Чамдагыла! ЖРТга кошумча каттоо 24-ноябрда болот

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүЭкзамен башталар алдында мектеп окуучулары. Архив
Экзамен башталар алдында мектеп окуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.11.2023
Жазылуу
Тестирлөөгө колунда документи бар абитуриенттер гана катыша алат.
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кыш мезгилинде ЖОЖдорго кабыл алуу үчүн өткөрүлүүчү Жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо 2023-жылдын 24-ноябрында өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Каттоо төмөнкү даректерде болот:
Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, 27 дарегиндеги Кусеин Карасаев атындагы БМУнун башкы корпусунда;
Ош шаары, Ленин көчөсү, 331 дарегинде жайгашкан ОшМУнун башкы корпусунда.
Эске салсак, ЖРТга каттоо 17-октябрдан тарта башталып, 27-октябрда аяктаган. Тестирлөөгө колунда документи бар абитуриенттер гана катыша алат. Быйыл 11-класста окуп жаткандар кире албайт. Алар 2024-жылы май айында боло турган тестирлөөдөн өтөт.
Ал эми жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн өткөрүлгөн кышкы Жалпы республикалык тестирлөөнүн өзү 2023-жылдын 24-ноябрынан 30-ноябрына чейин деп белгиленген.
РФтин илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.11.2023
Валерий Фальков: жыл сайын 3 миңдей кыргызстандык Россия ЖОЖдорун аяктайт
Жаңылыктар түрмөгү
0