Кыргызстан проактивдүү саясат жүргүзүшү керек. Регионалдык хаб эмне берет?
19:05 21.09.2026 (Жаңыртылды: 14:57 24.09.2026)

© Фото / Асел Сыдыкова
Жазылуу
Хабдын негизги өзгөчөлүгү – товарларды ар кайсы жактан Кыргызстанга чогултуп, аларды ушул жерде консолидациялоо, иштетүү, кайра таңгактоо, сактоо жана башка кызматтарды көрсөтүү аркылуу киреше көрүү.
Президент өлкөнү 2030-жылга чейин регионалдык хабга айлантуу боюнча так максат койду. Азыркы учурда эл аралык геосаясий кырдаалды эске алсак, бул демилгени ишке ашыруу үчүн шарттар абдан ылайыктуу. Бул мүмкүнчүлүктү туура пайдаланып, ишке ашырууга дилгирлик керек. Мындай пикирин “Экономикалык панорама” уктуруусунда транспорт жана коммуникациялар министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Бекжан Рысмендеев билдирди.
“Регионалдык хаб дегенди жөн гана мамлекеттин аймагын транзит үчүн пайдалануу деп түшүнбөшүбүз керек. Хабдын негизги өзгөчөлүгү – товарларды ар кайсы багыттардан Кыргызстанга чогултуп, аларды улур жерде консолидациялоо, иштетүү, кайра таңгактоо, сактоо жана башка кызматтарды көрсөтүү аркылуу кошумча киреше табуу. Андан кийин даяр продукцияны башка мамлекеттерге бөлүштүрүп, Кыргызстанды белгилүү бир деңгээлде регионалдык дистрибуциялык борборго айландыруу мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Мындай модель өлкөнүн экономикасына түз таасирин тийгизет. Анткени бул жерде жөн гана товар өтүп кетпестен, логистика, кампа, кайра иштетүү, өндүрүш, соода жана башка кызмат көрсөтүү тармактары өнүгөт. Натыйжада жаңы ишканалар, жумуш орундары түзүлүп, инвестиция тартылат жана бюджетке түшүүчү киреше көбөйөт. Демек, регионалдык хаб түзүү — бул жөн гана транзиттик мүмкүнчүлүктү кеңейтүү эмес, Кыргызстанда товарга жана кызматка кошумча нарк жаратып, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө багытталган стратегиялык демилге”, — деди Рысмендеев.
Ал Кыргызстан реактивдүү саясат эмес, келечекке алдын ала кадам таштаган, көрөгөчтүк менен проактивдүү саясат жүргүзүшү керектигин кошумчалады.