https://sputnik.kg/20260923/1103841657.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров АКШдагы ишкерлер менен жолугуп жатып Кыргызстан Россияга санкция салынган жана согуштук товарларды жөнөтпөгөнүн билдирди. Мамлекет... 23.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-23T09:00+0600
2026-09-23T09:00+0600
2026-09-23T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103841491_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cf4d3841858cdb2c4c355f8a13f8c37c.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров АКШдагы ишкерлер менен жолугуп жатып Кыргызстан Россияга санкция салынган жана согуштук товарларды жөнөтпөгөнүн билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, The New York Times гезити Кыргызстандын экономикасынын өсүшү боюнча жазып, буга Кытай менен Европадан Россияга товар жиберип келгени себеп болгонун белгилеген. "The New York Times бул жерден туура эмес айткан. Биз Россияга мурдатан эле товар сатып келебиз. Кытайдан дагы реэкспорт кылабыз, бирок алар согуш товарлары эмес. Санкцияга кирген бир дагы товарды документ түрүндө же иш жүзүндө РФке жиберген жокпуз. Биз дагы санкцияны, БУУнун мыйзамдарын сыйлаган мамлекетпиз", — деди Жапаров. Эске салсак, президент бул күндөрү АКШда иш сапар менен жүрөт
Кыргызстан АКШнын Wabtec компаниясынан ТЭ33АС үлгүсүндөгү 10 заманбап магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Аталган келишимге президент Садыр Жапаровдун Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында кол коюлду. Өлкө башчысы 21-сентябрда АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли, соода министринин орун басары Уильям Киммит, Экспорттук-кредиттик банкынын төрагасы Жон Йованович жана локомотивдерди чыгарган америкалык Wabtec компаниясынын жетекчилиги менен жолукту. Анда Садыр Жапаров Кыргызстан АКШ менен соода-экономикалык, инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле өлкөдө транспорт инфраструктурасын, анын ичинде темир жол тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып жатканын билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы үчүн ТЭ33АС үлгүсүндөгү 10 заманбап локомотивди сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду. Ал Кыргызстанга 2027-жылдын аягына чейин жеткирилет.
Кендирбаева: окуучуларга соцтармакты колдонууга тыюу салуу маселеси көтөрүлгөн эмес экенин айтты.Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева балдарга социалдык тармакты колдонууга тыюу салууну эмес, мектептерде телефондорду колдонууга чектөө киргизүү тууралуу маселени көтөргөнүн айтты. Министр мындай демилгени көтөрмөк түгүл, андай кылууга мүмкүн эмес экенин белгилеген. "Бул маселени көтөргөн эмесмин, менден сурашкан. Бизде социалдык тармактарга тыюу салууга ыйгарым укук жок. Анткени социалдык тармактардын негиздөөчүлөрү Кыргызстанда эмес, бул кыргызстандык продукт эмес. Мен болгону мектептерде телефондорду колдонууга чектөө киргизүү тууралуу айткам", — деди Кендирбаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына. Министрдин айтымында, смартфон колдонууга чектөө буга чейин эле киргизилген. Мектептердин кире беришине балдар телефонун калтырып кетүү үчүн кутулар коюлган.
Президент Садыр Жапаров АКШдагы ишкерлер менен жолугуп жатып Кыргызстан Россияга санкция салынган жана согуштук товарларды жөнөтпөгөнүн билдирди. Мамлекет башчынын айтымында, The New York Times гезити Кыргызстандын экономикасынын өсүшү боюнча жазып, буга Кытай менен Европадан Россияга товар жиберип келгени себеп болгонун белгилеген. "The New York Times бул жерден туура эмес айткан. Биз Россияга мурдатан эле товар сатып келебиз. Кытайдан дагы реэкспорт кылабыз, бирок алар согуш товарлары эмес. Санкцияга кирген бир дагы товарды документ түрүндө же иш жүзүндө РФке жиберген жокпуз. Биз дагы санкцияны, БУУнун мыйзамдарын сыйлаган мамлекетпиз", — деди Жапаров. Эске салсак, президент бул күндөрү АКШда иш сапар менен жүрөт Кыргызстан АКШнын Wabtec компаниясынан ТЭ33АС үлгүсүндөгү 10 заманбап магистралдык жүк ташуучу локомотив сатып алат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Аталган келишимге президент Садыр Жапаровдун Нью-Йоркко болгон иш сапарынын алкагында кол коюлду. Өлкө башчысы 21-сентябрда АКШ президентинин глобалдык өнөктөштүк боюнча атайын өкүлү Паоло Замполли, соода министринин орун басары Уильям Киммит, Экспорттук-кредиттик банкынын төрагасы Жон Йованович жана локомотивдерди чыгарган америкалык Wabtec компаниясынын жетекчилиги менен жолукту. Анда Садыр Жапаров Кыргызстан АКШ менен соода-экономикалык, инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө жана биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле өлкөдө транспорт инфраструктурасын, анын ичинде темир жол тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалып жатканын билдирди. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы үчүн ТЭ33АС үлгүсүндөгү 10 заманбап локомотивди сатып алуу боюнча келишимге кол коюлду. Ал Кыргызстанга 2027-жылдын аягына чейин жеткирилет. Кендирбаева: окуучуларга соцтармакты колдонууга тыюу салуу маселеси көтөрүлгөн эмес экенин айтты.Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева балдарга социалдык тармакты колдонууга тыюу салууну эмес, мектептерде телефондорду колдонууга чектөө киргизүү тууралуу маселени көтөргөнүн айтты. Министр мындай демилгени көтөрмөк түгүл, андай кылууга мүмкүн эмес экенин белгилеген. "Бул маселени көтөргөн эмесмин, менден сурашкан. Бизде социалдык тармактарга тыюу салууга ыйгарым укук жок. Анткени социалдык тармактардын негиздөөчүлөрү Кыргызстанда эмес, бул кыргызстандык продукт эмес. Мен болгону мектептерде телефондорду колдонууга чектөө киргизүү тууралуу айткам", — деди Кендирбаева Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына. Министрдин айтымында, смартфон колдонууга чектөө буга чейин эле киргизилген. Мектептердин кире беришине балдар телефонун калтырып кетүү үчүн кутулар коюлган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103841491_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ad9681b4d0259df8a44a8dd11c9b1871.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио