https://sputnik.kg/20260601/1101636338.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн 2026-жылдын 1-июнунан тартып, Кыргызстанда жол эрежелерин бузгандарды автоматтык түрдө аныктоочу жаңы акылдуу камералар иштей баштады. Маалыматка ылайык... 01.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-01T15:00+0600
2026-06-01T15:00+0600
2026-06-01T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/01/1101636171_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_1df012aa5e9a761ece1353ad918bca80.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн 2026-жылдын 1-июнунан тартып, Кыргызстанда жол эрежелерин бузгандарды автоматтык түрдө аныктоочу жаңы акылдуу камералар иштей баштады. Маалыматка ылайык, система Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жарыяланып, Кызмат мамлекеттик мекемеси иштеп чыккан программалык-аппараттык комплекстер колдонулууда Камералар төмөнкү эреже бузууларды автоматтык түрдө каттайт:Ылдамдыкты белгиленген чектен ашыруу;Коопсуздук курун такпоо;Унаа айдап бара жатып уюлдук телефон колдонуу;Каршы тилкеге чыгуу.Ошондой эле камералар орнотулган жерлерде «Фотовидеофиксация» жана ылдамдыкты чектөөчү жол белгилери коюлуп жатат.Бул чаранын негизги максаты:жол кырсыктарын азайтуу;жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу;айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү.
Мектепте аптасына алты күндүк окуу боюнча чечим коомдук пикирди эске алуу менен кабыл алынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрага орун басары Улан Маматканов билдирди. Өкмөт мүчөсү ушу тапта "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында Ош шаарында жүрөт. Маматкановдун айтымында, токтом долбоорунда мектеп жетекчилерине беш же алты күндүк окуу графигин тандоо мүмкүнчүлүгү берилмекчи. Токтом долбоорун иштеп чыккан Агартуу министрлиги азыркы мыйзамдагы мектептер үчүн каралган беш күндүк окуу жумасы боюнча норманы "беш күндүк жана/же алты күндүк окуу жумасы" деп өзгөртүүнү сунуштоодо. Анткен менен кайсы мектептер жаңы тартипке өтөрү, мындай чечимди ким кабыл алары жана анын милдеттүү же ыктыярдуу болору такталган эмес.
Насвайга тыюу салынып, алкоголь менен тамеки сатууга чектөө коюлушу мүмкүн Бийлик 2026-жылдын аягына чейин Кыргызстанда насвайга тыюу салып, алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин сатылышын чектөөнү пландап жатат. Бул тууралуу өкмөт бекиткен демографиялык саясаттын концепциясында айтылат. Ага ылайык, насвайды өлкөгө алып кирүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат. Ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини түнкү убакта жана интернет аркылуу сатууга уруксат берилбейт. Мындан тышкары, спирт ичимдиктери менен тамеки сатып алуу үчүн жаш куракты 18ден 21 жашка чейин көтөрүү сунушталууда.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян республика Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүгүн уланта берерин билдирди. Бул тууралуу анын видеокайрылуусуна таянып РИА Новости жазды. "ЕАЭБ ичинде ишибизди ЕБ менен Евразиялык экономикалык биримдиктин бирин тандоо керек болгон учурга чейин уланта бермекчибиз. Чечимди армян эли референдум аркылуу кабыл алышы керек", — деди Пашинян.Анын айтымында, Армения ЕБге кирүү боюнча расмий кайрылмайынча же талапкер макамын алмайынча референдум өткөрүүнүн эч зарылдыгы жок. "Демек, эч нерсеге көңүл бурбай ЕАЭБде боло беребиз. Бул багытта мүмкүнчүлүктөрүбүз кеңири", — деди премьер-министр. Эскерте кетсек, буга чейинки Ееревандын ЕБге ыктаганынан улам ЕАЭБден чыгышы керектиги айтылган. Биримдикке мүчө болгон төрт мамлекеттин (Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия) лидерлери Астанада өткөн саммиттин жыйынтыгында Армения бир эле убакта эки биримдикке мүчө боло албай турганын айтып, ЕБге кошулуу боюнча референдум өткөрүү зарылдыгын белгилеп, билдирүү жасашкан.
Бүгүн 2026-жылдын 1-июнунан тартып, Кыргызстанда жол эрежелерин бузгандарды автоматтык түрдө аныктоочу жаңы акылдуу камералар иштей баштады. Маалыматка ылайык, система Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан жарыяланып, Кызмат мамлекеттик мекемеси иштеп чыккан программалык-аппараттык комплекстер колдонулууда Камералар төмөнкү эреже бузууларды автоматтык түрдө каттайт:Ылдамдыкты белгиленген чектен ашыруу;Коопсуздук курун такпоо;Унаа айдап бара жатып уюлдук телефон колдонуу;Каршы тилкеге чыгуу.Ошондой эле камералар орнотулган жерлерде «Фотовидеофиксация» жана ылдамдыкты чектөөчү жол белгилери коюлуп жатат.Бул чаранын негизги максаты:жол кырсыктарын азайтуу;жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу;айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү.Мектепте аптасына алты күндүк окуу боюнча чечим коомдук пикирди эске алуу менен кабыл алынат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрага орун басары Улан Маматканов билдирди. Өкмөт мүчөсү ушу тапта "Ачык кабинет" долбоорунун алкагында Ош шаарында жүрөт. Маматкановдун айтымында, токтом долбоорунда мектеп жетекчилерине беш же алты күндүк окуу графигин тандоо мүмкүнчүлүгү берилмекчи. Токтом долбоорун иштеп чыккан Агартуу министрлиги азыркы мыйзамдагы мектептер үчүн каралган беш күндүк окуу жумасы боюнча норманы "беш күндүк жана/же алты күндүк окуу жумасы" деп өзгөртүүнү сунуштоодо. Анткен менен кайсы мектептер жаңы тартипке өтөрү, мындай чечимди ким кабыл алары жана анын милдеттүү же ыктыярдуу болору такталган эмес.Насвайга тыюу салынып, алкоголь менен тамеки сатууга чектөө коюлушу мүмкүн Бийлик 2026-жылдын аягына чейин Кыргызстанда насвайга тыюу салып, алкоголдук ичимдиктер менен тамекинин сатылышын чектөөнү пландап жатат. Бул тууралуу өкмөт бекиткен демографиялык саясаттын концепциясында айтылат. Ага ылайык, насвайды өлкөгө алып кирүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат. Ошондой эле алкоголдук ичимдиктерди жана тамекини түнкү убакта жана интернет аркылуу сатууга уруксат берилбейт. Мындан тышкары, спирт ичимдиктери менен тамеки сатып алуу үчүн жаш куракты 18ден 21 жашка чейин көтөрүү сунушталууда.Армениянын премьер-министри Никол Пашинян республика Евразиялык экономикалык биримдикке мүчөлүгүн уланта берерин билдирди. Бул тууралуу анын видеокайрылуусуна таянып РИА Новости жазды. "ЕАЭБ ичинде ишибизди ЕБ менен Евразиялык экономикалык биримдиктин бирин тандоо керек болгон учурга чейин уланта бермекчибиз. Чечимди армян эли референдум аркылуу кабыл алышы керек", — деди Пашинян.Анын айтымында, Армения ЕБге кирүү боюнча расмий кайрылмайынча же талапкер макамын алмайынча референдум өткөрүүнүн эч зарылдыгы жок. "Демек, эч нерсеге көңүл бурбай ЕАЭБде боло беребиз. Бул багытта мүмкүнчүлүктөрүбүз кеңири", — деди премьер-министр. Эскерте кетсек, буга чейинки Ееревандын ЕБге ыктаганынан улам ЕАЭБден чыгышы керектиги айтылган. Биримдикке мүчө болгон төрт мамлекеттин (Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия) лидерлери Астанада өткөн саммиттин жыйынтыгында Армения бир эле убакта эки биримдикке мүчө боло албай турганын айтып, ЕБге кошулуу боюнча референдум өткөрүү зарылдыгын белгилеп, билдирүү жасашкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/01/1101636171_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_66c315893f62870b3873dcb74ce7d748.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио