00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Личный интерес
От монодрамы до эксперимента: каким стал фестиваль IMPULSE в Бишкеке
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Психолог: бизге жардам сурап кайрылган өспүрүмдөр көбөйдү
17:08
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
On air
18:08
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Будь в курсе
Водный вопрос Центральной Азии: время общих решений и сберегающих технологий
20:08
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
11 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бишкекте коомдук транспорт айдоочуларына эмгек акы төлөөнүн жаңы системасы ишке кирип жатканын мэрия билдирди. Калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын бригадирлери менен жолугушуу өткөрүлүп, аталган маселе каралган. "Жаңы системага ылайык, эмгек акынын өлчөмү белгиленген эмгек талаптарынын аткарылышына, жумуш убактысынын нормасынын сакталышына жана иштин сапатына жараша аныкталат. Тактап айтканда, айдоочунун ишине байланыштуу даттануу келип түшүп, анын негиздүүлүгү тастыкталган учурда эмгек акынын өлчөмү 20 пайызга чейин азайтылышы мүмкүн. Ошондой эле белгиленген жумуш убактысынын нормасы аткарылбаган учурда да айлыкты азайтуу каралган", — деп айтылат маалыматта. Мындан тышкары, бригадирлерге жаңы системаны колдонуу тартиби, эмгек акыга таасир этүүчү негизги критерийлер түшүндүрүлдү. Буга кошумча, айдоочулардын графикти сактоосу, эмгек тартиби жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаты боюнча маселелер талкууланган.
Ысык-Көлдө суунун сапаты текшерилип жатат Кыргызгидрометтин адистери ар кандай тереңдиктен сыноо үчүн суу алышууда. Изилдөөнүн максаты — суунун учурдагы абалы тууралуу так жана объективдүү маалымат алуу, көлдүн экосистемасына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон факторлорду өз убагында аныктоо. Мониторинг жылына эки жолу — туристтик сезон башталганга чейин жана аяктагандан кийин өткөрүлөт. Бул нерсе климаттын өзгөрүшүнөн, адам факторунун оорлошунан жана туристтик активдүүлүктүн өсүшүнон улам өтө маанилүү. Жакында эле президент БУУнун Башкы Ассамблеясында сүйлөп жатып, соңку кездери Ысык-Көлдүн суусунун деңгээли жылына 7 сантиметрге төмөндөп жатканын билдирди. Садыр Жапаров дүйнөлүк коомчулукту БУУнун алкагында Ысык-Көлдү сактап калуу боюнча трасттык фонд түзүүгө чакырды.
Кыргызстанда жасалма акыл жана спутниктен алынган маалыматтардын жардамы менен жүгөрү жана күн карама өстүрүлө баштады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Пилоттук долбоор Тоңдун Ак-Сай айылында ишке ашууда. Жасалма акыл жергиликтүү шартка ылайык түшүмү мол боло турган сортторду тандоого жардам берген. Жасалма акыл менен спутник технологиялары талаалардын абалын көзөмөлдөөгө, көйгөйлөрдү өз убагында аныктоого жана сугат суусун натыйжалуу пайдаланууга жардам берген. Натыйжада түшүм үчтөн бирге көбөйгөн. Тажрыйбаны башка райондорго жайылтуу пландалууда.
Тамак-аштын Гаити, Мали, Палестина, Түштүк Судан, Судан жана Йеменде жетпей тартыш болуп жатканы БУУну көбүрөөк түйшөлтүп жатат. Бул туурасында аталган эл аралык уюмдун Азык-түлүк жана айыл чарба бөлүмүнүн (FАО) Россия менен байланыш боюнча директору Олег Кобяков РИА Новостиге билдирген. Ал дүйнөдө 16 өлкө тамак-ашка катуу муктаж болуп жаткан категорияга кирерин белгиледи. "Эгерде Судан жана Газа тилкеси тууралуу сөз кылсак, ал жакта согуштун айынан муктаждарга гуманитардык жардам барбай, жегенге тамак тартыш болууда", — деген Кобякаов. Ал Суданда дээрлик 20 миллион кишинин чала тоют болгонун, беш миллионго чукулу ачка-ток жүрсө, ал эми 135 миңге жакыны эптеп эле өзөк жалгап калганын билдирген. Ал эми Түштүк Судан менен Сомалиде элдин тапкан акчасы азайып, кымбатчылык кыскан сайын азык-түлүк тартышыгы артып бара жаткандыгын айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0