейин кыскартылган.
Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөр бири-бирин негизги азык-түлүк менен камсыздап турат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин азык-түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев билдирди. Ал Sputnik Кыргызстан маалымат борборуна келип, брифинг өткөрдү. Чекирбаевдин айтымында, бир өлкөдө жетишпеген продукция экинчисинде өндүрүлүп, соода-өнөктөштүк аркылуу жеткирилет. "Мисалы, Казакстан менен Россияда ун жана өсүмдүк майы ашыкча өндүрүлсө, Кыргызстан бул азыктарды импорттойт. Ал эми бизде жашылча-жемиш көп эгилип, алар ЕАЭБ рыногуна чыгарылат", — деди Чекирбаев. Ал биримдиктин алкагында негизги тамак-аш тартыш болот деген коркунуч жок экенин кошумчалады.
Ошто окуучулар үчүн автобустар жүрө баштайт Калаа мэри Жанар Акаев №49 мектептин ачылышында балдар үчүн бардык шартты түзүүгө аракет катуу экенин, жакын арада балдардын коопсуздугу, ыңгайлуулугу үчүн атайын автобус ишке кирерин айтты. Муниципалитеттен автобустарды жаңы окуу жылынан киргизүү мерчемделип жатканын кошумчалашты.
Балдардын майрамында "Ала-Тоо" аянтында адепсиз ыр жаңырганы үчүн аткаминерлер жазаланды Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен мэрдин орун басары Виктория Мозгачевага катуу сөгүш, Маданият башкармалыгынын башчысы Назгүл Мекешовага сөгүш берилди. Ал эми башкармалыктын башчысынын орун басары Урмат Белекбаев кызматынан бошотулду. Ошондой эле иш-чарада ди-джей болуп чыккан Дельфий оюндарынын катышуучусу мурда алган сыйлыктарынан ажыратылып, ага карата мыйзам чегинде чара көрүлөрү айтылды. Музыкалык топтомду даярдоого жооптуу болгон педагогду да кызматтан алуу тапшырмасы берилди.
Бишкек — Балыкчы каттамындагы поездде мода көрсөтүлдү. Nomad Express маданий долбоорун Маданият министрлиги ишке ашырып жатат. Иш-чарага төбөсү көрүнгөн жергиликтүү эстрада ырчылары жана дизайнерлер катышты. Сапар учурунда концерттик программа тартууланып, кыргыз дизайнерлеринин кийим коллекцияларын көрсөтүп, улуттук маданиятты таанытуу иш-чаралары болду. Ошондой эле катышуучуларга VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдыктар тууралуу маалымат берилди.
Кыргызстан — Палестина футболдук беттешинен түшкөн каражаттын бир бөлүгү палестин элин колдоого жумшалат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди. Оюндар 6 жана 9-июнь күндөрү Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Беттеш саат 20:30да башталып, атайын шоу-программа менен коштолот. Тилектештиктин жана колдоонун белгиси катары КФБ палестин элине жардам көрсөтүүгө багытталган кайрымдуулук акциясын уюштурууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0