https://sputnik.kg/20260924/1103870659.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Жогороку Кеңеш президенттик шайлоонун күнүн бекитти. Өлкө башчысы 2027-жылдын 27-январында тандалмай болду. Жуманын шаршембисине туш келген бул күн жаңы талап... 24.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-24T11:00+0600
2026-09-24T11:00+0600
2026-09-24T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/18/1103870493_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f269eb5b4527c8f52cb8221de7603ebc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Жогороку Кеңеш президенттик шайлоонун күнүн бекитти. Өлкө башчысы 2027-жылдын 27-январында тандалмай болду. Жуманын шаршембисине туш келген бул күн жаңы талап боюнча, дем алыш деп жарыяланган. Процедура боюнча парламент шайлоонун күнүн бекитип бериши керек болчу. Буга чейин маселени тармактык комитет карап келген.
Кыргызстанда рак илдетине чалдыккан балдардын 40 пайызы ак кан менен жабыркайт. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков Sputnik радиосунун эфиринде билдирди. Анын айтымында, балдар арасында ак кандан кийин экинчи орунда мээ рагына (15%) дуушар болгондор турса, үчүнчү орунду залалдуу без ооруларынан (15%) жапа чеккендер ээлейт. Ал эми калганын бөйрөктүн үстүндөгү бездеги, бөйрөк, сөөк, жумшак эттердеги, жыныстык мүчөдөгү жана башка жерлердеги шишиктер түзөт. Стамбеков аймактар боюнча карай келгенде рак менен ооруган балдардын көбү Нарын облусунда экенин белгиледи. Дарыгердин айтымында, Нарында 100 миң баланын ичинен залалдуу шишик ооруларына чалдыккандардын 10-12 учуру катталат. "Бул — Нарында чындап эле дартка чалдыккандар көбүрөөк же Нарындын дарыгерлери дартты тез жана туура аныктап, Бишкекке жөнөтөт деген кеп", — деди Стамбеков. Онколог Кыргызстанда жылына залалдуу жана залалдуу эмес шишикке чалдыккан 500дөн ашык бала аныкталарын кошумчалады. Анын ичинен ракка чалдыккандардын саны 200гө чукул болот.
Эгерде АКШ президенти Дональд Трамп Канадага карата аскердик операция баштоого буйрук берсе, коргонууга даяр туруш үчүн Оттава акыркы жылдары атайын сценарийлерди иштеп чыгып койгон. Бул туурасында Канаданын өкмөт башчысы Марк Карни New York Times басылмасына берген интервьюсунда билдирген. Премьер Трамптын "51-штат кылып алам" дегенин Оттава канчалык деңгээлде олуттуу кабыл алды деген суроого жооп берген. Айтымында, өкмөт АКШнын кирип келе турганын, кесепетин дыкаттык менен карап, ар тараптан салмактап чыккан. "Мындай учурда сенин милдетиң — капыстан болчу каргашага даяр туруш үчүн анын жолун, ыкмасын ойлонуштуруп коюу. Мындай кадам тобокелдикти жөнгө салуу болуп эсептелет. Бул негизги сценарийи (АКШнын кирип келиши — ред.) болбосо да, даярданып коюш кажет", — деген өкмөттүн башчысы. Канаданын өкмөт башчысынын айтымында, кырдаалдын мындай нукта өнүгүшүнө даярданып жатып, Оттава Вашингтонго көз карандылыгынан бир топ эле бошонуп калды.
Эль-Ниньо климаттык кубулушунун күчөшү жарым жыл ичинде 450 миңден ашык кишинин өмүрүн алып кетиши ыктымал. Бул туурасында Climate Impact Lab илим-изилдөө уюмуна таянып РИА Новости жазды. "Биз жасаган божомолдорго караганда, 451 миң адам Эль-Ниньонун азыркы кубулушунан улам өмүрүнөн ажырашы мүмкүн", — деп алардын отчетунда айтылганын агенттик жазды. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн айтсак, Эль-Ниньо — Тынч океандын экватордук аймагынын борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндөгү океан суусунун үстүңкү катмарынын температурасынын көтөрүлүшү менен байланышкан табигый климаттык кубулуш. Ал орто эсеп менен ар бир 2-7 жылда кайталанып турат. Узактыгы адатта 9 айдан 12 айга чейин созулат. Бул кубулуш Жердин көп бөлүгүндөгү аба ырайына таасир этерин аталган метеорология уюму билдирген.
Жогороку Кеңеш президенттик шайлоонун күнүн бекитти. Өлкө башчысы 2027-жылдын 27-январында тандалмай болду. Жуманын шаршембисине туш келген бул күн жаңы талап боюнча, дем алыш деп жарыяланган. Процедура боюнча парламент шайлоонун күнүн бекитип бериши керек болчу. Буга чейин маселени тармактык комитет карап келген. Кыргызстанда рак илдетине чалдыккан балдардын 40 пайызы ак кан менен жабыркайт. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков Sputnik радиосунун эфиринде билдирди. Анын айтымында, балдар арасында ак кандан кийин экинчи орунда мээ рагына (15%) дуушар болгондор турса, үчүнчү орунду залалдуу без ооруларынан (15%) жапа чеккендер ээлейт. Ал эми калганын бөйрөктүн үстүндөгү бездеги, бөйрөк, сөөк, жумшак эттердеги, жыныстык мүчөдөгү жана башка жерлердеги шишиктер түзөт. Стамбеков аймактар боюнча карай келгенде рак менен ооруган балдардын көбү Нарын облусунда экенин белгиледи. Дарыгердин айтымында, Нарында 100 миң баланын ичинен залалдуу шишик ооруларына чалдыккандардын 10-12 учуру катталат. "Бул — Нарында чындап эле дартка чалдыккандар көбүрөөк же Нарындын дарыгерлери дартты тез жана туура аныктап, Бишкекке жөнөтөт деген кеп", — деди Стамбеков. Онколог Кыргызстанда жылына залалдуу жана залалдуу эмес шишикке чалдыккан 500дөн ашык бала аныкталарын кошумчалады. Анын ичинен ракка чалдыккандардын саны 200гө чукул болот.Эгерде АКШ президенти Дональд Трамп Канадага карата аскердик операция баштоого буйрук берсе, коргонууга даяр туруш үчүн Оттава акыркы жылдары атайын сценарийлерди иштеп чыгып койгон. Бул туурасында Канаданын өкмөт башчысы Марк Карни New York Times басылмасына берген интервьюсунда билдирген. Премьер Трамптын "51-штат кылып алам" дегенин Оттава канчалык деңгээлде олуттуу кабыл алды деген суроого жооп берген. Айтымында, өкмөт АКШнын кирип келе турганын, кесепетин дыкаттык менен карап, ар тараптан салмактап чыккан. "Мындай учурда сенин милдетиң — капыстан болчу каргашага даяр туруш үчүн анын жолун, ыкмасын ойлонуштуруп коюу. Мындай кадам тобокелдикти жөнгө салуу болуп эсептелет. Бул негизги сценарийи (АКШнын кирип келиши — ред.) болбосо да, даярданып коюш кажет", — деген өкмөттүн башчысы. Канаданын өкмөт башчысынын айтымында, кырдаалдын мындай нукта өнүгүшүнө даярданып жатып, Оттава Вашингтонго көз карандылыгынан бир топ эле бошонуп калды. Эль-Ниньо климаттык кубулушунун күчөшү жарым жыл ичинде 450 миңден ашык кишинин өмүрүн алып кетиши ыктымал. Бул туурасында Climate Impact Lab илим-изилдөө уюмуна таянып РИА Новости жазды. "Биз жасаган божомолдорго караганда, 451 миң адам Эль-Ниньонун азыркы кубулушунан улам өмүрүнөн ажырашы мүмкүн", — деп алардын отчетунда айтылганын агенттик жазды. Окурмандарга түшүнүктүү болуш үчүн айтсак, Эль-Ниньо — Тынч океандын экватордук аймагынын борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндөгү океан суусунун үстүңкү катмарынын температурасынын көтөрүлүшү менен байланышкан табигый климаттык кубулуш. Ал орто эсеп менен ар бир 2-7 жылда кайталанып турат. Узактыгы адатта 9 айдан 12 айга чейин созулат. Бул кубулуш Жердин көп бөлүгүндөгү аба ырайына таасир этерин аталган метеорология уюму билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/18/1103870493_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_c44d6525a3cf1efb6bdb7762af924d55.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио