https://sputnik.kg/20260915/1103667616.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Менун чакыруусу менен 15-18-сентябрда аталган өлкөдө расмий сапар менен болот. Бул туурасында... 15.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-15T08:59+0600
2026-09-15T08:59+0600
2026-09-15T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0f/1103667450_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f99a5103decd0409c7aed76783ed1e12.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Менун чакыруусу менен 15-18-сентябрда аталган өлкөдө расмий сапар менен болот. Бул туурасында "Ынтымак ордо" билдирди. Сапардын алкагында мамлекет башчы "Борбордук Азия — Корея" деп аталган I саммитке катышат. Анын маалымат кызматы президенттин Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрө тургандыгын кошумчалады. Сапардын жыйынтыгында экономикалык, инвестициялык, бажы жана башка тармактарда эки тараптуу документтердин топтомун кабыл алуу пландалууда
Кыргызстан ЕАЭБ мамлекеттери менен болгон соодасын быйылкы жылдын январь-июль аралыгында 5,4 пайызга жогорулатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Өз ара сооданын жалпы көлөмү 3 миллиард 730 миллион долларды түзгөн. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу жогору. Белгилей кетсек, 2025-жылдын жыйынтыгы менен ЕАЭБ мамлекеттери менен болгон соода 5,9 миллиард долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 2,4 эсе көбөйгөн
Социалдык фонд 2026-жылды 13,5 млрд сом профицит менен аяктоону пландоодо. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, талдоо көрсөткөндөй, 2040-жылга чейин пенсиялык системада эч кандай көйгөйлөр күтүлбөйт. "Биз 2040-жылга чейинки мезгилди эсептеп чыктык жана ага чейин эч кандай көйгөйлөр болбойт. Азыр бизде талдоо бар. Быйыл, 2026-жылы, биз 13,5 миллиард сом профицит менен аяктайбыз", - деди Бактияр Алиев. Ал ошондой эле Пенсиялык фонддо болжол менен 40 млрд сом профицит бар экенин айтты. Социалдык фонддун башчысынын айтымында, пенсиялык системаны реформалоонун биринчи этабы аяктаган. Бул этаптын алкагында мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууну караган жоболор, ошондой эле 2007–2008-жылдары киргизилген башка жоболор жокко чыгарылды. “Азыр биз реформанын экинчи этабын баштап жатабыз. Кандай болгон күндө да, биз толугу менен топтомо системасына өтүшүбүз керек. Учурда биз буга даярданып жатабыз жана реформанын экинчи этабын ишке ашырабыз”, - деп белгиледи ал.
Транспорт министрлиги Кыргызстанда бир чакырым жол канчага куруларын айтты Министрдин орун басары Бактылуу Момбековдун маалыматына караганда, төрт тилкелүү жолдун 1 чакырымы 1,3–1,8 млн долларга, ал эми эки тилкелүү жолдун 1 чакырымы 800 миң доллардан 1 млн долларга чейин салынат. “Шаар ичинде жол куруу кымбатыраак болот. Себеби коммуникацияларды көчүрүү жана башка кошумча иштер бар. Мындай учурда 1 чакырым жолдун баасы 1,2–1,3 млн долларга чейин жетиши мүмкүн”, — деген ал ЖКнын тармактык комитетинде.
Президент Садыр Жапаров Түштүк Кореянын президенти Ли Чжэ Менун чакыруусу менен 15-18-сентябрда аталган өлкөдө расмий сапар менен болот. Бул туурасында "Ынтымак ордо" билдирди. Сапардын алкагында мамлекет башчы "Борбордук Азия — Корея" деп аталган I саммитке катышат. Анын маалымат кызматы президенттин Кореянын жогорку жетекчилиги менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрө тургандыгын кошумчалады. Сапардын жыйынтыгында экономикалык, инвестициялык, бажы жана башка тармактарда эки тараптуу документтердин топтомун кабыл алуу пландалууда Кыргызстан ЕАЭБ мамлекеттери менен болгон соодасын быйылкы жылдын январь-июль аралыгында 5,4 пайызга жогорулатты. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Өз ара сооданын жалпы көлөмү 3 миллиард 730 миллион долларды түзгөн. Көрсөткүч былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу жогору. Белгилей кетсек, 2025-жылдын жыйынтыгы менен ЕАЭБ мамлекеттери менен болгон соода 5,9 миллиард долларды түзүп, 2020-жылга салыштырмалуу 2,4 эсе көбөйгөн Социалдык фонд 2026-жылды 13,5 млрд сом профицит менен аяктоону пландоодо. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, талдоо көрсөткөндөй, 2040-жылга чейин пенсиялык системада эч кандай көйгөйлөр күтүлбөйт. "Биз 2040-жылга чейинки мезгилди эсептеп чыктык жана ага чейин эч кандай көйгөйлөр болбойт. Азыр бизде талдоо бар. Быйыл, 2026-жылы, биз 13,5 миллиард сом профицит менен аяктайбыз", - деди Бактияр Алиев. Ал ошондой эле Пенсиялык фонддо болжол менен 40 млрд сом профицит бар экенин айтты. Социалдык фонддун башчысынын айтымында, пенсиялык системаны реформалоонун биринчи этабы аяктаган. Бул этаптын алкагында мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгууну караган жоболор, ошондой эле 2007–2008-жылдары киргизилген башка жоболор жокко чыгарылды. “Азыр биз реформанын экинчи этабын баштап жатабыз. Кандай болгон күндө да, биз толугу менен топтомо системасына өтүшүбүз керек. Учурда биз буга даярданып жатабыз жана реформанын экинчи этабын ишке ашырабыз”, - деп белгиледи ал.Транспорт министрлиги Кыргызстанда бир чакырым жол канчага куруларын айтты Министрдин орун басары Бактылуу Момбековдун маалыматына караганда, төрт тилкелүү жолдун 1 чакырымы 1,3–1,8 млн долларга, ал эми эки тилкелүү жолдун 1 чакырымы 800 миң доллардан 1 млн долларга чейин салынат. “Шаар ичинде жол куруу кымбатыраак болот. Себеби коммуникацияларды көчүрүү жана башка кошумча иштер бар. Мындай учурда 1 чакырым жолдун баасы 1,2–1,3 млн долларга чейин жетиши мүмкүн”, — деген ал ЖКнын тармактык комитетинде.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/0f/1103667450_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_f91836cdb9641e0fbccf195bd54986b1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио