https://sputnik.kg/20260924/1103883083.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Geely компаниясы Кыргызстанда завод ачышы мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жасаган Кытайдагы иш сапарынын алкагында... 24.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-24T17:00+0600
2026-09-24T17:00+0600
2026-09-24T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/18/1103882917_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_4cf06fa3ebc43aa9a446d113963a4efc.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Geely компаниясы Кыргызстанда завод ачышы мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жасаган Кытайдагы иш сапарынын алкагында Geely Auto Group компаниясынын жетекчилиги менен жолугушууда талкууланды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, тараптар Кыргызстанда биргелешкен ишкана ачуу жана автоунааларды тейлөө инфраструктурасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн сүйлөшүшкөн. Бул демилгени изилдөө үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүлөт. Ошондой эле Кытайдын бизнес-өкүлдөрү менен жолугушууларда социалдык объектилерди куруу, коммуникация, логистика жана банк-финансы тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Белгилей кетсек, Geely Auto Group компаниясынын портфелине Geely, Proton жана Lotus сыяктуу бренддер кирет. Компаниянын сатуу тармагы дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүн камтыйт.
Кыргызстан биринчи жолу космоско спутник учурат. Журналисттерге спутник Бишкектеги Ленин заводунда көрсөтүлдү. Аны иштеп чыгууга 2,5 жыл кеткен. Салмагы 5 килограмм, баасы болжол менен 10-12 миллион сом. Спутникти 1-октябрда Калифорния аймагынан учуруу пландалууда. Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков спутниктен алынган сүрөттөрдү жана башка маалыматтарды пайдалануу айыл чарбасын жаңы деңгээлге чыгарарын белгиледи. "Үшүк жүрүү же кургакчылык коркунучун алдын ала байкап, түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн да колдонсо болот. Буга чейин "Кыргыз электроника" компьютерлерди жана ККМ аппараттарын чогултуп келсе, бүгүн биз жаңы деңгээлге чыгып жатабыз", — деди Акунбеков. "Кыргыз электроника" ААКсынын директору Илья Черный спутник көп тармактуу экенин, мисалы, анда Айыл чарба министрлигине керектүү жогорку сапаттагы камералар бар экенин айтты. Иштеп чыгууга кыргызстандык он инженер катышкан. "Технологиялардын көпчүлүгү Россиядагыдай эле, анткени спутникти нөлдөн баштап иштеп чыгуу 5-10 жылды талап кылат", — деп түшүндүрдү ал.
Бишкектин мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы мындай чечимди кечээ Ленин райондук соту чыгарганын кабарлады. 20-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө. Ал кайсы күч органы тарабынан жана кайсы берене боюнча кармалганы азырынча беймаалым. 36 жаштагы Кадыров 2023-жылдын ноябрь айында ошол кездеги Архитектура агенттигинин директору болуп дайындалып кеткен вице-мэр Нурдан Орунтаевдин ордуна келген. Быйыл 15-июнда кызматтан алынган.
АКШ дизель майын сатпай койсо Евробиримдикте жол кире менен товар ташуу кымбаттап, анын кесепетинен асманга учкан баалар элдин шайын алышы мүмкүн. Бул туурасында жазган Spectator басылмасы кырдаалды шаштыны кетирген катуу толкунга салыштырды. Буга чейин Politico басылмасы Штаттар президенттин бийлигинин ортосундагы Конгресске болчу шайлоонун алдында асмандап кеткен бааны ооздуктоо үчүн дизелди экспорттоого 90 күндүк чектөө киргизчү план даярдап жатканын маалымдаган. Акыркы жумаларда Европада дизель майынын баасы кескин өстү. Financial Times гезитинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери май куям дегендердин чыгымы орточо 40 пайызга арбыган.
Geely компаниясы Кыргызстанда завод ачышы мүмкүн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жасаган Кытайдагы иш сапарынын алкагында Geely Auto Group компаниясынын жетекчилиги менен жолугушууда талкууланды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, тараптар Кыргызстанда биргелешкен ишкана ачуу жана автоунааларды тейлөө инфраструктурасын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн сүйлөшүшкөн. Бул демилгени изилдөө үчүн биргелешкен жумушчу топ түзүлөт. Ошондой эле Кытайдын бизнес-өкүлдөрү менен жолугушууларда социалдык объектилерди куруу, коммуникация, логистика жана банк-финансы тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланды. Белгилей кетсек, Geely Auto Group компаниясынын портфелине Geely, Proton жана Lotus сыяктуу бренддер кирет. Компаниянын сатуу тармагы дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүн камтыйт. Кыргызстан биринчи жолу космоско спутник учурат. Журналисттерге спутник Бишкектеги Ленин заводунда көрсөтүлдү. Аны иштеп чыгууга 2,5 жыл кеткен. Салмагы 5 килограмм, баасы болжол менен 10-12 миллион сом. Спутникти 1-октябрда Калифорния аймагынан учуруу пландалууда. Минкаб төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков спутниктен алынган сүрөттөрдү жана башка маалыматтарды пайдалануу айыл чарбасын жаңы деңгээлге чыгарарын белгиледи. "Үшүк жүрүү же кургакчылык коркунучун алдын ала байкап, түшүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн да колдонсо болот. Буга чейин "Кыргыз электроника" компьютерлерди жана ККМ аппараттарын чогултуп келсе, бүгүн биз жаңы деңгээлге чыгып жатабыз", — деди Акунбеков. "Кыргыз электроника" ААКсынын директору Илья Черный спутник көп тармактуу экенин, мисалы, анда Айыл чарба министрлигине керектүү жогорку сапаттагы камералар бар экенин айтты. Иштеп чыгууга кыргызстандык он инженер катышкан. "Технологиялардын көпчүлүгү Россиядагыдай эле, анткени спутникти нөлдөн баштап иштеп чыгуу 5-10 жылды талап кылат", — деп түшүндүрдү ал.Бишкектин мурдагы вице-мэри Азамат Кадыров УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынды. Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы мындай чечимди кечээ Ленин райондук соту чыгарганын кабарлады. 20-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагына киргизилди", — деп айтылат билдирүүдө. Ал кайсы күч органы тарабынан жана кайсы берене боюнча кармалганы азырынча беймаалым. 36 жаштагы Кадыров 2023-жылдын ноябрь айында ошол кездеги Архитектура агенттигинин директору болуп дайындалып кеткен вице-мэр Нурдан Орунтаевдин ордуна келген. Быйыл 15-июнда кызматтан алынган.АКШ дизель майын сатпай койсо Евробиримдикте жол кире менен товар ташуу кымбаттап, анын кесепетинен асманга учкан баалар элдин шайын алышы мүмкүн. Бул туурасында жазган Spectator басылмасы кырдаалды шаштыны кетирген катуу толкунга салыштырды. Буга чейин Politico басылмасы Штаттар президенттин бийлигинин ортосундагы Конгресске болчу шайлоонун алдында асмандап кеткен бааны ооздуктоо үчүн дизелди экспорттоого 90 күндүк чектөө киргизчү план даярдап жатканын маалымдаган. Акыркы жумаларда Европада дизель майынын баасы кескин өстү. Financial Times гезитинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери май куям дегендердин чыгымы орточо 40 пайызга арбыган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/18/1103882917_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_e29dc41d5a1409064c4045014cb28e0f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио