00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
ШОС и ЕАЭС: что даст сотрудничество Кыргызстану?
18:07
21 мин
Тема дня
От банка к банку без выходных: как будет работать новая система платежей, разрабатываемая Нацбанком?
18:30
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик”: Кыргызстан өзүнүн уңгужолун таптыбы?
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир адамдан жылына 260 кг таштанды: Кыргызстанда калдыктарды башкаруу кандай өзгөрөт?
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
12 жылдык билим берүү системасынын алкагында келечекте 1-2-класстардын окуу программасы кайра каралып чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу Агартуу министрлигине караштуу Педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун директору Алмазбек Токтомаметов билдирди.Анын айтымында, жаңы системага өтүүдө кыйынчылыктар жараларын министрлик билген.Адис 1-2-класстардын окуу программасын кайрадан карап чыгуу керектигин белгиледи."1-класстагы бала мектепте окуу эмес, социалдашып, өзүн таанып, эл менен мамиле курганды үйрөнүшү керек. Бала эмоционалдык жактан эркин болушу керек эле, тилекке каршы, бүгүнкү окуу программасында мүчүлүштүктөр бар. 2-класстын материалдары дагы оорураак болуп калды. Эми эксперттер чогулуп, баарын тыкыр анализдеп чыгышыбыз керек", — деп кошумчалады ал.Буга чейин соцтармактарда ата-энелер 2-класска отургандар кайрадан 1-класстын программасын өтүп жатканына нааразы болуп чыгышкан.
Кыргызстанда мунай иштетүүчү завод куруу жана мунай продуктуларын жеткирүү боюнча Кытайдын ири мунай-газ компаниялары менен бир катар долбоорлор талкууланды. Маселелер министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эрлист Акунбековдун Пекинге болгон иш сапарынын алкагында каралганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.Маалымдалгандай, Акунбеков Улуттук мунай-газ корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы Дай Хоулян, ошондой эле Мунай жана химиялык корпорациянын директорлор кеңешинин төрагасы Хоу Цицзюн менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.Тараптар Кыргызстанда мунай иштетүүчү завод куруу, кен издөө жана өздөштүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда мунай түтүгүн куруу боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууну талкуулашкан.Мындан тышкары, логистикалык чыгымдарды азайтуу үчүн "Эркеч-Там" жана "Торугарт" өткөрмө пунктуларына жакын жерде мунай сактоочу жайларды куруу мүмкүнчүлүгү каралып жатканы кошумчаланды.
Балдар күрөк, кыздар шыпыргы кармаганды билбейт. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Советбек Рустамбек уулу жогорку класстын окуучуларын жана студенттерди ишембиликке чыгарууга чакырды.Эл өкүлү муну ага Ноокат районунун мугалимдери айтканын билдирди."Мугалимдер мурдагыдай эле 10–11-класстын окуучуларын ишембиликке тартса жакшы болмок дешүүдө. Окуучулар бош эле жүрүшөт дейт. Шаар жеринде балдар күрөк кармаганды, кыздар шыпыргы кармаганды билбей калыптыр. Окуучуларды жана студенттерди ишембиликке же коомдук иштерге тарткандан эч нерсе деле болбойт", — деген эл өкүлү.
АКШ президенти Дональд Трамп КЭР лидери Си Цзиньпинди Эндрюс авиабазасынан тосуп чыгып, 60 жылдан бери сакталып келе жаткан протоколдон четтей турганын Financial Times жазды."Бул Жон Кеннеди менен Англия премьери Гарольд Макмилландын 1962-жылкы жолугушуусунан кийинки АКШнын Жогорку башкы командачысы дүйнөлүк лидерди өзү тосуп алган биринчи учур болуп калат", — деп айтылат макалада. Гезит мындай кадам терең сый-урматтын да белгиси болорун кошумчалаган.Трамп дүйнөлүк державанын жетекчисин биринчи жолу тосуп алып жаткан жок. 2025-жылдын августунда Анкориджде Россия президенти Владимир Путинди каршы алган.Си Цзиньпин АКШда 23-сентябрдан 25-сентябрга чейин болот. Бул — анын 11 жылдан берки биринчи сапары.
Жаңылыктар түрмөгү
0