https://sputnik.kg/20261107/kasymaliyev-zhurnalistterdi-kesiptik-mayramy-menen-kuttuktady-1104762740.html
ЖМКнын башкы баалуулугу — коомдун ишеними. Касымалиев журналисттерди куттуктады
ЖМКнын башкы баалуулугу — коомдун ишеними. Касымалиев журналисттерди куттуктады
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Ата мекендик ЖМКлар улуттук биримдикти чыңдоодо, жаратуучулук демилгелерди илгерилетүүдө, тарыхый эс тутумду сактоодо жана Кыргызстан... 07.11.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-11-07T11:12+0600
2026-11-07T11:12+0600
2026-11-07T11:12+0600
кыргызстан
адылбек касымалиев
журналистика
куттуктоо
маалымат
чындык
ишеним
баалуулук
этика
жмк
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1b/1098168727_0:160:3072:1888_1920x0_80_0_0_4e448a2aadea4461a4f46658491e4534.jpg
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Ата мекендик ЖМКлар улуттук биримдикти чыңдоодо, жаратуучулук демилгелерди илгерилетүүдө, тарыхый эс тутумду сактоодо жана Кыргызстан тууралуу дүйнө коомчулугунда объективдүү түшүнүктү калыптандырууда олуттуу потенциалга ээ экенине ишенем. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоосунда айтылат. Өкмөттүн башчысы журналистика өлкөнүн тарыхын сактоодо, коомдук аң-сезимди калыптандырууда жана демократиялык баалуулуктарды бекемдөөдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи. Касымалиев санариптик технологиялар маалымат таратуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткени менен, журналистикада чындык, кесиптик этика, маалыматтын аныктыгы жана жоопкерчилик башкы баалуулук бойдон каларына токтолду. Министрлер кабинетинин төрагасы медиа өкүлдөрүнө чың ден соолук, чыгармачылык дем, кесиптик ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалаган.
https://sputnik.kg/20260327/sputnikpro-fotozhurnalistika-keneshter-1100474809.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0b/1b/1098168727_171:0:2902:2048_1920x0_80_0_0_e8f146134d44549682b13b8b1b4507ac.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, адылбек касымалиев, журналистика, куттуктоо, маалымат, чындык, ишеним, баалуулук, этика, жмк
кыргызстан, адылбек касымалиев, журналистика, куттуктоо, маалымат, чындык, ишеним, баалуулук, этика, жмк
БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. Ата мекендик ЖМКлар улуттук биримдикти чыңдоодо, жаратуучулук демилгелерди илгерилетүүдө, тарыхый эс тутумду сактоодо жана Кыргызстан тууралуу дүйнө коомчулугунда объективдүү түшүнүктү калыптандырууда олуттуу потенциалга ээ экенине ишенем. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн 7-ноябрь – Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктоосунда айтылат.
Өкмөттүн башчысы журналистика өлкөнүн тарыхын сактоодо, коомдук аң-сезимди калыптандырууда жана демократиялык баалуулуктарды бекемдөөдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
Касымалиев санариптик технологиялар маалымат таратуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейткени менен, журналистикада чындык, кесиптик этика, маалыматтын аныктыгы жана жоопкерчилик башкы баалуулук бойдон каларына токтолду.
"Соңку он жылдыкта маалымат чөйрөсү таанылгыс деңгээлде өзгөрдү. Жаңы технологиялар маалымат таратуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, коомду кыйла ачык кылды жана коммуникациянын ылдамдыгын эселеп жогорулатты. Бирок технологиялык өзгөрүүлөргө карабастан, эң башкы баалуулуктар өзгөрүүсүз калууда. Алар – чындыкка негизделген сөздүн баалуулугу, жүйөлүү аргументтин күчү жана чынчылдык менен жоопкерчиликсиз жетишүү мүмкүн болбогон ишеним. Мындай шартта журналисттик этиканын принциптерин сактоо, маалыматтын аныктыгын текшерүү, ар тараптуу жана калыс көз карашты камсыз кылуу, ошондой эле коомдук кызыкчылыкты эске алуу өзгөчө маанилүү. Анткени коомдун ишеними – жалпыга маалымдоо каражаттарынын эң башкы баалуулугу. Ал эми ошол ишенимди сактоо жана бекемдөө — ар бир медиа өкүлүнүн кесиптик милдети", — деди ал.
Министрлер кабинетинин төрагасы медиа өкүлдөрүнө чың ден соолук, чыгармачылык дем, кесиптик ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалаган.