00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Туяк
Бекмамат Осмоновду эскерүү. Саясаттагы принцип, өмүрдөгү өрнөк, артында калган мурас
19:11
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргыз Агрохолдинг”: фудтрактарда сатылган эт, эттин баасын туруктуу кармоого таасир берип жатат
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Психолог: бизге жардам сурап кайрылган өспүрүмдөр көбөйдү

Психолог: бизге жардам сурап кайрылган өспүрүмдөр көбөйдү
Жазылуу
Коноктор
Миргүл Сатимбаева, психологАйнек Муратбекова, психолог
Өткөөл курак, психологиялык көмөк тууралуу “Көз мончок” уктуруусунда психологдор Миргүл Сатимбаева жана Айнек Муратбекованын пикирин уктук.Өспүрүм курак, адамдын жашоосундагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири. Бул мезгилде баланын маанайы, жүрүм-туруму жана адамдар менен болгон мамилеси өзгөрүшү мүмкүн. Бирок айрым учурларда мындай өзгөрүүлөр узакка созулуп, анын окуусуна, үй-бүлөсү жана достору менен болгон мамилесине таасир эте баштайт.Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө 10–19 жаштагы өспүрүмдөрдүн болжол менен ар бир жетинчисинде психикалык ден соолукка байланыштуу көйгөй бар. Депрессия, тынчсыздануу жана жүрүм-турумдагы көйгөйлөр өспүрүмдөр арасында кеңири кездешет.Психолог Сатимбаева белгилегендей, өспүрүм куракта баланын организминде олуттуу физиологиялык жана эмоционалдык өзгөрүүлөр жүрөт. Мындай өзгөрүүлөрдүн айрымдары ата-эне үчүн көйгөй катары көрүнүшү мүмкүн.
“Өспүрүм куракта ата-эне үчүн көйгөй болуп көрүнгөн өзгөрүүлөрдүн көбү бала үчүн табигый процесс болушу мүмкүн. Заман өзгөргөн сайын балдардын өсүү мезгили да өзгөрүп жатканын байкоого болот. Мисалы, мындан 15–20 жыл мурун өспүрүм курак көбүнчө 14–15 жашта башталса, азыр айрым балдарда бул мезгил 10 жаштан тарта эле башталып жатат. Бул өзгөчө кыздарда байкалат.
Өткөөл курак, баланын чоң адамга өтүү мезгили. Башкача айтканда, бул учурда трансформация жүрөт. Ошондуктан өспүрүмдө эмоционалдык жана гормоналдык өзгөрүүлөр абдан тез жүрүп, логикалык ой жүгүртүү бир аз жайыраак иштей башташы мүмкүн. Ушундан улам баланын жүрүм-туруму бирде бизди таң калтырса, бирде көйгөй жаратышы мүмкүн.Ал эми психологиялык жактан алып караганда, бул сөзсүз эле көйгөй эмес. Өспүрүм 10 жаштан 18 жашка чейин өткөөл курактын ар кандай этаптарынан өтөт. Айрым учурларда бул мезгил 19–20 жашка чейин уланышы мүмкүн. Бул баланын физиологиясына жана ден- соолугуна байланыштуу.Бул учурда бала өтө ачык, агрессивдүү болуп кетиши же тескерисинче, түнт болуп, өзүнө жабылып калышы мүмкүн. Мунун баарын эле психологиялык көйгөй катары кабыл албаш керек. Бул баланын кичинекей адамдан чоң адамга өтүшүн коштогон табигый өзгөрүүлөрдүн бири,” — деди Сатимбаева.Ошол эле учурда психологго кайрылуу баланын олуттуу психикалык оорусу бар дегенди билдирбейт. Адис өспүрүмгө өзүнүн эмоцияларын түшүнүүгө, аларды туура башкарууга жана күнүмдүк жашоодо кездешкен кыйынчылыктарды жеңүүгө жардам бере алат.Психолог Муратбекованын айтымында, акыркы жылдары ата-энелер балдарынын психологиялык абалына мурдагыдан көбүрөөк көңүл бура башташты. Мунун бир нече себеби бар.“Акыркы жылдары өспүрүмдөрдүн жана окуучулардын психологиялык абалына көңүл буруу кыйла күчөдү. Буга азыркы ата-энелердин, анын ичинде миграциянын таасирин башынан өткөргөн ата-энелердин тажрыйбасы да себеп болууда.
Башкача айтканда, айрым ата-энелер бала кезинде ата-энесинен алыста өсүп, мээримге жана камкордукка толук бөлөнбөй чоңоюшкан. Ошондуктан азыр алар өздөрү ала албай калган камкордук менен мээримди балдарына бе
Жаңылыктар түрмөгү
0