https://sputnik.kg/20260923/1103848057.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргызстандыктарды куттуктап, кыргыз тилин заман талабына ылайык өнүктүрүп, аны... 23.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-23T11:00+0600
2026-09-23T11:00+0600
2026-09-23T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103847891_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_a966b4d6fc35f6fda64805ec8842ccee.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргызстандыктарды куттуктап, кыргыз тилин заман талабына ылайык өнүктүрүп, аны билимдин, илимдин, мамлекеттик башкаруунун жана жаңы технологиялардын тилине айландыруу зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди.Мамкатчы мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана анын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи. Анын ичинде тил мыйзамдарын өркүндөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тил билүү деңгээлин жогорулатуу, мамлекеттик органдарда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү кеңейтүү боюнча чаралар көрүлүүдө.Ошондой эле тил саясатынын маанилүү багыттарынын бири катары кыргыз тилин санарип мейкиндикте өнүктүрүүнү атады. Бул багытта электрондук платформалар, аудио-видеоматериалдар жана тармактык сөздүктөр иштелип чыгып, түрдүү платформалар ишке киргизилүүдө. Кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүү боюнча да иштер жүргүзүлүп жатат.Койчиев кыргыз тилин заманбап коммуникациялардын, билим берүүнүн жана интеллектуалдык өнүгүүнүн натыйжалуу куралына, илимий жана технологиялык ресурска айландыруу зарылдыгын кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөп, бир катар маселелерди көтөрдү.Алгач дүйнөлүк абалга токтолуп, айрым жерлерде болуп жаткан согуштар, гуманитардык кризис учурдагы эл аралык процесстердин татаалдыгын көрсөтүп, тынчтыкты, коопсуздукту, туруктуу өнүгүүнү бекемдөөгө багытталган өз ара аракеттерди талап кыларын белгиледи. Президент Кыргызстан диалогдун жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн күчүнө ишенген өлкө экенин кошумчалап, акыркы жылдары Борбор Азия мамлекеттер аралык татаал маселелерди тынчтык жолу менен чечүү жөндөмүн дүйнө жүзүнө көрсөтө алганын айтты.Өлкө башчысы уюмду реформалоо боюнча сунуштарын берди. Анын айтымында, БУУ түзүлгөндөн бери реформалоо аракети болуп, бирок бир катар кыйынчылыктар менен коштолуп келет."Ошондуктан эл аралык коомчулук күтүп турган реформа бул Коопсуздук кеңешинин курамын кеңейтүүдө 1 миллиарддан ашык эли бар Африка континентине эки орунду, ал эми Латын Америкасы континентине 1 орунду туруктуу түрдө берүү адилеттүүлүк болмок деп эсептейм. Азыр дүйнө өзгөрдү. Ошондуктан кээ бир өнүккөн мамлекеттер дагы Коопсуздук кеңешине мүчө болобуз деген ниеттери бар. Ал мамлекеттердин арыздарын да карап көрүү туура деген ойдомун", — деди Жапаров.
Владимир Зеленский Украина жаңжалын кышка чейин бүтүрүүгө ниеттенип жатат. Мындай билдирүүнү ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында АКШ президенти Дональд Трамп менен болгон жолугушуудан кийинки маалымат жыйында жасаганын РИА Новости жазды.Киев режиминин башчысы Россия менен сүйлөшүүгө жана АКШнын катышуусу менен үч тараптуу жолугушууга даяр экенин да бир нече ирет айткан."Үч тараптуу жолугушууга даярмын. Бул согушту бүтүрүүгө макул экенимди билдирет, мен чындап жаңжалды соңуна чыгарууга кызыкдармын", — деген ал.Зеленский менен Трамп шейшемби күнү Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында жолуккан. Сүйлөшүү 40 мүнөткө созулганы айтылды.Буга чейин АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусунан кийин көп нерсе анык болорун билдирген.
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнүнө карата кыргызстандыктарды куттуктап, кыргыз тилин заман талабына ылайык өнүктүрүп, аны билимдин, илимдин, мамлекеттик башкаруунун жана жаңы технологиялардын тилине айландыруу зарылдыгын белгиледи. Бул тууралуу "Ынтымак ордо" билдирди.Мамкатчы мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана анын колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи. Анын ичинде тил мыйзамдарын өркүндөтүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тил билүү деңгээлин жогорулатуу, мамлекеттик органдарда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүүнү кеңейтүү боюнча чаралар көрүлүүдө.Ошондой эле тил саясатынын маанилүү багыттарынын бири катары кыргыз тилин санарип мейкиндикте өнүктүрүүнү атады. Бул багытта электрондук платформалар, аудио-видеоматериалдар жана тармактык сөздүктөр иштелип чыгып, түрдүү платформалар ишке киргизилүүдө. Кыргыз тилинин улуттук корпусун түзүү боюнча да иштер жүргүзүлүп жатат.Койчиев кыргыз тилин заманбап коммуникациялардын, билим берүүнүн жана интеллектуалдык өнүгүүнүн натыйжалуу куралына, илимий жана технологиялык ресурска айландыруу зарылдыгын кошумчалады.Президент Садыр Жапаров 22-сентябрда, Нью-Йорк шаарында (АКШ) БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөп, бир катар маселелерди көтөрдү.Алгач дүйнөлүк абалга токтолуп, айрым жерлерде болуп жаткан согуштар, гуманитардык кризис учурдагы эл аралык процесстердин татаалдыгын көрсөтүп, тынчтыкты, коопсуздукту, туруктуу өнүгүүнү бекемдөөгө багытталган өз ара аракеттерди талап кыларын белгиледи. Президент Кыргызстан диалогдун жана чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүүнүн күчүнө ишенген өлкө экенин кошумчалап, акыркы жылдары Борбор Азия мамлекеттер аралык татаал маселелерди тынчтык жолу менен чечүү жөндөмүн дүйнө жүзүнө көрсөтө алганын айтты.Өлкө башчысы уюмду реформалоо боюнча сунуштарын берди. Анын айтымында, БУУ түзүлгөндөн бери реформалоо аракети болуп, бирок бир катар кыйынчылыктар менен коштолуп келет."Ошондуктан эл аралык коомчулук күтүп турган реформа бул Коопсуздук кеңешинин курамын кеңейтүүдө 1 миллиарддан ашык эли бар Африка континентине эки орунду, ал эми Латын Америкасы континентине 1 орунду туруктуу түрдө берүү адилеттүүлүк болмок деп эсептейм. Азыр дүйнө өзгөрдү. Ошондуктан кээ бир өнүккөн мамлекеттер дагы Коопсуздук кеңешине мүчө болобуз деген ниеттери бар. Ал мамлекеттердин арыздарын да карап көрүү туура деген ойдомун", — деди Жапаров. Владимир Зеленский Украина жаңжалын кышка чейин бүтүрүүгө ниеттенип жатат. Мындай билдирүүнү ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында АКШ президенти Дональд Трамп менен болгон жолугушуудан кийинки маалымат жыйында жасаганын РИА Новости жазды.Киев режиминин башчысы Россия менен сүйлөшүүгө жана АКШнын катышуусу менен үч тараптуу жолугушууга даяр экенин да бир нече ирет айткан."Үч тараптуу жолугушууга даярмын. Бул согушту бүтүрүүгө макул экенимди билдирет, мен чындап жаңжалды соңуна чыгарууга кызыкдармын", — деген ал.Зеленский менен Трамп шейшемби күнү Нью-Йоркто өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында жолуккан. Сүйлөшүү 40 мүнөткө созулганы айтылды.Буга чейин АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Трамп менен Зеленскийдин жолугушуусунан кийин көп нерсе анык болорун билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/17/1103847891_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_163ffa1b4c7e463bb457cf3d53cc7ffe.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио