00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
ЕАЭБ өлкөлөрүндө илимий даажалар таанылат. Иш кайсы процесске келди?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Туризм на износ: как застройка побережья убивает экосистему Иссык-Куля
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Максимальный репост
Конец эпохи легких прав: как в Кыргызстане теперь учат водить машину
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Алкоголсуз суусундуктарга милдеттүү түрдө акциз салыгы салынат — кайсы товарларга тиешелүү?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Маалымат борбор

Сүрөттү ЖМК үчүн кантип тартуу керек. Фотожурналисттен үйрөнчүктөргө кеңеш

© Sputnik / Табылды КадырбековФотожурналисттин иши. Архив
Фотожурналисттин иши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.03.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Сүрөттү ЖМК үчүн кантип тартуу керектигин бул жааттагы тажрыйбалуу фотожурналист Григорий Дукор айтып берди.
Ал тажрыйбасы менен Sputnik Кыргызстандын SputnikPro долбоорунан бөлүшкөн.
Дукор азыр сүрөттү бардыгы эле тарткандыктан, медиада бул ишти кесипкөйлөр гана аткарат деген нерсе болбой калганын айтты. Азыр ар бир кишиде смартфон бар, сүрөт деген түмөн. Бирок алардын ичинен капыстан тартылган сүрөттөн журналистикадагы сүрөттүн айырмасы чоң экендигин баса белгиледи.
"Жаңылыктын сүрөтү техника же сулуулук жөнүндө эмес. Ал окуяны, анын тарыхын баяндап бериши керек. Камера болгону курал, ал эми калганы адам эмнени көрсөткүсү келгенин түшүнгөнүнө байланыштуу болот. Көптөр дагы деле сүрөттүн сапаты смартфондогу мегапикселдер менен аныкталат деп ойлошот. Ал эми иш жүзүндө ошол ирмемдердеги кесипкөйлүк туюм жана кесипкөй камералар чечүүчү ролду ойнойт", — деди Дукор.
Эгерде окуяны түз, дал маңдайынан тартууга такыр эле болбой жатса башка жолун издөө керек. Анын айланасында эмне болуп жатканын, экинчи тарабын, майда-чүйдөсүн же адамдардын эмоциясын кадрга түшүрүп, ошолор аркылуу чагылдыруу зарыл. Жаңылыктын сүрөтүндө мыкты сапат эмес, анын кечиктирилбей, ошол учурду кармаган ирмеми баалуу. Техниканы кыйратып жибербеген киши деле окуянын маанилүү учурун тартып алса, ошол башкы эмгек болуп чыга келет.
Фотожурналист башкалар кармай албаган, чөнтөк телефонго тартылып калган кадрлар эң маанилүү, эң керектүү сүрөт болгон окуяларды айтып берди.
"Сен тартпасаң, ал кадрлар жаралмак эмес. Бирок туш келди тарта берген да болбойт. Чырк эттирерден мурда бул сүрөттү көргөн киши эмнени түшүнөт дешиң керек. Эгерде ал кадр ким, кайда, эмне болуп жатат деген нерсеге жооп бербесе, бекерге кеткен эмгек. Журналисттик баалуулугу жоголот. Майда деп маани бербеген нерселер, мисалы, кандайдыр бир жазуу, интерьердин элементи же желек да маанилүү ролду ойноп кетет. Себеби алар тексттин маңызын ачып, сүрөттү ага "байлап коет", — деп түшүндүрдү эксперт.
Сахнанын алдында туруп баарын "болгондой" эле тарткан фотограф башкалардай айырмаланбайт, бул, албетте, кызыксыз. Андан көрө аудиториянын реакциясы, чагылдырып берүү, өзгөчө бир жерди таап, ошо менен иштөө алда канча кызыктуу. Кээде сүйлөп жибере тургандай жана такыр башкача сүрөттү илип кетүү үчүн камераны башка тарапка буруп коюу жетиштүү.
"Ирмемди кармап калуу өтө маанилүү. Жаңылыктарды тартууда кайра кайталоо (дубль) деген жок, эч ким кадр үчүн кыймылын кайталап бербейт. Эмоция, ишарат, чочуу, кокустан чыгып кеткен реакция — мунун баары бир ирмемде гана болот. Эгер ошол учурда фотограф алаксып кетсе же даяр эмес болсо, кадр жоголду дей бериңиз. Ошондуктан эң негизги нерсе — жакшылап, толук көңүл коюу жана эмне болорун алдын ала сезе билүү. Сиз бара жаткан иш-чарада ким эмнеге жана кантип реакция кылышы мүмкүн экенин билүү үчүн окуя тууралуу алдын ала кабарыңыз болгону зарыл", — деди Дукор.
Кеңештердин өзүнчө бир бөлүгү телефонго тартууга арналды. Алгач камерасын сүртүп алуу өтө маанилүү. Кирдеген линза сүрөттү толугу менен бузуп коюшу мүмкүн. Бул — эң көп кетирилген ката. Фотограф санариптик зумду ашыкча колдонбоого, экспозиция менен иштөөгө жана зарылчылык болбосо жарыкка каршы тартпоого кеңеш берди.
Эгерде кеп ЖМКнын видеосу тууралуу жүрүп жатса, анда телекөрсөтүү жана жаңылыктар платформалары горизонталдык форматка ылайыкташкан. Ошондуктан тигинен тартуу көбүнчө жараксыз болуп калат. Видеону кыска жана бүткөрүлгөн пландар менен тартуу, кыймыл-аракетти ортосунан үзбөө жана камераны "силкилдетпөө" деген нерселер продукциянын жакшы чыгышына көмөкчү. Антпесе материалды сапаттуу монтаждоо мүмкүн эмес.
Дукор этикага өзүнчө токтолду. Жаңылыктарда маалымат берүү менен окурманды чочутуп, дендароо кылуунун ортосундагы маанилүү чекти бузбоо өзгөчө маанилүү. Жадагалса трагедиялуу окуяларда да журналисттин милдети — окуяны аудиториянын психологиясына зыян келтирбей айтып берүү. Ашыкча катаалдыкты көрсөтпөй эле адамдардын реакциясын же учурду майдалап чагылдыруу аркылуу окуянын маңызын жеткирүүгө болот.
Дагы бир принципиалдуу позиция — жаңылыктар жарыялаган сүрөтүндө жасалма интеллектини колдонуудан баш тартуу. ЖИ сүрөттөрү ишенимдүү көрүнүшү мүмкүн, бирок реалдуулукту алмаштыруу болуп калат. Журналистика үчүн бул өтө кооптуу, себеби эл кадрдын жасалма экенин түшүнүп калса ЖМКга ишеним биротоло жоголот.
SputnikPro — өз тармагынын адистери билими, иш тажрыйбасы менен маалымат катчы, журналист жана ЖОЖдордун студенттери менен бөлүшүү үчүн уюштурулган мастер-класс. Долбоор 2018-жылдын жаз айларында башталып, Беларусь, Азербайжан, Армения, Грузия жана Кыргызстандын медиа айдыңында жогорку баага татып келет.
2018-жылдан бери бет маңдай жолугушуулар 24 өлкөдө жана 80ден ашуун онлайн режиминде өткөрүлдү. SputnikPro катышуучуларынын саны 12 700дөн ашат.
Компьютер менен иштөө. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2026
Маалымат борбор
Контенттин илгерилеши алгоритмдерден көз каранды. Соцтармактын сырлары
Жаңылыктар түрмөгү
0