00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
3 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мектептеги билим турмушка даярдап жатабы? PISA-2025 эмнени көрсөттү

© Фото / Асел СыдыковаПедагог, билим берүү боюнча эксперт Дүйшөн Баатырбеков
Педагог, билим берүү боюнча эксперт Дүйшөн Баатырбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.09.2026
Жазылуу
Советтик билим берүү системасы өз учурунда абдан күчтүү болгон. Бирок ошол система менен жана анын улантучуусу болгон Кыргызстандагы билим берүү системасы менен окугандар билимин турмушта колдоно алышпайт. Бул тууралуу “Күн башат” уктуруусунда педагог, билим берүү боюнча эксперт Дүйшөн Баатырбеков билдирди.
Ал PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө токтолуп, сынакка Кыргызстандан 150дөн ашык мектеп катышканын эске салды. Изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстан 91 өлкөнүн ичинен 80-орунду ээледи. Баатырбеков бул көрсөткүчтү жөн гана рейтинг катары кабыл албашыбыз керек экенин, мунун артында өлкөнүн билим берүү системасынын абалы тууралуу маанилүү маалыматтар жатканын белгиледи.
Мектептеги билим турмушка даярдап жатабы? PISA-2025 эмнени көрсөттү
"PISA балдардын канча маалымат билерин гана эмес, алган билимин турмушта, күнүмдүк кырдаалдарда канчалык деңгээлде колдоно аларын баалайт. Эгер Кыргызстан келечекте өнүгүп, эл аралык деңгээлде атаандаша алган, билимдүү муунду тарбиялоону көздөсө, мындай баалоолордон коркпошубуз керек. Ошол эле учурда PISA-2025тин жыйынтыгында Кыргызстан 2006-жылга салыштырмалуу математика, окуу жана табигый илимдер боюнча сабаттуулукта өсүш көрсөткөнү да белгилүү болду. Буга мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу, жаңы билимдерди өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейиши, билим берүү шарттарынын жакшырышы жана мугалимдердин эмгек акысынын жогорулашы сыяктуу факторлор таасир этти. Бирок алдыда аткарыла турган иштер дагы көп", — деди Баатырбеков.
Эксперт бүгүнкү мугалим жөн гана маалымат берип, окуучуга даяр жоопту сунуштаган адис болбошу керектигин, сабакта окуучунун өз алдынча ой жүгүртүүсүн, анализ жүргүзүүсүн, маселени чечүү жөндөмүн өнүктүргөн багыттоочу ыкмалар көбүрөөк колдонулушу зарыл экенин белгиледи.
Педагог эл аралык изилдөөлөр билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү аныктап, кайсы багытта өзгөрүү керектигин түшүнүүгө жардам берген маанилүү инструмент экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0