00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Snow Leopard Run: рекорд по участникам и изменения в маршруте забега
08:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстанда калк картаюу баскычына жакындап, төрөлүү көрсөткүчү төмөндөөдө
09:05
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Зачем Бишкеку децентрализация отопления?
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди колдоо үчүн кол топтоо жараяны "Түндүк" тиркемеси аркылуу өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.Маалыматка ылайык, тиркеме "Кол топтоо" системасы менен биргеликте иштейт. "Түндүк" шайлоочунун өздүгүн тастыктоо үчүн колдонулат."Электрондук форматка өтүү кол топтоо жана аны эсепке алуу жараянын автоматташтырууга, кагаз түрүндөгү документти азайтууга, убакытты үнөмдөөгө жана техникалык каталардын тобокелдигин төмөндөтүүгө шарт түзөт", — деп билдиришти БШКдан. Комиссия кошумчалагандай, талапкерлер чогулган колдордун саны тууралуу ыкчам маалымат алып тура алышат. БШКнын баамында, бул ошондой эле жараяндын ачык-айкындуулугун камсыздоого тийиш.
Ысык-Көлдө Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын чек ара ведомстволорунун өкүлдөрүнүн аймактык жолугушуусу башталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Маалымдалгандай, тараптар чек арадагы кырдаалды, буга чейинки иштин жыйынтыктарын жана мындан аркы кызматташуу багыттарын талкуулашты. Иш-чарага Чек ара кызматынын төрагасы Абдикарим Алимбаев, Казакстандын Чек ара кызматынын директору Ерлан Алдажуманов жана Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлеринин командачысынын биринчи орун басары Назрулло Хисайнзода катышууда. Жолугушууда кыргыз-казак жана кыргыз-тажик чек араларынын чектеш тилкелериндеги өз ара мамилеге өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар чек ара инциденттерин алдын алуу жана алардын күчөп кетишине жол бербөө боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулашты.Аймактык жолугушуу эртең да уланат.
Өлкөдө эттин баасын турукташтыруу жана ички рынокту мал менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча бир катар чаралар пландалууда. Экономика жана коммерция министрлиги товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын турукташтыруу боюнча ушул жана кийинки жылдарга иш-чаралар планын иштеп чыкты. Ага ылайык, Евразия экономикалык биримдигине кирген Казакстан, Россия, Беларустан кеминде 20 миң уй жана бука сатып алуу каралууда. Бул ички рынокту мал менен камсыз кылууну көбөйтүп, асыл тукум малдын үлүшүн жакшыртууга багытталган. Ошондой эле этти жана эт азыктарын ортомчуларсыз түз сатуу үчүн 100 соода түйүнүн ачуу пландалууда. Мындан тышкары, тоют базасын кеңейтүү үчүн жүгөрү аянттарын көбөйтүү, эки тоют заводун жана төрт жем сактоочу жай куруу, 10 миң баш малга ылайыкталган 200 короо-жай аянтчасын куруу жана 10 ири пилоттук мал чарбасын түзүү да каралган.
Энергетиктин айынан эл-жерин коргоого жарабай калып жатышат. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов аскерге чакырылгандардын көбүнүн ден соолугунда маселе бар экенин билдирдии.Эл өкүлү Коргоо министрлиги айрым облустарда болочок жоокерлердин 70-80 пайызынын саламаттыгы жайында эмес экенин маалымдап жатканына токтолгон.Депутат белгилегендей, дарыгерлер жаштардын ден соолугунун начарлашына алардын тамактануусу, анын ичинде энергетикалык суусундуктарды көп ичүүсү себеп болуп жатканын айтууда."Мурда энергетикалык суусундуктарды алыс жолго чыккан айдоочулар рулда уктап калбаш үчүн ичишчү. Азыр жаштар аларды кадимки тамак же суусундук сыяктуу эле дайыма ичип калышты. Мындан ашказан, боор, бөйрөк, жүрөк жабыркап, тахикардия пайда болууда. Көйгөйгө көңүл буруу керек", — деди Мамытов.
Жаңылыктар түрмөгү
0